Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Бүгүн Кишиневдо башталган КМШ президенттеринин саммитине Борбор Азия аймагынан болгону кыргыз президенти гана катышаары айтылууда. Ушундан улам Күнкорсуз Мамлекеттердин Шериктештиги деп аталган уюмдун кереги барбы деген суроо менен саясат талдоочу Орозбек Молдалиевге кайрылдык.

- Чынында эле мүчөлөрдүн көпчүлүгү маани бербей калган соң шериктештик институту өз доорун жашап бүттү го деген пикир туулат. Сиз кандай ойлойсуз?

- КМШнын түзүлгөнүнүн тарыхый шартын бардыгыбыз билебиз. Бул Советтер Союзу тарагандан кийин, адегенде үч славян мамлекети өзүнчө союз түзүп алып, Борбордук Азия четте калып калган болчу, кыскача эскерте кетсек.

Андан кийин Ашхабадда Борбордук Азия мамлекеттердин жетекчилери чогулуп, өзүбүзчө Борбордук Азия союзун түзөлү деген маселени козгоп, бирок бир аз күтүп туралы деп токтолгондон кийин Алматыда КМШнын көп мамлекеттери биригип, анан КМШ түзүлгөн болчу.

Эми бул түзүлгөн менен ушул кезге чейинки иш-аракеттерин анализдеп көрсөк алгылыктуу иш деле бүткөн жок. Кабыл алган документтердин саны эбегейсиз көп болгону менен, ишке киргенинин натыйжасы 3 пайыздан 6 пайызга чейин гана документ иштейт.

Мындай механизм пайдасыз деп табылат, техникада болсо ошентмек. Саясатта ажырашуунун цивилизациялуу жолу деген атка конгонуна 5-6 жыл болду КМШга. Ошол жана сиз айткан акырындык менен тарап баратат деген прогнозго кошулса болот. Себеби эч натыйжа чыкпаган уюм болуп калды да.

Мисалы Ашхабад менен Душанбенин жетекчилери Кишиневдогу саммит бүткөндөн кийин деле жолугушса болмок, эки кошуна жанаша эле мамлекеттер да. Бирок ал жакта баары бир эч нерсе чечилбесин билгенден кийин өзүнчө жолугушкан атышат.

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев дагы ушул саммитке Россиядан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна убада кылынган 2 млрд. долларды алам деген үмүттө гана баратат деп орусиялык басылмалар жазып атат. Демек, КМШ дегенде Орусияны түшүнүү дагы эле уланып аткансыйт.

Албетте, Орусия КМШны сактап калганга аракет кылат. Себеби бул уюм КМШнын уюму да, жетекчилиги КМШныкы. Чечилген маселелердин бардыгы Москванын чечими менен көбүнчө ыңгайлаштырып кабыл алынат.

Шанхай уюму Кытай үстөмдүк кылган уюм. Бирок ал экөөнү салыштырганда Шанхай уюмунун пайдасына чечилет, аны баарыбыз эле билебиз. Бул КМШнын эң негизги кемчилиги эмнеде, көп маселелерди өзүнө алып алган да, бирөөсү да чечилбей атат.

-Бакиевдин ошондой эгерде үмүтү бар болсо акталышы мүмкүнбү?

- Бул маселени Кыргызстандын президентинин Молдовага баратышынын себеби ошол ыңгайдан пайдаланып, дагы бир жолу ушул уюмду колдоп, Орусиянын чечимине жакын экендигин билидирп коюш үчүн бараткандыгы көрүнүп турат. Болбосо, бул маселе боюнча Нарышкин деле келип кетти, эки тараптуу жолугушуулар менен деле чечип алса болот. Жанагы сиз айткан пикирге кошулса болот. Дагы бир белгилеп коюш керек да, биз ушундай колдоп атабыз деп.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG