Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Ок атуу боюнча эларалык спорттун чебери, Бээжин олимпиадасынын катышуучусу Руслан Исмаилов Кыргызстандан биринчи болуп Лондон олимпиадасына жолдомо алды. Дүйнө коомчулугунун көңүлүндө турган Лондон олимпиадасына үч жылдан ашуун убакыт бар.

Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн чек ара кызматынын старшинасы, мерген Руслан Исмаилов Кытайда өткөн ок атуу боюнча дүйнө кубогунун этаптык мелдешинде 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиаданын таламдарын аткарды. Ал мылтык атууда мүмкүн болгон 600 упайдан 592 упай алуу менен Лондон олимпиадасына катышуу үчүн биринчи жолдомону жеңип алган.

-Былтыр Русланга эл аралык үлгүдөгү немистердин “Валтер” атуу эки мылтыгын 4 миң еврого сатып бергенбиз. Ошондон бери чеберчилиги жогорулап, эл аралык аренада тааныла баштады. Баралына келгенде Лондон олимпиадасында дагы мөрөй алып калуусу мүмкүн,-деди Олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбеков.

Русландын атасы Тахир Исмаилов да Кыргызстанды Азияга, союзга, дүйнөгө тааныткан мерген. Апасы Марина да ок атуу спортунун чебери. Мерген жубайлардын уулу Руслан 1986-жылы 22-ноябрда Бишкекте төрөлгөн.

Анда атасы Тахир Исмаилов СССРдин чегара кызматында иштечү. Кийин үйбүлөсү менен Нарын облустук чегара бөлүгүнө которулуп, Нарын шаарында жашап калат. Руслан Нарында чоңоюп, Чкалов атындагы №2 орто мектептен билим алат.

Алар 1997-жылы Бишкекке көчүп келишкен. Русландын атасы Нарында кызмат өтөп жүргөндө эле ок атуу боюнча эл аралык мелдештерге катышып, Кыргызстандын чемпиондугун бир нече ирет жеңип алган.

Бээжин олимпиадасынын катышуучусу Руслан Исмаилов 2001-жылдан баштап ок атуу спортунун сырын, мылтык атуунун ыкмаларын үйрөнүп, машыгып баштаган.

Алгач Казакстандын ачык биринчилигине катышып, баш байгени утуп, Казакстандын чемпиону болгон. Ал эл аралык спорт чебери деген ардактуу наамдын ээси.

2003-жылы он алты жашында жаштар арасында Борбор Азия биринчилигинде алтын медаль тагынып, арбын упай топтоо менен адистердин көңүлүн бурат.

Ошондон бери Шериктеш өлкөлөрдүн чемпионат, биринчиликтеринде, эларалык мелдештерден Руслан куру кол келе элек.

2012-жылкы Лондон олимпиадасында өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүңдү, даярдыгыңды кандай баалайсың? Мөрөй алууга күч-кубат, даярдыгың жетеби? - деп Русландан сураганда ал “Азаттыкка” мындайча жооп узатты:

-Бишкектеги Фучик паркыбыздагы тирдин абалы киши ыйлаарлык. Кышкысын суук, жайкысын электр жарыгы тез-тез өчүп, машыгууга деле шарт жок. Чет өлкөлөрдөн машыгууга жетиштүү каражат бөлүнбөйт. Чынында өз мүмкүнчүлүктөрүмдү баалоо эртелик кылат. Лондон олимпиадасына үзбөй машыгып, жакшы даярдык көрүү керек. Менин да эң башкы максатым - жердешибиз Александр Мелентьевдей олимпиада чемпиону болуу.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, Руслан Исмаиловдун Лондон олимпиадасына жолдомо алганына кубануу эртелик кылат. Себеби бул жолдомону дагы бекемдеп үч жыл аралыгында дагы дүйнө, Азия биринчиликтеринде, Азия оюндарында байгелүү орунга ээ болуусу керек:

-Кыргыздар мергенчиликти көңүл ачуунун бир түрү эмес, өнөр, кандан өткөн касиет катары карап келишкен. "Мылтыктын анты болот" деп, курал-жаракты да өзгөчө кастарлап, этият урунушкан. Бирок элибизден эчен көзгө атаар мерген чыкса да, учурда ок атуу спортуна кызыгуу солгун.

Кыргыз спорт тарыхында 1980-жылы Москва олимпиадасында алтын медаль утуп, олимпиада чемпиону болгон Александр Мелентьевди анык көзгө атаар мерген, рекордчу десек, жарашат. Дүйнө рекордчусу Вячеслав Бочкарев, Азия чемпиондору Юрий Ломов, Юрий Мелентьев, Андрей Бабченко жана башка жигиттер чыккан.

Ал эми жашынан мерген катары таанылып, Азиялык, дүйнөлүк адистердин көңүлүн бурган кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов Лондон олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоо үчүн дагы бир нече эл аралык мелдештерден сындан өтүүсү зарыл.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG