Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

А. Атамбаев оппозициянын үмүтүн актайбы?


Алмаз Атамбаев БЭКтин талаптарын аткаруу үчүн башын сайып иштеп берерин айтып сөз берсе дагы ага ишенбегендер оппозициянын өз ичинен чыгып атат. Мисалы, БЭКтин акыркы жыйынына Ө. Текебаевдин тоң мамилеси, Темир Сариевдин Атамбаевдин талапкердигин колдобой коюшу буга далил. Ошондуктан Атамбаев оппозицияны бүт өзүнө тартыш үчүн дагы күч үрөшү керек. Бул жөнүндө саясат таануучу Кубан Абдымендин "Азаттыктагы" маегинде сөз болот.

- Сизге маалым Бириккен оппозиция көптөн күттүргөн бирдиктүү талапкерин кечээ жарыялады. Кандай деп ойлойсуз, оппозиция эмне үчүн Алмаз Атамбаевге токтолду? Эмне үчүн Өмүрбек Текебаевге, Бакыт Бешимовго же Темир Сариевге эмес?

- Мунун бир топ себеби бар болушу керек. Бирок ачыкка чыгарып талдап бере турган адамдар аз. Ошондуктан айтыш да кыйын болот. Ошондой болсо да оппозициянын узак талкуудан кийин чыгарган тыянагын үч себеп менен негиздеп көрөлү. Биринчиси, албетте, каржылоо - оппозициянын чоң маселеси. Ошондуктан негизги себеп каржыга байланыштуу. Бул жагынан Атамбаевдин капчыгы бош эмес окшойт. Экинчи себеби Атамбаев бийликтеги бийик эки орундун бирин аздыр-көптүр ээлеп туруп, бир топ тажрыйба топтогону белгилүү. Үчүнчүдөн болсо президенттикке оппозиция кимди көрсөтөт деп күтүп атканда БЭКтин 13 мүчөсүнүн 11и дал ушул Атамбаевди колдоп добуш беришти.

Бирок ошол эле мезгилде Атамбаевдин талапкер катары кемчилиги – 2007-жылкы митингдерден кийин күтүлбөгөн жерден оппозициядан бийликке өтүп, премьер-министр болгону азыркы шайлоочулардын дагы эле эсинде турат. Ушундай жол менен кетсе мындан кийинки иштер оппозициялык маанайда болбой калышы мүмкүн деген күмөн саноо да бар.

- Ушундан улам оппозициянын үмүтүн актай алабы деген суроо чыгат. Азыртан эле Атамбаев менен келишим түзүүгө бийлик кызыкдар экендиги тууралуу айтыла баштады?

- Мындай божомолдор эчактан эле айтылып келатат. Эл аралык серепчилердин айтымында Бириккен элдик кыймылдан талапкер кылып такыр эле башка адамды көрсөтүү аракети болуп, анан Атамбаевдин күтүүсүз жагдайда талапкердикке көрсөтүлүшү да элдин арасында ишеним кеткендигин кабарлайт.

Чынында эле Атамбаев БЭКтин талаптарын аткаруу үчүн баш-отум менен кирип иштеп берем деп сөз берсе дагы ишенбегендер өз ичинен чыгып атат. Мисалы, БЭКтин акыркы жыйынынга Текебаевдин мамилеси, көрүнүктүү саясатчылардын бири Темир Сариевдин Атамбаевдин талапкердигине кошулбай коюушу далил болуп атат. Ошондуктан Атамбаев оппозицияга толук иштеп берет деген ишеним бардык элде бирдей деп айтууга да болбойт.

- Кубан мырза, айтсаңыз, канткенде да бириккен оппозиция бир талапкерди чыгарды, алдыга кадам таштады дегендей. Эми ал жеңишке жетем деген дымагын ишке ашыруу үчүн кандай аракеттер керек?

- Үгүттөө маселесинде Атамбаевдин кадырын дагы көтөрө тургандай бир топ кадамдарга барышы керек. Пиар компаниялар, жолугушуулар аркылуу БЭКтин артындагы лидерлердин жактоочуларын өзүнө тарта алабы, ошондон көз каранды.

- Нааразылык акциялары кандай таасир этиши мүмкүн? Булар нааразылык акцияларын өткөрөбүз деп атышпайбы.

- Нааразылык акцияларын шайлоого байланыштуу өткөрөбүз десе, анда Атамбаевди колдой тургандар көбөйөт.

- Тактикалык жагы туура деңизчи?

-Тактикалык жагы бир жагынан туура. Экинчи жагынан нааразылыктын көбөйүшүнөн чарчап, саясаттан алыс болоюн дегендер да көбөйүп атат, өзгөчө азыр экономикалык абал курчуп турганда.

XS
SM
MD
LG