Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

2000-жылы өлкөдө тогуз балдар үйү жана жыйырма жети интернат бар болсо, азыр алардын саны эки эсе өстү. Ал эми кароосуз калган балдардын саны жыйырма жети миңге жетти.

Бул Кыргызстанда каралбай калган балдардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатканынан кабар берет. Алардын ичинен дээрлик токсон пайызынын атасы же энеси бар. Дагы бир өкүнүчтүү жагы – балдар он сегизге чыккан соң өз тагдырын өзү чечүүгө туура келет.

Он алты жаштагы Мафтуна Дасматова Бишкек шаарындагы кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунда жашайт. Ал "Азаттыкка" буларды айтты:

- Атам мага “отказ” жазып, Германиягабы, айтор бир жакка кеткен. Бир жолу келем деп жатканы эсимде. Быйыл жаңы жылда мени алып кетиңиз деп телефон чалсам, "жок, келбейм, албайм" деп айткан. Ошондон бери аны менен сүйлөшө элекмин. Бир жакта чоң апам бар болчу, ал мени кичинекей кезимде балдар үйүнө тапшырган.

Өткөн жылы Мафтуна Дасматова кесиптик лицейге тапшырган. Мафтунанын апасы төрт жашында каза болгон. Атасы болсо кызын балдар үйүнө таштап, өзү Германияга кетип калган. Мафтунаны багып алган ата-энеси аны мектепке берген. Бирок өгөй апасынын уруп-сабаганы көбөйгөндөн улам ал мугалиминин жардамы менен балдар үйүнө келген.

Мафтуна лицейди бүткөн соң ашпозчу болууну эңсейт. Ал акча таап, өзүн багып кетүүнү каалайт:
Мурда мамлекет кыздарды тигүүчү фабрикаларга, балдарды заводдорго байлап койчу.


- Май айында лицейди бүтөм. Эгер Ысык-Көлгө практикага алып кетсе барам. Эгер ал болбой калса, практиканы бул жактан эле өтөм. Азыр негизгиси жумуш таап, акча табыш керек, себеби күзүндө батирге чыгайын дегем. Ошого акча чогултуш керек.

Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 2005-жылы он миңден ашса, быйыл алардын саны жыйырма жети миңге жеткен. Биз барган борбордо ата-энеси таштап кеткен, жетим, ооруу же үй-бүлөлүк зордук зомбулукка дуушар болгон балдар жашайт.

Шаардагы кароосуз калган балдар үйүнүн биринин мүдүрү Алексей Петрушевский көпчүлүк учурда мындай балдардын документтери жоктугу көптөгөн көйгөйлөрдү жаратаарын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, каралбай калган балдарга болгон саясат мамлекет тарабынан аягына чейин ойлонуп чыккан эмес.

“Он сегиз жашка толгон соң балдардын бараар жери жок, кылмыш кылууга мажбур болот. Эгер мамлекет он сегиз жашка чейин аларды атайын үйлөрдө багышса, андан кийин түрмөлөрдө багууга туура келет”, - дейт Алексей Петрушевский:

- Балдар үйүндөгү балдарга мамлекет акча жумшайт. Алар мектептерди бүтүрүшөт, кээ бирлери аскер кызматын өтөйт. Андан кийинкиси туңгуюк. Мурда мамлекет кыздарды тигүүчү фабрикаларга, балдарды заводдорго байлап койчу жана алардын жатаканаларда жашаганга шарттары бар болчу. Азыр болсо бардыгы менчик, бул жактагы балдардын атаандаштык жөндөмдүүлүгү төмөн жана аларды эч ким жумушка албайт. Ушул жагдай балдардын кийин кылмыш кылуусуна өбөлгө берет. "Жалгыз терек токой болбойт" дегендей алар өз тагдырын өзү чече албайт.

Мындай учурда кандай иш-аракеттер жасалышы керек деген суроо менен биз Habitat for Humanitу кайрымдуулук уюмунун адиси, волонтеру, социолог Максат Исмаиловага кайрылдык. Ал жетим балдардын санынын көбөйүшүн мыйзамдын алсыздыгы менен байланыштырат.
Бир жакта чоң апам бар болчу, ал мени кичинекей кезимде балдар үйүнө тапшырган.


- Азыркы учурда ата-эне макамынан ажыратуу тууралуу мыйзамы жакшы иштебейт. Ошол себептен көп эле балдар тышта эмне кылып жүргөнү белгисиз. Бул маселени чечиш үчүн, биринчиден, мыйзамды күчтөтүш керек. Мыйзам күчтүү болбогондугу үчүн азыр ушундай баш аламандык болуп жатат. Ата-энелерди карап көрүш керек, балдарды окутканга, бакканга, учуруп чыгарганга каражаты барбы же жокпу. Кээ бир үй-бүлөлөрдө каражаты бар болсо деле, ниети жок болот. Ошондой ниети жана каражаты жок болгондордун ата-эне макамынан алып салса абдан жакшы болмок.

Кыргызстан Балдардын укугу жөнүндөгү Конвенцияны 1994-жылы ратификациялаган. Бирок улуттук статистикага кайрылсак акыркы жылдары балдар үйлөрүнүн саны кескин көбөйүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG