Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Декабрь - Кыргызстанда саясий акциялардын айы


Ала - Тоо аянтында кайрадан Бакиевге каршы ураандар жаңырабы?
Ала - Тоо аянтында кайрадан Бакиевге каршы ураандар жаңырабы?

Бир катар оппозициялык күчтөр декабрь айында бир нече нааразылык акцияларын уюштурууну көздөшүүдө. Мыйзам чыгаруучулар болсо мыйзамда көрсөтүлбөгөн жерлерде акция өткөрүүгө тыюу салынарын эскертүүдө.

Президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүүнү максат кылган Кыргызстан элдик революциялык кыймылы 20-декабрда Ала-Тоо аянтында акция өткөрөрүн кечээ Бишкек шаар бийлигине расмий маалымдады. Элдик кеңештин мүчөсү Эркин Бөлөкбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда мындай чечимди кыймыл Баш мыйзамга таянып кабыл алды:

- Мыйзамга каршы болбойт. Конституциянын 25-беренесине каршы болбойт. Биз кандай талаптар менен чыгарыбызды ачык айтып жатабыз.

Бөлөкбаев акция бийликке элге каршы саясат жүргүзүп жатат, азык-түлүк баасы өстү, энергетикалык кризис басты, адамдар жоголуп атат, жол кире кымбаттоодо деп доомат артып, президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетүүгө чакырарын билдирди. Анын айтымында акцияга 2–3 миң киши катышат деп күтүлүүдө.

Кыймылдын саясий кеңешинин курамында 2005-жылкы 24-март ыңкылабынын башында турган Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев өңдүү жоон топ саясатчы турат. Бекназаровдун билдиргенине караганда кыймыл март ыңкылабынын максаттарын аткарууну кайра башынан баштоо керек деп эсептеп, президент Бакиевди кетирмейинче экс-президент Акаевден мураска калган үй-бүлөлүк башкаруудан кутулуу мүмкүн эмес деген чечимге келген.

Революциялык кыймылдан айырмаланып Назарбек Нышановдун Кыргызстан патриоттук кыймылы президентти импичмент жолу менен кетирүү ою бар. Ал үчүн жетиштүү кол топтолгонун, декабрда импичмент талаптарын кое баштарын жарыялап жүрөт.

“ЭрК” партиясынын башчысы Турсунбай Бакир уулу менен мурдагы ыңкылапчы Нурлан Мотуевдун Мусулмандар кеңеши 16-декабрда Ошто президент айланасын “акаевчилерден” тазаласын деген талап менен чыгарын айтууда.

Бийлик менен оппозициянын ортосунда турабыз деп жаткан “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы да декабрда нааразылык акциясына чыгышы ыкмымал. Партиянын баш катчысы Исмаил Исаковдун катышуусунда өткөн Оштогу аймактык жыйын стратегиялык ишканаларды мамлекетке калтыруу, таза башкарууну камсыздоо өңдүү талаптарды коюп, жалпы акцияга чыгуу сунушу менен партиянын саясий кеңешине кайрылды.

Булардан айырмаланып бириккен оппозиция бийликке талабын 29-ноябрда элдик курултай аркылуу жеткирүүнү көздөөдө.

Оппозициянын акыркы аракеттерине бийлик жана аны жактаган саясий чөйрөлөр анчалык маани берген жери жок. Айрым саясатчылар таарынычын чыгаруу үчүн бийликке тап берип жаткандарды эл ээрчип чыгарына дегеле ишенишпейт. Эл ээрчип чыгарына ишенбегендердин бири “Курманжан датка” коомдук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева. Анын “Азаттыктын” суроосуна берген жообунда билдиргенине караганда, апрель митингдерине чыккан элге оппозициячыл саясатчылардын мамилеси алардын көңүлүн эчак эле кайт кылып койгон:

- Эл азыр мурдагыдай эмес. Биринчиден мурунку оппозицияда (2005-жылдын мартына чейинки – авт.) биримдик бар болчу. Экинчиден ошондой даражага жеткен үчүн эл көтөрүлгөн болчу. Азыр эл мындай кадамга барбайт. Бул менин жеке оюм, себеби, эл түшүндү да... Ошол акыркы апрель митингисинде аянттан элди кууганда ошол оппозициядагы лидерлердин баары качып кетип, жалгыз Сариев турду.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Кыргызстанда оппозицияда биримдик жок, алсыз деген көз карашты тутунат. Талдоочунун оюнда оппозиция өзүнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн социалдык жактан мукурап турган элди пайдаланышы толук ыктымал :

- Кыш катуу болсо, жарык жок болсо, кымбатчылык болсо, көмүр жок болсо эл чыгат да, аны ким токтотот, - дейт Бөрүбашев.

Бириккен оппозициянын курамындагы “Бириктүү Кыргызстан” кыймылынын мүчөсү Накен Касиевдин айтымында чынында эле элдин жагдайы жеңил эмес:

- Эл ээрчип чыгабы-чыкпайбы мен аны билбейм, бирок, элдин ахыбалы оор. Айрыкча энергетикада чатак болуп атат. Мен үч-төрт күн мурун айылга барып келдим. Жарыкты он эки саат өчүрүп коет экен, айрыкча түн ичинде өчүрүп коет экен. Таң аткыча тоңуп чыгышат экен. Караңгылык...

Касиев минтип отурса элдин таламын көздөп жазында бириккен оппозиция да бийликке нааразылыгын билдирип чыгышы мүмкүн дейт.

Анткен менен азырынча нааразылык акцияларын өткөрүүгө бийлик жол берер-бербеси бейдарек. Анткени, парламенттик шайлоодон бери шаар бийлигинин токтому менен, ал эми жайдан баштап “Жарандардын куралсыз тынч чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктары” жөнүндөгү мыйзамга таянган бийлик массалык акцияларды өткөрүүгө жол бербей келатат. Бул аралыкта нааразылык билдирип чыккан Төлөкан Исмаилова өңдүү бир катар укук коргоочулар административдик жазага тартылышканы да маалым.

“Жарандардын куралсыз тынч чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктары” жөнүндөгү мыйзамдын автору Искак Масалиевдин айтымында уруксат берилбеген жайларда, анын ичинде Борбордук Ала -Тоо аянтында нааразылык акцияларын өткөрүүгө мыйзам тыюу салат. Мунун тууралыгын жергиликтүү бийлик сот аркылуу далилдеп алышына мыйзам жол берет жана мыйзамды коргоо тартип коргоо кызматтарынын милдети дейт Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиев. Нааразылык акциясына даярданып жаткан оппозиция лидерлери болсо Кыргызстандын Баш мыйзамына ар бир жаран, анын ичинде бийлик төбөлдөрү да баш ийиши керек деп, акцияларга даярдыктарын улантышууда.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG