Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

БЭК Ынтымак Курултайына эмес, Элдик Курултайга барат


Ишембиде БЭКтин Улуттук Кеңеши жыйын курду. Анда Бириккен оппозиция өлкөнүн коомдук-саясий, экономикалык абалына баа берип, алдыдагы иш-пландарын тактады. БЭК Элдик Курултай өткөрүү жана Ынтымак Курултайына катышпоо чечимине келди.

Бириккен элдик кыймылдын Улуттук Кеңеши президенттик шайлоодон кийин алгачкы ирет чогулуп отурат. Мындай зарылдык учурдагы саясий кырдаалга байланыштырылды.

БЭКтин лидерлеринин ичинен мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун жагдайы, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган Аскер Сотунун аракеттери боюнча адвокат Азимбек Бекназаровдун маалыматы угулду. Исмаил Исаковдон тышкары камакта отургандыгына байланыштуу отурумга Аликбек Жекшенкулов (үй камагында), Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Улан Рыскулов катышкан жок. Дагы эки мүчө - социал-демократтар Бакыт Бешимов менен Кубанычбек Кадыров чет өлкөгө баш калкалап кетишкен.

Улуттук Кеңештин отурумда негизги баяндама жасаган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мамлекет саясий, экономикалык, руханий кризиске кириптер болду деп, муну азыркы бийликтин мыйзамга үстөмдүк кылуу, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу, коррупциялашуу көрүнүштөрү менен негиздеди. Саясатчынын баамында, азыркы бийлик экономиканы улуттун кызыкчылыгына эмес, чет элдик компаниялардын кызыкчылыгына буруп, менчиктештирип, сатып атат:


- Максим Бакиев башкарган агенттик Кыргызстандын бардык тармагын, анын ичинде бечара пенсионерлердин пенсия фондун да башкарабыз, ошондон пайда көрөбүз деп аракет кылып жатат, - деген оппозиция лидери Кыргызстандагы жагдайды мыйзам чегиндеги өжөр күрөш аркылуу жөнгө салууну каалайт:

- Өтө татаал схема түзүлдү. Саясий система мыйзам иштебегендиктен шал болду. Экономикабыз, каржыбыз жарга келип такалды.

Текебаев ушундай шартта президент Курманбек Бакиев башында турган азыркы бийлик анын саясатын эл колдойт деген маанайды түзүү максатында Ынтымак курултайын ойлоп тапты деди.

Оппозиция мындай курултайдан мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына төп келе турган майнап чыгат деп ойлобойт, ошондуктан, ага катышууга караманча-каршы. Ынтымак Курултайына катышуу тууралуу Мукар Чолпонбаев баштаган "Элдик Кеңештин" өкүлдөрүнүн сунушу жыйында колдоо тапкан жок. Мыйзамга каршы аракеттерди бийлик токтоткон шартта гана оппозиция кепке келиши керек дешти Улуттук Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү.

Улуттук Кеңеш оппозиция өз курултайын чакырып, элдин көйгөйүндөгү бардык маселени көтөрүшүн зарыл деп тапты. Бул демилгени БЭКтин бюросу мурдараак көтөрүп чыгып, камылгаларды баштаган.

Элдик Курултайды уюштуруучу комитеттин төрага орун басары Эмил Каптагаевдин маалымдаганына караганда, 17-мартка белгиленген Элдик Курултайга расмий бийликтин саясаты ынандыра албаган коомчулуктун бардык катмарларынын өкүлдөрү чакырылат:

- Биз элдик курултай өткөрүп, бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн ачык айтышыбыз керек. Ачык эле айтпастан өз тилектерибизди ишке ашырышы үчүн, элдин кызыкчылыгын ортого коюш үчүн ачык күрөшүү керек. Ошол демилге саясий бюродо каралган. Бул БЭКтин же ага кирген 20 уюмдун эле курултайы эмес, жалпы элдин курултайы болсун.

Улуттук Кеңеш өз отурумунда алдыдагы негизги максат – элдик курултай өткөрүү деп чечип, анын күн тартибине сунушталып жаткан төрт маселени тең колдоду. Ошентип Элдик Курултай тарифтердин көтөрүлүшүнө, стратегиялык объектилердин менчиктештирилишине, Конституциянын өзгөрүшүнө жана саясий репрессияга байланышкан маселелерди талкууламай болду.

- Мына ошол биз кабыргасынан койгон чоң маселелерге Бакиев даярдансын дагы, өзүнүн курултайынабы же элге кайрылабы – жооп берсин деп атабыз, - деди “Азаттыкка” БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев.

Президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен 23-мартта өтө турган Ынтымак Курултайынын уюштуруу комитети болсо 17-февралда саясий партияларды, оппозиция өкүлдөрүн курултайга чакырып, 2-мартка чейин катталууга мөөнөт берди. Муну уюштуруу комитетинин мүчөсү Сабырбек Аблесов саясий партиялар менен коомдук уюмдардын кайрылууларына байланыштырды:


- Уюштуруу комитетинин жыйынында карадык бул маселени. Анткени катышууну каалаган саясий партиялардан, бейөкмөт уюмдардан кайрылуулар көп болду да.

Айрым талдоочулар болсо бийликтин бул аракетин кеч жасалган кадам деп, оппозиция менен диалог аракетин биринчи күндөн баштабаганына өкүнүч билдиришүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG