Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Кыргызстанда рак ооруларына кабылгандардын саны өсүп, азыркы тапта 25 миң адамга жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын өз убагында дарыгерлерге кайрылбагандыгы дарттын күчөп, айыккыс абалга келишине себеп болууда.

Залалдуу шишик илдети же ракка чалдыккандарды кабыл алган Улуттук онкология борборунда учурда дартка даба издеп, дарыгерден шыпаа күткөн 360 адам дарыланып жатат.

Алардын бири жыныстык органдардын залалдуу шишигине кабылган токтогулдук Жүзүм Чарпашова эки айдан бери дарылоо курсунан өтүп келет. Орто жаштагы бул айым балээ ооруга мындан алты ай мурда чалдыккан. Операция жасатпастан химиялык терапиядан өткөн соң өзүн кыйла жакшы сезип калганын кубануу менен айтып отурду.

- Ой, бул оору билинбеген оору экен да. Тигил жактан катуу ооруп келдим. Өзүмө белгилери келди. Онкологияга келип көрүндүм. Поликлиникада анализ алып, ал чыккандан кийин химия терапия алдым. Аябай кыйналып келгем. Аппараттары, доктурлары жакшы экен. Жакшы болуп калдым. Болгону бир аппараттын ремонту дагы эле кечигип жатат. Эми дагы бир аздан кийин үйгө жөнөтөт экен. Бирок эки ай сайын убагында келип көрүнүп, доктурлардын айтканын кылып туруш керек экен.

"Азаттык": Бул ооруну качан байкап калдыңыз?


- Мен диагноз чыгып, УЗИге түшкөндө алты ай болуптур дешти, ооруга кабылганыма.


Улуттук онкология борборуна рак оорусунун мандеми менен жылына 5 миңге чукул адам кайрылат экен. Алардын сексен пайыздайы оору өтүшүп кеткенде гана дарыланууга келишет.

Экология таасирин тийгизүүдө

Учурда онкологиялык борбордо Кыргызстан боюнча 25 миңге жакын рак оорулуулары катталган. Бул залалдуу шишик дарттарынын ичинен ашказан жана өпкөнүн рагына чалдыккандар көптүк кылат. Аялдар көбүнесе сүт бездеринин, жыныстык органдардын рагынан жапа чегүүдө.

Накен Касиев
Улуттук онкологиялык борбордун башкы мүдүрү Накен Касиев акыркы жылдары рак ооруларына кабылгандардын саны көбөйгөнүн тастыктап, себебин мындайча түшүндүрүп берди:

- Мунун бирден бир себеби, жаратылыштагы, коомдогу өзгөрүүлөр болуп жатат. Мына стресс деген чоң бир түшүнүк бар. Мына бул дагы адамдын ден соолугуна тескери таасирин тийгизе турган нерсе. Экинчиден, Кыргызстандын экологиясы мурдагыдай болбой калды. Бул да рактын өсүшүнө алып келип жатат. Анан эми медицина кызматкерлеринин да менимче тиешеси бар. Себеби мурункудай өнөкөт оорулары менен ооруган оорулууларды көзөмөлдөп, дарылоо жагы бизде начарлап калгансыйт.

Дарыланууга көп каражат кетет

Рак оорусуна кабылгандар хирургия, нур жана химия терапия өңдүү үч даарылоо баскычынан өтүшөт. Адистер белгилегендей, илдеттин алгачкы стадияларында химия терапиясы менен ооруну ооздуктоого мүмкүн болууда. Ошол эле учурда химия терапиясынан өтүүгө, бул курсту толук бүткөрүүгө оорулуулардын бардыгынын эле каражаты жете бербейт.

Бир оорулууга химия терапиясынан өтүү үчүн орто эсеп менен 3 миң доллардан кем эмес акча керектелет. Каражат жоктугунан улам дарыгерлерге кайрыла албагандар да кездешет.

Улуттук онкология борборунун Ичеги шишик оорулары бөлүмүнүн дарыгери Нурлан Муканбетов билдиргендей, колунда жокторго оорукананын эсебинен жардам көрсөтүлөт. Акчанын тартыштыгы жана дарылардын кымбаттыгынан улам бардык муктаждарга көмөк көрсөтүү кыйынга турат:

- Кыргызстанда химия препараттарын башка Америка, Европадагыдай бекер берүүгө Кыргызстанда мүмкүнчүлүк жок. Ошол химия препараттардын бардыгын оорулар өздөрү сатып алышат. Азыркы мезгилде ошол жаңы чыгып жаткан химия дарыларынын баасы абдан кымбат.

Маалыматтарга ылайык, дүйнөдө залалдуу шишик дартына чалдыккандардын саны өсүп барат. Жыл сайын 6 миллион адам рак оорусуна чалдыгып келет. Бул илдет көбүнесе 50 жаштан өйдөкүлөрдө көп кездешет.

Кыргызстанда болсо бул ооруга чалдыккандардын саны жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийин эле экинчи орунда турат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча жыл сайын рак оорусуна кабылган 5 миңге жакын адамдын дарты аныкталып, алардын 43 пайыздан ашыгы бир жыл ичинде каза болот.
XS
SM
MD
LG