Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

"Азаттык+": Ошко кантип бейпилдик орнотобуз?


Кара түтүн каптаган Ош, 12-июнь.
Кара түтүн каптаган Ош, 12-июнь.

10-июнь түнү түштүктө башталган коогалаңдан улам расмий маалыматтар боюнча, 300дөн ашуун жаран каза таап, жүздөгөн үй-жайлар жабыркады. Кыргызстандын коопсуздук кызматы бул каргашалуу окуяны үчүнчү күчтөр, тактап айтканда бийликтен күч менен кулатылган экс-президент Курманбек Бакиевдин жана анын бир туугандары уюштурганын айтып чыгышты.

“Азаттык плюс” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын дал ушул түштүктөгү тополоңго арнап, мындан ары Ош жана Жалал-Абад аймактарына кантип бейпилдик орнотсо болот? деген теманын тегерегинде талкуу уюштуруп, төмөндөгү суроолорго жооп издеди:

- Азыркы тапта эки улутту жараштыруу үчүн диалогдун кандай түрлөрүн колдонуу зарыл?

- Жарашууга болгон биринчи кадамдар кандай болушу керек?

- Элдешүүдөгү исламдын орду?

- Ынтымакка чакырган акциялар, баракчалар жана көчө жарнактары кандай таасир берет?

-Ошту кайрадан калыбына келтирүүдө жаштар кандай салым кошо алышат?

Ушул жана башка суроолорго конфликтолог Жыргалбек Касаболотов, журналист Толкун Умаралиев, медиа эксперт Элира Турдубекова, жаш активист Мирсулжан Намазалиев жана Ош окуясына күбө болгон студенттердин катышуусунда өткөн кызуу талкуудан жооп алсаңыз болот.

Кызыктуу берүүнү 12-июль, келаткан дүйшөмбүдө, кечки саат тогузда Улуттук Биринчи каналдан көрүңүз!

Эгерде сиз “Азаттык плюс” сыналгы жана үналгы берүүлөрүнө ой-пикир, сунуш айтам десеңиз jashtar@azattyk.kg. электрондук дарегине кат жазыңыз же (0312 ) 31 61 71 телефон номуруна коңгуроо чалыңыз!
XS
SM
MD
LG