Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңеши жумушчу топ сунуштаган жаңы концепцияны карай баштады.

7-сентябрдагы Бириккен элдик кыймылдын жыйыны жабык эшик артында өтүп, жумушчу топ тарабынан сунушталган үй-бүлөлүк башкарууга каршы концепция саясий кеңешке сунушталды. Анда бириккен оппозициянын радикал турумунун чыңдалышы да жазылган.

Бириккен элдик кыймылдын жумушчу тобу иштеп чыккан жаңы жобосунун негизги максаты бириккен оппозициянын үй-бүлөлүк башкарууну жоюу багытында калды. Бирок кадамдар оппозициянын мурдагы катачылыктарын кайра кетирбөөгө негизделген.

Жумушчу топтун төрагасы Азимбек Бекназаровдун баамында, буга чейин оппозиция легитимсиз деп атаган президенттин буйруктарына кайра эле баш ийип берүүнүн өзү БЭКтин жоболоруна туура келбейт:

- Биз азыр мурдагы позицияга барбайбыз деп турабыз. Мисалы, шайлоого катышуунун кереги барбы? Президентти, парламентти легитимсиз деп алып, Бакиев кайра парламенттик шайлоо өткөрөбүз деп калса, легитимсиз президенттин указын угуп шайлоого кайра катышып калуу коркунучу бар. Жалпы бойкотко чыгуу керекпи деген сунуштар бар. Кыйла радикалдуу сунуштар да бар.

БЭКтин негизги иш-чаралары орозо айынан кийинкиге калды. Ошондо Бириккен оппозиция мурдагыдай кыймыл же биримдиктин артында турбай, кандайдыр бир чоң жаңы саясий партиянын астында чыгууну пландаштырууда.

Бирок ага чейин БЭК 11-сентябрда Балыкчы шаарында өтө турган президенттик шайлоодо камалгандардын сотуна барып катышып, аларды колдоо боюнча жалпы өлкө боюнча нааразылык акциясын өткөрөт.

Деген менен сасий серепчилер оппозицияны бирдиктүү күч катары көрө албай жатат. Жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиевдин пикиринде, бириккен оппозиция “Бакиев кетсин!” дегени менен лидерлердин түпкү идеялары ар башка багытты көздөөдө:

- Эксперттик коомчулукта оппозициядан күткөн нерселер башкача. Оппозиция даяр, кандайдыр бир иш-аракеттерди аткара алса, суроолорго так жооп бере алса, бир жоопту көпчүлүк адамдар айта алса - бул оппозициянын биримдигин көрсөтөт эле. Азыр биздин укканыбыз “Бакиев жаман” деген эле сөз болбосо, башка идеяларда алардын пикирлери ар башка болуп жатат. Бул көпчүлүк учурда эксперттерди чочулатып, алардын ушул саясий күчкө болгон ишенимин артка кайтарууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG