Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Тойчубек Орозов: «Уулумдун өлүмүнө ак халатчандар күнөөлүү”...


Тойчубек Орозов уулу Нурбакыт кырсык болгон жерде каза болбой, ооруканага келип, үч операция жеп каза болгонуна нааразы
Тойчубек Орозов уулу Нурбакыт кырсык болгон жерде каза болбой, ооруканага келип, үч операция жеп каза болгонуна нааразы

“Канткенде да ак халатчандар уулумдун өмүрүн сактап калса болот беле?” деп күнөөлөй берем” ,-деди “Азаттыкка” арызданып келген Тогуз-Торо районунун Кара-суу айылынын тургуну Тойчубек Орозов. Ал 19 жаштагы уулу Нурбакыттын өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп, бир жылдан бери арызданып келатат.

Тойчубек Орозов буга чейин мамлекеттик органдарга кайрылган жеринен жарытылуу жооп албаган үчүн "Азаттыкка" кайрылууга аргасыз болгонун айтат:

Нурбакыт
“Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей өткөн 2008-жылдын август айында уулу Нурбакыт Мусаев үйүнун эшикалдында прицеп чиркеп жатып, пресс-подборщик менен тележканын ортосунда бел курчоосунан сокку жеп, оор абалда райондук ооруканага жеткирилген. Ошол эле замат Тогуз-Торо ооруканасынын башкы врачы Аманкан Жакишов өзү операция жасаган. Бирок операциядан кийин Нурбакыттын абалы оорлогондон оорлой берди. Менин оюм боюнча, ич көңдөйү ачылбай калган жеринен ашказандын ширеңке бою 2х4 см эки тешиги, боордун 3-5 см. жарыгы каралбай калган. Ошонун залалы уулумдун өлүмүнө себеп болду деп эсептейм деп, райондук прокуратурага, Саламаттыкты сактоо министрлигине арыздандым. Калпыстык кетиргендер мыйзамдын негизинде жооп беришсин деп талап кылганыма эч кандай жооп ала элекмин,- дейт жабырлануучу Тойчубек Орозов.

Арыздануучу уулу Нурбакыт кырсык болгон жерде каза болбой, ооруканага келип, үч операция жеп каза болгонуна нааразы. Кандай болгондо да уулунун өмүрү сакталып калбаганына ичи ачышат. Көбүнесе операция ийгиликтүү болбой калганына ак халатчандардын кайдыгерлигинин кесепети тийди деп эсептейт.

Жабырлануучунун айтуусу боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасына телефон чалып, тергөөчү Мирбек Адыл уулуна кайрылдык.

- Тойчубек Орозовдун арызы боюнча кылмыш иши козголгон. Каза болгон Мусаев Нурбакыттын өлүмүнүн себептерин иликтөө үчүн атайын республикалык масштабдагы дасыккан дарыгерлер арасында медициналык комиссия түзүлүп, териштирилди. Ал эми иштин жыйынтыгы тууралуу телефондон баарын айтуу кыйын. Эгер кызыксаңыздар, дело менен таанышып, так маалымат алсаңар болот,- деди прокуратура кызматкери Мирбек Адыл уулу.

Орозовдун билдиргени боюнча анын прокуратурага жазган арызы жоопсуз калган. Анын айтымында, уулуна операция кандайча жасалган, башка дарыгерлердин пикири кандай, медэкспертизанын жол-жобосу тууралуу тергелиш керек эле, андай болгон жок деген ойдо.

Анткени уулун Бишкектеги ооруканага алып келгенде ал жердин дарыгерлери сыркоолуунун өмүрүн сактап калса болот эле, жакшылап операция жасалбагандыктын кесепети болуптур деп Тогуз-Торо райондук ооруканага шилтеме жасап, уулу Нурбакыттын сөөгүн карматышкан.

Экинчи жолку операцияга катышкан хирург-врач Козубай Абдыкалыковго кайрылып, мындай жооп алдык:

- Экинчи операция да шашылыш жасалды. Кыскасы кырсыкка кабылган баланын ашказаны, боору оор жаракат алган. Ички органдан жаракат алган дарт өтө татаал болот. Аны термелеп айтып отуруу кыйын. Биз бир топ тажрыйбасы бар дарыгерлер чогулуп, талкууладык. Арызданган Орозов уулунун өлүмүнө операция жасагандар күнөөлүү дегенине таң калам. Албетте, жоготуу деген жоготуу да, аны да туура түшүнүш керек. Операцияга катышкан врач катары ал бала катуу жаракат алгандан мерт болду. Албетте, өмүрүн сактап калсак болот эле, болгон мүмкүнчүлүгүбуздү жумшадык. Анан борбор калаадагы дарыгерлердин күнөөнү бизге жүктөгөнү туура эмес. Алар канчалык деңгээлде тажрыйбасы бар билбейм. Сактап калса болот эле дешиптир. А эмнеге анда өздөрү сактап калалбаптыр. Жаш баланын өмүрүнүн сакталып калышы баарыбызга керек болчу.

Тилекке каршы, айрым дарыгер-врачтарга телефон чалып, жасаган аракетибиз оңунан чыккан жок. Ошентсе да уулунун өлүмүнө күнөөлүүнү издеген жабырлануучунун арызданган укугу да корголбой жатабы деген мааниде Тогуз Торо районунун прокурору Талант Мамытовго телефон аркылуу кайрылып, мындай жооп алдык:

- Орозов Тойчубектен арыз түшкөн. Анын арызы боюнча окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Прокуратура ал комиссиянын кандай иштеп жатканын көзөмөлсүз калтырган жокпуз. Алар арыздануучунун уулу Нурбакыт кырсыктан катуу жаракат жегендигин аныкташып, жасалган операциялык иш аракеттерде калпыстыктардын кетирилбегенин билдирген жыйынтык беришти. Биз ошол комиссиянын жыйынтыгына таянып Орозовдун арызы боюнча врачтардын ишинде кылмыш иштин элементтери жок деп кыскартканбыз.

Бирок жабырланган тарап прокуратуранын мындай жообуна нааразы болуп, “операция жасаган дарыгерди жоопко тартмайын арызданганым арызданган” деп көшөрөт.

XS
SM
MD
LG