Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда саясий куугунтукка каршы күрөш комитети түзүлдү. Бул оппозициялык саясатчыларды коргоо демилгеси менен чыккан алгачкы көз карандысыз коомдук уюм катары бааланууда.

Саясий куугунтукка каршы күрөш комитети мурдагы бийликтин тушунда саясий туткун атыккан Топчубек Тургуналиевдин демилгеси менен түзүлдү. Курамына юристтер, укук коргоочулар, журналисттер кирди. Комитет саясий куугунтукка кабылды деп эсептелген саясатчыларга коюлуп жаткан айыптардын чын-төгүнүн иликтеп, алардын укуктарын соттордо коргоону көздөөдө. Тургуналиевдин айтымында комитет өз ишмердигин дүйнөдөгү абройлуу укук коргоочу уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзөт.

Өткөн жылдын этегинен бери Баш прокуратура баштаган мамлекеттик мекемелер бир катар саясатчыларга кылмыш иштерин козгоду. Алардын катарында мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков, мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бар. Буга чейин Ысык-Көл облус жетекчилигинин аракеттери боюнча мурда козголгон кылмыш иши жаңыртылып, ага губернаторунун мурдагы орун басары, “Улуу Биримдик” саясий партиясынын лидери Эмил Каптагаевдин тиешеси бар деп табылган. Буларга азыр прокуратура кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп, аны Кылмыш кодексинин бир нече беренелери менен негиздеп турат.

Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп, Кошмо Штаттарда жашап жаткан “Ата мекен” партиясынын мүчөсү, Мамлекеттик мүлк комитетинин мурдагы төрагасы Равшан Жээнбековго былтыр кылмыш иши козголгон. Ушундай эле негиз менен Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы директору Ишенбай Кадырбековду Каржы полициясы былтыр апрелде камакка алган. 10-январда башкы прокуратура “Жашылдар” саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Эркин Бөлөкбаевди президент Курманбек Бакиевди мазактаган карикатураларды тартып, беделине шек келтирди деп сотко берди.

Элдик революциялык кыймылдын негиздөөчүсү Азимбек Бекназаров кылмыш козголо элек оппозициялык саясатчылардын катарына өзүнөн тышкары Топчубек Тургуналиевди, Өмүрбек Текебаевди жана Темир Сариевди кошту:

- Оппозициянын бүгүнкү лидерлери же болбосо БЭКтин башында жүргөн саясатчылардын 70%ине азыр иш козголуп калды.

Мындан тышкары Жекшенкуловдун, Исаковдун, СДП фракциясынан депутаттар Иса Өмүркуловдун, Дамира Ниязалиеванын балдарына укуктук жана моралдык кысымдар жасалгандыгы кабарланды. Коомчулукта мындай көрүнүштөргө коррупцияга каршы күрөш дегенге караганда, саясий куугунтук катары карагандардын саны артып турат.

Келтирилген фактыларды саясий куугунтук деп эсептегендер дээрлик мунун түпкү максатын бийликтин өз күчүн бекемдөө аракети менен байланыштырып жатышат. Мындай пикирин “Азаттык” менен аталган комитеттин мүчөсү, “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова бөлүштү. Мурдагы прокурор Азимбек Бекназаров болсо бийлик оппозицияга өтөм деген саясатчыларды коркутуп жатат деди.

Учурда Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков баш прокуратуранын койгон айыптарынан саясий буюртмадан башка эч нерсе табуу мүмкүн эмес деп жатат. Мындай пикирин ал журналисттер үчүн ушул аптада уюштурулган маалымат жыйынында билдирди:

- Бул биздин оппозицияга кетишибиздин негизинде чыккан иш. Мени элдин арасына жаман иштеген, кылмышкер деп көрсөтүп, элге жамандаш. Бул биринчиси. Экинчиден, менин мисалымда башка оппозиция лидерлерин, бийликке туура сүйлөгөндөрдү силердин устүңөрдөн дагы ушундай кылмыш козгойбуз, эгер бизге карама-каршы сүйлөсөңөр деген коркутуу процесстери. Үчүнчүсү, мени убактылуу эч жакка чыгарбай: Ошко, Жалабадга, Баткенге, Нарынга, Ысык-Көлгө өзүнүн партиялаштары менен, бирге кызмат кылгандар менен жана эл менен жолукканга тоскоолдук кылуу.

