Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Нарында Самаковду колдогон митинг өтүүдө


Карганбек Самаковдун тарапкерлеринин митинги. 24-февраль, 2017-жыл. Нарын шаары.
Карганбек Самаковдун тарапкерлеринин митинги. 24-февраль, 2017-жыл. Нарын шаары.

Бүгүн, 24-февралда Нарын облустук акимчиликтин алдына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун жактоочулары митингге чогулушту. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, ушул тапта 200гө жакын киши Самаков боюнча акыйкат сот өкүмүн чыгарууну, аны актоону талап кылышууда. Буга чейин анын тарапкерлери Самаковду коргоо комитетин түзүшкөн.

Карганбек Самаковго каршы кылмыш иши 2015-жылы май айында козголгон. Мамлекеттик айыптоочулар анын мүлкүн конфискациялап, 19 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну сураган.

Самаков жана бир топ мурдагы чиновниктер Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда. (NT/MiK)

XS
SM
MD
LG