Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:52

“Азаттык” энергетикалык коопсуздук маселеси боюнча «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кайрадан кепке тартты.

- Өзбекстан 1-декабрдан тарта Орто Азиядагы бирдиктүү энергетикалык системадан чыгаарын жарыялады. Мындай кадамга карай энергетикалык коопсуздукту кармоо боюнча даярдыктар көрүлгөн беле. Көрүлбөсө эмне үчүн мындай болуп калды?

- Кыргызстан орустун макалында айтылгандай, “чагылган чартылдамайынча, мужук чокунбайт” деген принцип менен жашап келе жатат. Биздин коопсуздук кызматтары, ошол эле Президенттин алдындагы Коопсуздук кеңеши акыркы төрт жылда бул багытта бир дагы маселени карап, ушул деңгээлге алып чыккан жок. Анын ордуна Коопсуздук кызматы саясий оппоненттерди аңдып, аларга провокация жасоо менен, жергиликтүү саясий активдердин үйлөрүнө барып коркутуу менен алек. Өзбекстан Сурхандарыяга өзүнүн зымын эки жыл тартты биздин көз алдыбызда.

- Демек бул эки жыл мурун эле дайын болгон?

- Эки жыл мурун эле дайын болгон. Ал эми Тажикстан Кытайдан кредит алып, бир ГЭСин куруп бүтүп, 300 миллион доллардан ашык каражат жумшап түндүк-түштүк деген зымын үч жыл тартты. Булар эмне тартып атат? Эртең базар, суу, жол талаш болот. Мына ошондо бири-бирибизге койгон кескин аргумент катары пайдаланса биз эмне кылабыз деп эч ким ойлонгон жок.

Кыргызстандын электр линияларын туюктоо эбактан коюлуп келаткан маселе. Акаевдин убагында эле Датка-Кемин деген долбоор түзүлгөн. Эмне үчүн кытайлар төрт жыл мурун бөлгөн кредиттен тажиктер гана 1 млрд. доллар алышты, биз эмне үчүн алып ошону кура алганыбыз жок. Азыр ГЭСибиз бар, аны эмне кыларыбызды билбей атабыз. Эгер өзбек туугандар өткөрбөй койсо Ош, Баткен Жалал-Абаттын электр энергиясын ала албайт. Ал эле эмес, Жалал-Абаттын бир бөлүгү, түндүк жагы таптакыр ала албайт.

- Ала турган болсо дагы ташыган кызмат үчүн көп акча төлөш керек болот ко?

- Өзбекстан айтып атат, биз тууган элбиз, туугандарды караңгыда калтыралбайбыз, бирок акчасын төлөп электр энергияңарды ташып алып кете бергиле деп атат. Бул дагы эбегейсиз көп акча. Мына өзүңүз көрүп атасыз, ГЭСтен чыккан электр энергиянын өздүк баасы 5 тыйын болсо, элге жеткириш үчүн жогорку чыңалуудагы, төмөнкү чыңалуудагы линия деп отуруп 2 сомго чейин жеткирип атат. Демек, биз өзүбүздүн электр энергияны алыш үчүн эми эл аралык тариф менен төлөп турабыз. Бул бүгүнкү бийликтин энергетикалык коопсуздук жөнүндө көз карашы жок экендиги, орусча айтканда "чагылган чартылдамайынча чокунбаган" көрүнүшү, эсине келбегендиги. Кыргыздарда жаман сөз бар: "тоок тууй турган маалда какылдайт" деген. Ошол кейипти кийип отурабыз.

- Тарифтердин көтөрүлүшү менен биздеги айыл чарбасына кандай таасир болот?

Тарифтердин көтөрүлүшүнүн кесепеттерин өкмөт эч нерседен көрбөй турат. Шаардыктардан гана бир аз чочулап, аларга бир аз компенсация беребиз деп атат. Бирок Кыргызстанда жүз миң гектардан ашык жер электр энергиясы менен сугарылат. Бул деген сөз 100 миң гектар жерди иштеткен он миңдеген үй-бүлөлөр, дээрлик райондор банкрот болуп, дасторконунда наны жок калат дегенди билдирет.

Электр энергиясы менен сугарыла турган жерлер Баткен облусунда көп. Бул деген коопсуздугу күчөп турган региондогу адамдар Ошко же Бишкекти көздөй жылат деген сөз. Мен 98-жылкы киргизген законум бар, ал закондо жазылган. Ал закон боюнча насос менен сугарылган жердеги дыйкан менен арык жерден сугарган дыйкандын сууга кеткен чыгашасы бирдей болуш керек деген принципти өкмөт карманыш керек. Ошондо гана ошол жерде дыйкандын мээнети кайтат. Тилекке каршы, өкмөт бул жөнүндө бир дагы ооз ачып койгон жок. Анткени Данияр андай адамдардын бар экендигин, алар кантип жашап атат, а адамдардын ал жерде турушу Кыргызстандын коопсуздук планына кандай пайдасы тиет, чек араны кимдер коргойт деген маселелерди ойлонгон жок.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG