Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Күйүүчү майдын наркынын чукул көтөрүлгөн себептери жөнүндө Кыргызнефтетрейдерлер бирикмесинин төрагасы Базарбай Мамбетов ой-пикир бөлүшөт.

-Базарбай мырза, күйүүчү майга, өзгөчө бензинге баа көтөрүлүп кетти. Анын себеби эмнеде?

- Азыркы Кыргызстандагы нефтебазарынын баасы дагы деле туруктуу болбой жатат. Орусиядан дүң баа менен келип жаткан күйүүчү майлардын баасы июль, август айында кескин жогорулап кеткенине карата азыр август, сентябрдын башында биз 80, 93, 96 маркасындагы бензинге бааны эки жарым сомдон 3 сомго чейин бир литрине көбөйттүк. Эгерде былтыр август айында 80 маркасындагы бензиндин баасы 30 сом болсо, азыр 24 сом. Былтыр 93 маркасындагы бензиндин баасы 33 сомго чейин көтөрүлгөн, азыр 27 сом болуп турат. Былтыр август айында дизелдик күйүүчү майдын баасы 38 сом болсо, азыр 22 сом болуп турат.

-Бирок былтыр нефтиге дүйнөлүк рыноктогу баасынын бир барели 170 болсо, азыр 70 доллардын тегерегинде да?

- Ошондой ылдый түшүп секирип туруунун кесепети бизге дайыма тийип турат да. Былтыркы болгондон аябай кескин түрдө жыйынтык жасап, Орусия быйыл өзүнчө дүйнөдөгү рынокко байланышпаган саясатты жүргүзүп, экспортко кетип аткан нефти, күйүүчү майлардын баасын кескин түрдө көтөрдү эле.

Январь айы менен салыштырганда Орусиядан азыр келип жаткан бензиндердин дүң баасы үч эсеге чейин көтөрүлүп кетти. Биз бирок Кыргызстандагы сатык баасын үч эсе көтөрө албайбыз. Себеби бизде социалдык милдетибиз да бар элдин алдында. Ошого карабай биз минималдуу пайда менен иштеп, ушул бааны азыр кармап турабыз.

-Өлкөнүн түндүгүнө караганда түштүгүндө бензин бир нече сомго кымбат. Мындай айырмачылыктын себеби эмнеде?

- Түштүктөгү рыноктун 80 пайызы дайыма контрабанда менен иштеп келишкен. Азыр түштүккө дагы Орусиядан келип аткан бензиндин көлөмү кескин түрдө азайганына байланыштуу, ал жерде суроо-талап көбөйүп, ошол бааны көтөрүүгө мажбур кылды.

-Базарбай мырза, өткөн айда Хакасиядагы Саян-Шуша ГЭСинде кырсык болду. Андай кырсык болуу коркунучу бизде канчалык? Саян-Шуша ГЭСинин жабдуулары 85% эскирип бүткөнүн Россиянын Эсеп палатасынын төрагасы Сергей Степашин билдирди. Бизде абал кандай?

- Хакасиядагы Саян-Шуша ГЭСиндеги болгон техногендик авариянын түздөн-түз биздин Нарындагы Токтогул каскадындагы ГЭСтерге тиешеси бар деп ойлом. Себеби Саян-Шуша ГЭСи 78-жылы, Токтогул ГЭСи 74-жылы эксплуатацияга берилиптир. Анан калса дагы булардын труба агрегаттары, турбиналары Ленинграддагы "Силовые машины" деген бир заводдон чыгарылган.

Эң негизги себеби - тетиктердин эскиргени 35 жылдан бери, экинчиси - стабилдүү иштетпей, бир сутканын ичинде бир көбөйтүп, бир ылдыйлатып турганын себептери аварияга алып келди. Биздин мамлекетти башкарган чиновниктерибиз, электростанциянын адамдары дагы оперативдүү режимде Саян-Шуша ГЭСиндеги болгон авариядан кийин биздин Токтогул каскадындагы ГЭСтерин дагы текшерип чыкты го деп ойлойм.

Бирок биз коомчулук 35 жылдан бери иштеп жаткан Токтогул ГЭСинин ушул аранын ичинде бир дагы турбинасын, бир дагы гидроагрегатын алмаштырды деген маалымат алган эмеспиз. Ошого карата ошол коркунучтардан кетиш үчүн биз чечкиндүү чара колдонуп, биздин ушундай стратегиялык объектерге жакшылап мамиле кылат деген ойдомун.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG