Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Оштогу жождорго кабыл алууну көчмө комиссиялар жүргүзүп жатат


Ош мамлекеттик университетине жыл сайын үч миңден ашык студент кабыл алынат
Ош мамлекеттик университетине жыл сайын үч миңден ашык студент кабыл алынат

Түштүктөгү тополоң окуялардын айынан быйыл Ош шаарындагы окуу жайларында окууну каалагандар кескин азаят деген тынчсыздануулар болуп жатат. Мына ушул маселе боюнча "Азаттык" менен мамлекеттик унивеиситетинин ректору Муктар Озорбеков ой-пикир бөлүштү.

-Быйыл план боюнча канча студент кабыл алыныш керек?

- Быйыл өкмөттүн чечими менен бюджеттик гранттык орунга 425 студент кабыл алышыбыз керек. Ал эми контрактык бөлүмүнө жалпысынан үч миңге жакын студенттерди кабыл алышыбыз зарыл.

-Ушул көрсөткүчтөр, план ишке ашат деп ойлойсузбу?

- Буюрса бюджеттик орундарга эртең биринчи тур башталат. Эртең саат сегизден башталып эки тур менен өтөт. Эгер орундар толбой калса үчүнчү тур министрликтин уруксааты менен өтөт. Бирок чындап эле быйылкы жылы башка жылдагыларга караганда окууга документ тапшыруулар солгун жүрүп жатат.

-Контракттык бөлүмгө абитуриенттерди көчмө комиссиялар кабыл алып жатат деп угуп атабыз, алардын иштөө тартиби кандай болот?

- Ош шаарындагы жана кээ бир райондордогу коменданттык саатты эске алып, түштүктө 7 пункт уюштурдук. Алардын максаты абитуриенттерге шарт түзүп берип документтерин райондордон кабыл алуу. Алар күнүгө эртең мененки саат тогуздан кечки саат бешке чейин аталган тогуз пункттан кабыл алабыз.

- Тополоң окуялардан кийин Оштон студенттер Бишкектеги окуу жайларга көп которулуп атат кооптонуулар айтылып жатат. Бул тууралуу эмне дейсиз?

- Эми ал кооптонуу эле, бирок күндөн күнгө буюрса акыбал жакшы жагына кетип жатпайбы. Студенттер, ата-энелер деле кызыгып, документ тапшыруулар көбөйүп жатат. Колунда шарты барлар жылдагыдай Бишкекке тапшырып жатышат.

-Ата-энелер балдарын кооптонбой эле Оштогу окуу жайларына жибере берсе болобу?

- Бизде коменданттык саат киргизилген, эртен менен саат тогуздан саат бешке чейин документтерин кабыл алабыз. Экзамендер деле эртең мененки саат тогуздан түшкү саат он экиге чейин бүтөт. Келгендердин бардыгын жатакана менен азыр документ тапшырып аткан убакта камсыз кыла албайбыз. Анткени жатаканаларыбыз жайкы мезгилде ремонтко токтотулган. Ошондуктан Ош шаарында жайгашуу, документ тапшыруу маселелери абитуриенттердин, ата-энелердин өздөрүнүн жоопкерчилигинде болуш керек. Ошондуктан биз райондордон документтерди кошумча кабыл алып жатабыз.
XS
SM
MD
LG