Ушул эле аптада Ошто Исмаил Исаковдун укугун коргоо комитети түзүлгөндүгү кабарланды. Анын алдында Алайдан 300 чамалаш тургун президентке кайрылып, Исаковду Кыргызстан бийлигинин бийик сересиндеги эң эле колу таза саясатчы катары сыпаттаган. Кылмышкер деп эсептелип жаткан калган саясатчылар жана алардын тарапкерлери деле козголгон кылмыш иштерине оппозициянын үнүн басуу аракети катары карашууда.

СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов ушул аптада тараткан билдирүүсүндө президент Курманбек Бакиевди бийликке алып келген саясатчыларды кызматтан кетирүү жараяны мындан ары да күчөй тургандыгын эскертти. Саясатчы азыр бийлик максаттуу түрдө март ыңкылабынын катышуучуларына азуусун кайрап атканын белгиледи. Азиза Абдырасулова муну авторитардык башкаруунун айкын белгиси дейт.

Негизи эле укук коргоочулар, талдоочулар азыркы бийликтин акыркы аракеттеринен саясий багыттын өзгөргөнүн көрүп жатышат. Маселен, саясат таануучу Орозбек Молдалиев алаңказар саясат жүргүзүп жактан азыркы бийлик өзүнүн авторитардык жолго түшкөнүн аңдаган жери жок:

- Авторитардык бийликтин закону ошондой болот. Өзү ошол жолго кеткенин баамдабай эле туура жолдо баратабыз деп ойлоп калат. Албетте салыштырмалуу бизде бир аз түзүгүрөөк болгону менен биз катуу кетип баратабыз бул жагынан. Калган авторитаризмдегилерди кууп жетип койдук. Ошондуктан бул кооптонто турган нерсе.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулованын пикиринде бийлик ушул жол менен кете берсе “демократия аралчасынан” биротоло кол жууйт:

- Авторитардыктан диктатордук режимге жакындап калдык. Эгер ушул бойдон токтолбостон кете берсек коңшу Өзбекстандан, түркмөнстандан айырмабыз калбай калат. Бүгүн деле айырмабыз аз. Бүгүн деле демократиялык принциптер сакталбай, аз гана адамдардын үнү менен гана демократия бар деген пикир түзүлүп атат. Бул жаман нерсе. Муну токтотуп коюуга бийликтин гана эрки керек.

Бирок укук коргоочу бийлик мындай кадамга барышы кыйын дейт. Анткени, азыр бийликтин алып, бөлүп бүтө элек бир топ байлыктары турат. Ошондуктан, дейт ал, азыркы бийлик өзүнүн кубатын катаал ыкмалар аркылуу бекемдөөнүн гана аргасын издөө менен алектенет:

- Режим өзүнүн колундагы мүмкүнчүлүгүн эч качан ме деп бербейт. Сүлөшүүлөргө барганда да ошол чечимдерди бийлик аткарат деген кепилдик жок. Аларды аткарта турган механизм жок. Экинчи жактан бийлигин күчөтүү үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин каржы алып, Европа, АКШдан келген каржылар азайып, каржысын көбөйткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн таасири күчөйт.

Баш прокуратура баштаган мыйзам сакчыларынын өкүлдөрү козголгон кылмыш иштердин артында эч кандай саясат жок деген көз карашта бекем турушат. Бийликке ыктаган саясатчылар деле президент Курманбек Бакиев баштаган бийликтин ички саясатынан адам укуктарына жана эркиндиктерине шек келе турган өөндү көрүшкөн жери жок. Тескерисинче, мамлекет азыр жарандарды, анын ичинде ошол эле оппозициялык саясатчыларды мыйзам менен жашоого, алдым-жуттумдуктан алыс болууга үйрөтүп жатканын айтышууда. Маселен, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшен Абдырасаков мындай дейт:

- Мыйзам чегинен чыгып баратса бийлик өз колундагы мыйзамдын чегинде иш-чараларды колдонсо болот. Биз эмес, Америкада деле ушундай.

