Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Эми акыйкатчы жана анын орун басарларынын жоопкерчилиги да, укугу да күчөтүлөт. Орун басарлар акыйкатчы сыяктуу эле кол тийбестик мандатка ээ болуп, депутаттар алдында ант берип, 5 жылдык мөөнөт менен шайланышат. Мындай өзгөрүүлөр “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамга киргизилгени жатат.

“Акыйкатчы тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгесин депутат Алишер Мамасалиев көтөрүүдө. Ал өзгөрүүлөрдүн бири катары орун басарлардын бирин аялдар өкүлүн коюуну сунуш кылууда.
Негизинен акыйкатчы нааразычылыгын безилдеп эле айтып атат, бирок мыйзамдын ишке ашышында кичине проблема болуп жатат.


- Мыйзамда акыйкатчынын орун басарларынын мөөнөтү тууралуу атайын берене жок экен. Конкреттүү түрдө беш жылдык мөөнөттү киргизип жатабыз. Андан сырткары орун басарларга кол тийбестик берилген, жаңы мыйзамга ылайык алар депутаттардын алдында ант бериши керек. Муну менен Акыйкатчы институтунун жетекчилеринин жоопкерчилигин көбөйтүп жатабыз.

Кыл көпүрөдөн өтүү санаасы

Парламенттин этика жана регламент комитететинде Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев акыйкатчынын жылдык отчету канааттандырарлык болбосо, аны орун басарлары менен кошуп, мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууну сунуштаган. Анын айтуусунда, бул орун басарлардын жоопкерчилигин көтөрмөк. Акыйкатчы бир жылда бир жолу депутаттарга институттун ишмердүүлүгү туурасында маалымат берет.

- Чындап айтканда, Акыйкатчы институтуна Жогорку Кеңеш, өкмөт көп көңүл бурбай жатабыз. Биз аны чечкиндүү орган кылганга аракет кылып, ошого жетишишибиз зарыл. Анын чечимдерин башка мамлекеттик органдар да сөзсүз, милдеттүү түрдө аткарыш керек деген формада мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Негизинен акыйкатчы нааразычылыгын безилдеп эле айтып атат, бирок мыйзамдын ишке ашышында кичине проблема болуп жатат.

Көз каранды... эмес

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Турсунбек Акун өзү да “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамдын кемчиликтери бар экенин, дал ошол кемчиликтер институттун иштешине тоскоол болуп жатканын билдирди. Турсунбек мырза алардын бири катары акыйкатчынын депутаттарга көз карандылыгын белгиледи.
Жаңы мыйзамга ылайык акыйкатчынын берген жылдык маалыматына Жогорку Кеңеш баа бербейт жана аны кызматтан кетирүүгө укугу жок.


- Биз көп кемчиликтерди, адам укуктарын тепселеген фактыларды маалымат каражаттары аркылуу элге, коомчулукка жеткирип атабыз. Бирок кээде ошол бойдон аткарылбай калууда. Анткени мамлекеттик органдар маани бербейт, аларга карата чара колдонуунун механизми иштелип чыккан эмес. Андан сырткары акыйкатчынын берген жылдык маалыматы парламентте кабыл алынбай калса, акыйкатчы убактылуу комиссиянын чечими менен кызматтан кетиш керек. Мунун өзү биздин парламентке көз каранды экенибизди көрсөтүп жатат.

Ушул эле маселе парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетте да каралды. Анда “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамдын 7-беренеси алынып салынмай болду. Демек жаңы мыйзамга ылайык акыйкатчынын берген жылдык маалыматына Жогорку Кеңеш баа бербейт жана аны кызматтан кетирүүгө укугу жок. Бул деген Акыйкатчы институту парламентке көз каранды эмес дегендик. “Акыйкатчы тууралуу” мыйзам долбоору жакынкы күндө жалпы отурумга чыгарылмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG