Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Революциячылар Таласка баратышат


Элдик революциялык кыймылдын демилге тобу 18-ноябрда Таласта элдик жыйын өткөрүү чечимин чыгарды. Буга чейин революциялык кыймыл президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү максатын жарыялаган.

Мурдагы ыңкылапчы Азимбек Бекназаров башында турган Элдик революциялык кыймыл 15-октябрда негизделген. Уюмдун демилге тобунда мурдагы ыңкылапчылар Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков, Эркин Бөлөкбаев, Роза Нурматова, укук коргоочу Рамазан Дырылдаев бар. Бул уюм азыркы бийлик 2005-жылкы ыңкылаптын талаптарын аткарган жок деп, президент Курманбек Бакиевди ыңкылап жолу менен кетирип, убактылуу өкмөт түзүү, башкаруу формасын аныктоо, ошонун негизинде конституциялык реформа жасоо максатын алдыга коюуда. Кыймыл ыңкылаптын талаптарынын аткарылбай калышынан улам өлкөдө коррупциялык, үй-бүлөлүк башкаруу мурдагы бийликтен мурас болуп кала берди, аны оңдоо үчүн сөзсүз революциялык аракет керек дейт:

- Мен ачык эле айтайын, Баекова, Текебаев, Куловдор мыйзам талаасы менен кетебиз деп, мурдагы парламент, мурдагы система бүтүндөй сакталып калды да. Биз айтып атабыз чыныгы революция жеңгенден кийин өлкөну жаңы жолго салуу үчүн чыныгы революциялык жол керек, - дейт Топчубек Тургуналиев.

Анткен менен Кыргызстанда экинчи ирет ыңкылап болоруна ишенгендер аз. Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов ыңкылап жасоо үчүн кеминде үч-төрт жылдык даярдык керек дейт. "Революциячылардын" Бириккен оппозициядагы өнөктөштөрү менен системаны алмаштыруу жолдоруна келгенде айырма чыгып жатат. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев болсо түпкүлүгүндө көз караштар биригерине ишенет:

- Көп маселелер боюнча түшүнүгүбүз бир. Тактикалык жактан гана айырма бар. Түшүнбөстүк болбой калат деп айта албайм. Биздин чогулуп чече турган маселелерибиз көп:

Бириккен оппозициядагы Социал-демократтар революциялык кыймылдын максаттарына караманча каршы болуп жатышат.

- Бекназаров биздей эле ойлонот, бирок, ал радикалдуу жолдорду сунуш кылып атат. Кайрадан кетсин деп сунуш кылып атат. Менимче эң башкысы президентти президентке эмес, системаны алмаштыруу керек, - деген мурдагы премьер министр, СПД башчысы Алмаз Атамбаевдин пикиринде эл экинчи ыңкылапты көтөрө албайт.

Элдик революциялык кыймылдын лидерлери болсо мурдагы ыңкылап кетирген катачылыктарды кайталабаш үчүн бул ирет бардыгын мыйзам чегинде жасап, эл менен кеңешип-кептешип аракеттенебиз деп жатышат. Башкача айтканда демилгелүү топ президентти кетирүүнүн Баш мыйзамда көрсөтүлгөн кол топтоо, митингдерге чыгуу өңдүү жолдорун сунуш кылууда. Азимбек Бекназаровдун айтымында, президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүүнүн жолдору дал ушул 18-ноябрга белгиленген Таластагы элдик жыйында талкууланганы жатат.

Ал жерде кыймылдын уюштуруу маселелери да каралат.Талкууга сунушталып жаткан долбоорго караганда кыймылды улуттук кеңеш башкарып, анын алдында президиум жана штаб иш алып барат. Элдик революциялык кыймылдын мындай аракеттерин бийликчил саясатчылар кескин сынга алып жатышат. Элдин кызыкчылыгына каршы иштешүүдө деп эсептеген саясат таануучу Жолборс Жоробеков буларды белгиледи:

- Кайра эле кетсин дей бербей, эртеңки онунчу жылга (президенттик шайлоого-авт.) даярданбайбы. Эли-журтка өзүнүн программасын көрсөтпөйбү. Болбой эле кулатабыз. Биз президентти кетиришибиз керек деп атышат. Адамдардын кандайдыр бир тобу муну колдоп чыгышы мүмкүн. Бирок, негизги маселени чечпейт. Бизде эли-журтубуздун эртеңкисин ойлогон адамдардын саны басымдуулук кылат деп ойлойм.

Ошол эле мезгилде элдик революциялык кыймыл жыйынга даярдыктын үстүндө кызуу иштеп жаткан кези. Топчубек Тургуналиевдин маалыматына караганда демилгелүү топ иш чараны Талас шаарынын борбордук аянтында өткөрөрү тууралуу шаардык мэрияга билдирүү жиберди. Байкоочулар элдик жыйынды өткөрүүгө жергиликтүү бийлик уруксат берерине ишенишкен жери жок. Демилгелүү топ болсо таластыктардан жетиштүү колдоо табарына, Түп окуясы кайталанбастыгына ишендирүүдө.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG