Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Э. Өмүралиев: Бааны көтөрүүнү этап-этап менен жүргүзүү керек


Мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиевдин оюнча, электр жана жылуулук кубатына жаңы жылдан тарта кымбаттаган тарифтерди карапайым калк көтөрө албайт, натыйжада энергетикалык ишканалардын карыздары дагы көбөйүшү мүмкүн.

- Эсенгул мырза, энергетика жана жылуулукка баанын көтөрүлүшү болуп атат, бул канчалык негиздүү деп эсептейсиз сиз?

- Баа көтөрүлүшү керек, себеби энергетика дагы модернизация болуш керек, жабдуулар алмашышы керек, ремонт болуш керек дегендей. Бирок буларды этап-этап менен акырын акырын көтөрүш керек.

- Калк азыркы көтөрүлүп жаткан бааларды көтөрө алабы?

- Эл көтөрө албайт, албетте, элге оор. Муну азыр айтыш кыйын, 1-январда киргенден кийин бир-эки ай өткөндө билинет да, канчасы көтөрөт, канчасы көтөрө албайт.

- Ушунун айынан төлөбөгөн адамдар көбөйүп, энергетикалык ишканалардын дебитордук карыздары кайрадан көбөйөт деген да маалымат бар. Ушул да мүмкүнбү?

- Мүмкүн.

- Дегеле ушул энергетика ишканаларын акча топтоп анан модернизация кылабыз деген сөз болуп атпайбы. Бул модернизациялоону өкмөт жүргүзүш керекпи, же Өнүктүрүү фонду жүргүзүш керекпи?

- Энергетика бул өзүн өзү каржылай турган эле ишкана. Илгери Кыргызглавэнерго деген эксплуатация кылып, акчасын жыйнап, ошонун эсебинен жаны станциялар курулуп, мурункуларын ремонттоп, даярдап турчу да. Азыр эми энергетика тармагын инвесторлор өзүнө алса, анда ошолор иш алып барышы керек. Өкмөттүн колунан келбейт, бюджетте андай акча жок, алар менен иш алып барганга.

- Эсенгул мырза, бизде Кыргызстанда эң эле бир бюджетке оорчулук келтирген, ошол эле учурда энергетика ишканаларына да оорчулук алып келген бул Бишкек ТЭЦи деп айтылып келген. Ушундай учурда өзүн өзү актоо деңгээлине баа көтөрүлгөндөн кийин өздүк наркы өтө төмөн турган электр энергиясына бааларды көтөрүү канчалык зарыл эле?

- ТЭЦтики кымбат, жылуулук кубаты да, электр кубаты да кымбат. Ал өзүн өзү акташ үчүн анын баасын аябай эле көтөрүш керек. Менимче ал азыр дотацияда кала берет го.

- Эки жарым миң сомго чыкканда бир гикокалорий, ошондо он эсеге көтөрүлгөндө өзүн өзү актайт деп экономисттер да белгилеген. Ошол деңгээлге чыгып атпайбызбы?

- Акташы мүмкүн. Мен анын ички кухнясын, өздүк наркы канча экенин жакшы билбейм. Эгерде ошондой болуп өзүн өзү актайт десе, демек эсептөөлөрү бар болсо керек.

- Ушул баалардын өсүшү менен инвесторлор келет деп өкмөт айтып жатат, бул үмүт акталабы?

- Эгерде инвестор келип бул жерге, анан биз энергетикалык көз карандылыктан кетебиз деп атабыз, түндүктөн түштүккө Датка-Кемин деген пятисотканы курабыз деп атабыз. Ага чоң акча керек. Ал акчаны тартыш үчүн инвестор шарт коюшу мүмкүн. Эгерде биз келе турган болсок, бизге акчабызды кайрып алыш үчүн электр энергия бересиздер, анын баасы мынчадан болсун деп сурашы ыктымал.

- Чоң рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG