Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

XI Элдик Курултайдын ЧЕЧИМИ


Президент К.Бакиевдин жоопкерчиликсиз ички жана тышкы саясаты өлкөбүздү толук бүлүнүү чегине жеткирди. 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын толкуну менен басып алынган бийлик өлкөнү талап-тоноого, элди карактоого толук иштетилип жатат.

Байлык топтоо үчүн жасалып жаткан жанталашкан аракеттер өлкөнүн эгемендүүлүгүнө коркунуч келтирүүдө. Кыргызстандын жалпы калкынын бакубат жашоосуна негиз боло турган улуттук байлыктар талоонго түшүп, четинен сатылып жатат.

Менчиктештирүүнүн шары менен кирешелүү ишканалар каракчылык менен басылып алынып, ошону менен бирге элдин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилүүдө. Президент К. Бакиев менен баласы Максимдин кыянаттыгынын натыйжасында Кыргызстан чет элдик мафия топторунун финансылык шумпайлыгына аралашып калды. Үйбүлөнүн акча-каражаттары боюнча кеңешчиси Евгений Гуревичке карата Италия бийлиги кылмыш ишин козгоп, эл аралык деңгээлде издөө салып отурат. Ошол эле Гуревич менен анын көп сандагы MGN Group сымал фирмалары Кыргызстандын байлыктары менен акча-каражаттарына жеке ээлик кылып, элдин көзөмөлүнөн сырткары башкарып келишпеди беле. Өлкөбүздү кандай кесепеттер күтүп турат эч ким билбейт. Балким ал шумпайлар Кыргызстанды эбак эле барчалап сатып жиберишкен чыгар, ал эми биз өзүбүздүн эркибизге каршы бирөөлөрдүн жеке менчигине өтүп кеткендирбиз?

Бийлик бул жөнүндө ооз ачкысы келбейт. Ошол себептен улам бийлик тарабынан “Азаттык” радиосу менен көз карандысыз интернет сайттары жабылып, “Форум” сыяктуу оппозициялык гезиттер камакка алынып сатыкка чыгарылбай жатат. Анткени бийликтеги үйбүлө өздөрүнүн жоруктары жөнүндө чындык маалымат элге жетип калат деп коркот, элдин каарынан коркот.

Элдик Курултай “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” жана “Кристалл” жана башка стратегиялык ишканаларынын сатылышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ошону менен бирге, мындан ары канча убакыт өткөнүнө, дагы канча колдон колго өтүп сатылганына карабастан, бул ишканаларды сатуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууга элдин толук укугу бар экендигин билдирет. Азыр сатып алгандар да, мындан кийинки сатып ала тургандар да ушуну так билиши керек, бул ишканалар жалпы улуттук менчик катары мамлекетке кайра кайтарылып алынат. Өлкөнүн жарандарынын басымдуу көпчүлүгүнүн пикири ушундай.

Элдик Курултай энергетика жана суу ресурстары, кен-байлыктар жана тоо-кен иштетүүчү ишканалар жалпы элдин энчисинде болуп, ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашашына кызмат кылууга тийиш деп эсептейт. Азыркы бийликтеги Бакиевдердин үйбүлөлүк кланына өлкөнү ыдыратып четинен сатууга, пайда табуу максатында электр энергиясына, жылуулукка жана суу менен камсыз кылууга тарифтерди жогорулатууга, элди жакырлантуу жолу менен кыргынга учуратууга эч ким укук берген эмес.

Элдик Курултайдын талаптары:


1. Электр энергиясына, жылуулукка, жылуу жана муздак суу менен камсыз кылууга коюлган жогорулатылган тарифтер, сугат сууга жана жайыттарды пайдаланууга жогорулатып чектелген төлөмдөр жокко чыгарылсын.

2. "Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелеком” ишканаларынын сатылышы мыйзамсыз деп табылып жокко чыгарылсын, энергетиканын башка объектилерин (“Ошэлектро”, “Жалалабад электро”, “Чыгыш электро” ж.б.) сатуу токтотулсун.

3. Генерал Исмаил Исаков, Эркин Булекбаев, Уран Рыскулов, Сагын Аргымбаев акталып, камактан бошотулсун, Балыкчы шаарынан жана Ноокат районунан жазыксыз соттолгондор акталсын, Аликбек Жекшенкулов менен Кубанычбек Кадыровду куугунтуктоо токтотулсун. Саясий репрессиялар менен террорго жол жок!

4. Конституцияга өзгөртүүлөр кайра кайтарылып алынсын, Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук Агенттик жана башка мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик органдар жоюлсун.

5. Бакиевдин балдары Максим менен Марат, биртуугандары Жаныш, Адыл жана Марат ээлеп турган мамлекеттик кызматтарынан бошотулсун, үйбүлөө мүчөлөрүнүн мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишине кийлигишүүсү токтотулсун.

6. Бакиевдердин үйбүлөсү жалдап алып келген чет элдик аферист Евгений Гуревичтин, анын шериктеринин, ага тиешелүү компаниялардын Кыргызстандагы ишмерлигин териштирүү үчүн оппозициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын комиссия түзүлсүн. Гуревич баш болгон шумпайлар өлкөнүн байлыктарын, акча-каражаттарын акыркы жылдарда эч көзөмөлсүз башкарып келгенинин кесепеттери аныкталсын.

7. Сөз эркиндиги жанан массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы калыбына келтирилсин, журналисттерди коркутуу, сабап кетүү токтотулсун, “Азаттык” радиосунун берүүлөрү бүтүндөй өлкөгө уктурулсун, көзкарандысыз интернет сайттарга чектөөлөр токтотулсун, мамлекеттик радио жана теле – каналдарда оппозициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө атайын убакыт бөлүнүп берилсин.

* * *Эл өз талаптарынын аткарылышын 2010-жылдын 24-мартына – Элдик революциянын күнүнө чейин күтөт.

Эгерде коюлган талаптар аткарылбай турган болсо ар бир аймакта эл бийлигин калыбына келтирүү маселесин чечүү максатында Элдик Курултайларды өткөрүүгө элдин конституциялык жактан толук укугу бар. Эгемендүүлүк менен бийликтин бирден бир ээси эл.

2010-жылдын 17-марты

XS
SM
MD
LG