Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Сузакта жанын кыйган окуучунун өлүмүн милиция иликтей баштады


Шерзаттын каты.
Шерзаттын каты.

Жалал-Абаддын Сузак районунда асынып алган 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбековдун өлүмүн милиция иликтөөгө киришти. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, райондук ички иштер бөлүмү жакын арада окуянын чоо-жайын иликтеп чыгат. Ошондой эле баланы кармап, ата-энесин катыштырбай суракка алган милиционерлердин аракетинин мыйзамдуулугу да каралат.

15 жаштагы Шерзат Алимбеков 23-октябрда асынып алган. Аны айылдаш баланын 10 миң сомун уурдоого шектеп милиция кармап, туугандары акчаны төлөгөн. Маркум жазып калтырган катта уурулук кылбаганын, акча жоготкон адам сабап, андан соң милициядагы сурактан улам мойнуна алганы белгиленген.

Шерзат Алимжанов катында Орусияда иштеп жаткан апасын көрө албай калганына өкүнүчүн да баяндаган.

XS
SM
MD
LG