Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Ө. Абдырахманов: Эски режимдин калдыктарынан чечкиндүү тазаланалы


К. Бакиевдин бийлиги тушунда АКШга убактылуу кетүүгө мажбур болгон ишкер Өмүрбек Абдырахманов эски бийликтин убагында чоң кызматтарда иштеп, үй-бүлөлүк башкарууга аралашып, авторитардык режимди чыңдоого салым кошкондорду беш-он жыл мамлекеттик кызматка алууга тыюу салган мыйзам кабыл алуу сунушун көтөрүүдө.


“Азаттык”: Сиз дагы эле АКШдасызбы, кайсы шаардасыз?

Өмүрбек Абдырахманов: Мен Американын Шарлот деген шаарында бир жарым жылдан бери жашап атам.

“Азаттык”: Кыргызстанга качан келесиз?

Өмүрбек Абдырахманов:
Кыргызстанга жакында, буюрса, келебиз. Анткени Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин биз дагы аябай сүйүндүк. Бул жакта дагы бир жарым жылда майда-чүйдө тамыр жайып, балдарды окутуп, үй-жайлуу болуп оокат кыла баштаганбыз. Эми ошолордун баарын жыйнаштырып туруп барабыз.

“Азаттык”: Жакында эле сиз люстрация жөнүндө мыйзамды, кыргызчага которгондо курмандыкка чалуу аркылуу тазалоону референдумга коюну сунуштап жатасыз. Мунун бүгүнкү күндө канчалык зарылчылыгы бар?

Өмүрбек Абдырахманов: Бул абдан зарыл нерсе. Анткени 90-жылдардагы Батыш Европадагы мурунку социалисттик мамлекеттер, Балтиканын мамлекеттери бардыгы ушул законду кабыл алышкан. Кабыл алгандан кийин мурдагы ошол репрессияларга, авторитардык бийликти орноткондордун баарына активдүү катышкан адамдарга 5 -10 жыл мамлекеттик ишке киргенге тыюу салып коюшкан. Биз дагы ошондой кылбасак, кыргыздар сымаптай болуп бир бийликтен экинчисине өткөнгө көнүп алышты.

Илгери комуннистерден келип Акаевдик бийликке өтүп кетишти эле, андан кийин Бакиевге, эми ошол эле кишилер жаңы бийликке өткөнү жатышат. Ошон үчүн биз мындай бир жыйынтык чыгарып тазаланып алышыбыз керек. Бул тазалануу деген аларды куугунтуктап жоопко тартуу эмес, болгону эл ошол кишилерге 10 жылга чейин ишеним көргөзбөйт деген сөз. Ал кишилер бизнес кылып же эс алып жүргөнгө толук акысы болот. Биз ошондой законду кабыл алсак жакшы болот эле.

“Азаттык”: Бул мыйзам жогорку кызматта отургандарга тиешелүүбү же аппаратта иштеген катардагы чиновниктерге тиешелүү болобу?

Өмүрбек Абдырахманов: Жок, аларга эч кандай тиешеси жок. Бул ошол системанын башында турган гана кишилерге тиешелүү. Маселен 85 кишинин жанын кыйып, миңден ашык кишини жарадар кылган жалаң эле Бакиев жана анын бир туугандары эмес. Аны жактап, мактап, ошону закондоштурган, ошолорго кошомат кылып, мыйзамга каршы иштерди жасашкан "Ак жол" партиясы жана парламенттеги өкүлдөрү, коммунисттердин өкүлдөрү жана өкмөт башчылары. Бул ошол убактагы министерство, ведомстволордун башчыларына да тиешелүү болот.

“Азаттык”: Учурда эл арасында убактылуу өкмөт кайрадан эле Акаев менен Бакиев бийлигиндеги адамдарды кызматка коюп жатат, кээ бир жерде жогорку билими жок адамдар дайындалууда деп нааразы болушууда. Ушудай баш аламандыкты болтурбоо үчүн эмне кылуу керек?

Өмүрбек Абдырахманов: Туура айтасыз, адамдар абдан көнүп алышты, улам бир бийликке кирип кетип атышат. Ошондуктан биз моралдык жактан тазаланышыбыз керек, антпесе улам эле кете беришет. Эми биз жаңы Конституцияны кабыл алсак, анда адамдар шайлоо аркылуу бийликке келишет дагы, жанагы сиз айтып аткан тааныштык, туугандык дегендер өзүнөн өзү жок болот.

XS
SM
MD
LG