Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Украин башкы прокурору Вороненковдун өлүмү боюнча маалымат берди


Вороненков 23-мартта Киевде атып өлтүрүлдү
Вороненков 23-мартта Киевде атып өлтүрүлдү

Украина башкы прокурору Юрий Луценко 23-мартта Киевдеги экс-депутат Денис Вороненковдун өмүрүн алган атышуу боюнча кененирээк маалымат берди. Анын айтымында, Вороненков мойнуна, башына жана ичине тийген төрт октон ошол жерде жан берген. Ал эми жүрөк тушка ок жеген жансакчысы тирүү жана тергөө менен кызматташууда.

Кол салган адам ооруканада өлгөн. Атышуу болгон жерден 23 патрон жана ТТ тапанчасы табылган.

“Денис Вороненковду өлтүрүүнүн алдын ала версиясы – бул Януковичтин иши жана Орусия президентинин калкалоосу менен Орусия федералдык коопсуздук кызматы аралашкан контрабанда иши боюнча күбөнү өлтүрүү версиясы”, деди башкы прокурор Луценко.

Мурдараак украин президенти да бул ишке Орусияны айыптаган. Орусия бийлиги муну дароо четке кагып, депутаттын өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирди. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков “бул биздин тема эмес” деп комментарий берди. Ошондой эле “бул кол салуунун артында тургандар табыларына үмүттөнөбүз” деген Песков ТАСС агенттигине.

2011-2016-жылдары Орусия Мамдумасынын депутаты болгон Вороненков Крымды аннексиялаганы үчүн Орусияны сындап келген. Өзүнө каршы кылмыш иши ачылганда өткөн жылдын аягында Украинага көчүп кетип, украин жарандыгын алган болчу. Сотто ал Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичке каршы көрсөтмө берген.

XS
SM
MD
LG