Парламенттеги Коргонуу, коопсуздук, тартип комитетинин башчысы Лейла Сыдыкованын түшүндүргөнүнө караганда тигил же бул жаран кылмыш жасагандыгы шектелсе, тиешелүү органдар мыйзамдын негизинде кылмыш ишин козгоого милдеттүү. Ошондуктан, депутат тигил же бул жаран, анын ичинде оппозициялык саясатчы дагы өзүнүн күнөөсүз экенин далилдегиси келсе мыйзам чегинде аракеттениши керек дейт:

- Коргонуунун мыйзамдуу чаралары бар. Биздин мыйзамдар ушунчалык демократиялашкан, ар бир жооптуу кызматкерге өз аракеттери, кылмыш иштери боюнча даттанууга укук берет. Эмне үчүн бул механизмди пайдаланышпайт, Анын ордуна баары саясий куугунтук деп кыйкырышат.

Сыдыкова куугунтук болуп жатат деген ызы-чуунун жаралышына кылмыш жасаган адамдардын саясатты бетке кармап, өз айыбын жашырууга аракеттенгенинен да чыгып жатышы мүмкүн деп болжойт. Куугунтук системага айланып баратат деген көз карашка Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун да ынаган жери жок:

- Катуу эле күч алып кетти артынан түшүү дегенди колдой албайм. Кээ бир оппозициялык ишмерлерге иш козгоп койгону негизсиз болуп атат. Ошол жагы гана болуп атат. Анан бийлик же президент куугунтуктап аткан жок. Бийликтин көп кемчилиги бар. Бирок, бир жактуу күнөөлөй берген дагы болбойт. Мисалы мурдагыга караганда көп жыйындарды азыр ээн-эркин өткөрүп атышат.

Бул аралыкта байкоочулар бийлик өкүлдөрү жеке эле оппозициялык саясатчылар эмес, батыл көз карашы бар, сынчыл инсандарды да мокотуу үчүн кысым көрсөтүүнүн түрдүү жолдорун пайдаланууга өткөнүн белгилешүүдө. Мындай жагдайга кирептер болгонун ушул аптада “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында ИИМдин 9-бөлүмүнүн кызматкерлери укук коргоочунун туулган айылына барып, туугандарынан бир топ суроолорго жооп издешкен:

-...Төлөкан Исмаилова айылга келип атабы? Анын бир туугандарынын кандай жеке бизнеси бар? Өзү келип дагы ушу жеке бизнес курабы Ысык-Көл облусунда деген өңдүү суроолорду бериптир. Эмне үчүн ушундай маалыматты сурап атасыңар дешсе биз ушундай тапшырма алганбыз, биз ар бир саясатчыга, коомдук ишмерге, укук коргоочуларга ушундай маалыматтарды топтойбуз дептир.

Ал эми жума күнү Талас аймагында райондук конференцияларды өткөрүп жаткан “Ата мекен” саясий партиясынын өкүлдөрүн мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери өзгөчө катуу көзөмөлгө алып, кыйкым издеп жаткандыгы кабарланды.

Кыргызстандын ичинде мамлекеттик бийлик ушундай аракеттери менен сынга кабылып жаткан кезде Эл аралык Human Rights Watch уюму Адам укуктарынын абалы боюнча былтыркы жыл үчүн баяндамасын 14-январда жарыялап, анда Кыргызстанда адамдардын фундаменталдык укуктарына коркунуч күч алды жана бийлик аны токтотууга кудуретсиз болуп жатат деп жазды. Мындай доомат көз карандысыз маалымат каражаттарына, укук коргоо уюмдарына, журналисттерге жасалган укуктук жана моралдык кысымдар менен байланыштырылды. Жергиликтүү укук коргоочулар болсо Эл аралык милдеттенмелерге төп иш алып барбай, эл аралык деңгээлде ушундай сынга алына берсе Кыргызстан Эл аралык уюмдардын каржылык кысымына кабылып калышы мүмкүн деп чочулап жатышат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG