Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:25

Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыз-өзбек кандуу кагылышуусуна ислам агымдарынын катышы канчалык? Ислам агымдары дагы башка чыр-чатактын пайда болушун шарттабайбы?

Ушул коогалуу кырдаалда диний фундаментализмге шек канчалык экендигин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректири Болотбек Абдрахмановдон сурадык. Ал мындай учурда кара күчтөр ойгонорун, демек, шектенүүнү четке кагууга да болбостугун, анын үстүнө хизбутчулардын көбү мунапыс алып, абактардан чыгып жаткандыгын, анткен менен азырынча Ош-Жалалабаттан андай тыюу салынган диний партиялардын мүчөлөрүн мыйзамсыз иш-аракет учурунда эч ким колунан кармап албагандыгын эскертти.

Ош шаарынын тургуну, коомдук ишмер Иманберди Жалилов кыргыз-өзбек кандуу кагылышуусунда ислам дининин таасири байкалбайт деген оюн билдирди. Бирок, Ноокат окуясы боюнча хизбутчу катары соттолгондордун жаңы бийлик тарабынан кайра эркиндикке чыгарылышы туура эмес болгондугун ушул кыргыз-өзбек жаңжалы ырастап олтурат дейт:

- Ноокат окуясы боюнча камалып, бирок, жакында мунапыс алган 30 чакты адамдын көпчүлүгү кандуу кагылышуу учурларында алдыңкы саптарда жүрүштү. Убактылуу өкмөтүбүз аларды мыйзамдык көз караштан эмес, популисттик көз караштан бошоткону дайын болду.

Ал эми учурда Бишкектен барып, Ош-Жалалабадда жүргөн белгилүү журналист Кадыр Кошалиевдин айтуусунда, түштүктөгү кыргыз-өзбек кандуу кагылышуусунун чыгуу себебинин бири түздөн-түз ушул ислам фундаментализми менен байланышат:

- Жаңжалдын чыгуусуна бир нече себеп бар. Ошолордун бири – диний фундаментализмдин күчөшү. Хизбутчулардын, вахабисттердин, Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнүн түпкү максаты бир. Ислам халифатын куруу. Жаңжал учурунда айрым өлтүрүлгөн адамдардын бутунун бармактары чагылуу экендигин көрдүк. Биз жолугуп сүйлөшкөн кездерде шектүү адамдар мусулмандардын бутунун бармактары намаз окуганга ийкемдүү – ийилчээк болуш керек, намаз окубаган капырлардын ийилбеген бармактарын чагыш керек деген сөздөрдү айтып жатышат...

Кыргызстан үчүн дагы бир коркунучтуу ислам агымдарынын бири Пакистан тараптан келүүдө, дейт Бишкек шаар тургуну Ишенбек-молдо Иманканов:

- Пакистанда мечиттерди өрттөп, адамдарды өлтүргөн фактылар абдан көп. Пакистандан окуп келген дааватчылар андай иштерге барбайт деп ким кепил өтө алмак? Балким, муфтийлерди сабагандар – ошолор...

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова болсо абалды турукташтырууда радикалдар эмес, таза исламдын өкүлдөрү ченемсиз жардам беришерин кошумчалады.

Акыркы кездерде мунапыс берилип, абактардан чыгарылган хизбутчулар менен вахабисттер Кыргызстандын башка аймактарынан да баш көтөрүп жатыптыр. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректири Болотбек Абдрахмановдун айтуусунда, алар Ысык-Көл облус губернаторунун кеңсесине чейин кирип келип, мамлекеттик үналгы-сыналгыдан убакыт бөлүп берүүнү суранышкан.

Учурда диний кырдаалды көзөмөлдөө, исламдын артыкчылыктары менен эки элди жараштыруу максатында Бишкектен жиберилген 45 мусулман дин ишмери Ош-Жалалабаттажергиликтүү молдокелер менен бирдикте эл кыдырып иш жүргүзүшүүдө.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG