Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Кандуу окуялардын изи менен


Оштогу тополоң күндөрдөн кийин кырдаалды аскердик күчтөр көзөмөлдөп калды

Оштогу тополоң күндөрдөн кийин кырдаалды аскердик күчтөр көзөмөлдөп калды

Июнь айындагы коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия Ош жергесинде иштей баштады. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Абдыганы Эркебаев жетектеген комиссия адегенде этностор аралык кагылышуудан айрыкча жабыркаган Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак, Шарк жана Мады айыл өкмөттөрүнүн тургундары менен жолугушту.

Комиссия 2010-жылдын 10-сентябрына чейин кайгылуу окуялардын себептерин иликтөөгө алып, тиешелүү жыйынтыкты президенттин кароосуна бериш керек.

1-августтан бери комиссия мүчөлөрү облус жана райондук бийликтин башчылары, тартип коргоо органдарынын жетекчилери жана жаңжалдын күбөлөрү менен жолугушуп, кан тополоң окуялардын себеп натыйжасын изилдеп жатышат. Комиссия мүчөлөрү менен жолуккан жергиликтүү калктын өкүлдөрү өз кезегинде тополоңдун чыгуу себептери боюнча өздөрүнүн билген фактыларын, ой-пикирлерин билдирип, ошол эле учурда окуянын кылдат жана калыс териштирилишин талап кылышууда.

Абдыганы Эркебаев
Комиссия төрагасы Абдыганы Эркебаевдин
ырасташынча, июнь коогалаңы менен бирге 1990-жылдагы Ош окуясы да кошо иликтенмекчи. Эгерде президент белгилеген 10-сентябрга дейре тийиштүү корутунду чыгарууга үлгүрүшпөсө, комиссиянын иш мөөнөтү узартылышы да ыктымал.

Анткен менен массалык башаламандык убагында жабыркаган Алай жана Кара-Кулжа райондорунун айрым тургундарынын “Азаттыкка” кайрылып, улуттук комиссия тоолуу аймактарды кыдырып, июнь окуяларынын активдүү катышуучуларын угуп коюусун өтүнүшүүдө. Атүгүл алар өкүлдөрүн Ош шаарына жөнөтүшкөндүгүн да кошумчалашты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы буга чейин Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу булоон Бакиевчилер менен эл аралык террордук күчтөрдүн биргелешкен кыянат аракеттеринин натыйжасы деп билдирүү жасаган.

Коопсуздук кызматы жүргүзгөн алгачкы иликтөөлөргө караганда, Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык кагылышуу уюштуруу үчүн бул өлкөнү бийлеген мурдагы режимдин төбөлдөрү "Ислам Жихады" уюму, Талибан, Өзбекстандын Ислам кыймылы жана Бириккен тажик оппозициясы менен биргелешип, террорчуларды 30 миллион долларга тымызын жалдашкан.

Жаныш Бакиев
УКМКнын версиясы боюнча жалданган согушкерлер Кыргызстандын түштүгүнө июндагы окуялардын алдында Бадахшан тоолору аркылуу Тажикстандын Хорог жана Мургат аймагы аркылуу тымызын жылып киришкен. Алардын Кыргызстанга киришине Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев менен байланышта болгон тажик оппозициясынын талаа командири жана ири наркобарон түздөн түз колдоо көрсөткөн.

Коопсуздук кызматынын чалгындоо маалыматтарына караганда, өлкөдөгү улуттук-маданий борборлордун айрым лидерлери өздөрүнүн саясий мүдөө-максаттарын ишке ашыруу үчүн террорчулар менен талапташ болуп калышкан. Мындай улуттук маданий борборлордун лидерлеринин бирөөсүнүн тополоң уюштурууга 100 миң АКШ долларын жумшагандыгы жөнүндө күбөлөрдүн далилдүү көрсөтмөлөрү бар.

УКМКнын соңку маалыматтарына караганда, 11-июнда Ош шаарында дүрт этип, андан соң Ош жана Жалал-Абад облустарынын бир топ аймагына жайылган кандуу тополоңдун учурунда 355 адам каза болду. Эки миңден ашуун киши ок жеген жана зордук-зомбулуккка кабылган. Миңге жакыны ооруканага жатып чыкты.

Өзгөчө кырдаал министрлиги массалык башаламандык учурунда 2168 имарат, анын ичинде 1841 турак жай өрттөлүп-талкаланганын кабарлады. Жалпы материалдык чыгым азырынча 3 миллиард 265 миллион 376 миң сом деп бааланууда.

Кан тополоң окуялар боюнча Улуттук коопсуздук кызматы, Башкы прокуратура ондогон кылмыш иштерин козгоп, иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүп жатат. 24 адам шектүү делип кармалып, суракка алынууда. Кан тополоң окуялардын 19 активдүү катышуучусу камакка алынган.

Президент Курманбек Бакиев жана анын жакын чөйрөсү Кыргызстандагы тополоң окуяларга катышы жок экенин билдирип, өздөрүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагышууда. К. Бакиев Минскиде маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларга анын өзүнүн жана жакындарынын эч тиешеси жок экендигин билдирген. Анткен менен жакында кармалган экс-президенттин иниси Акмат Бакиев, мурдарак кармалган инисинин баласы Санжар Бакиев тополоң окуялардагы бир катар эпизоддор боюнча шектелип, суракка алынууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү, эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигин өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуяларды калыс жана объективдүү иликтөө үчүн эл аралык комиссия чакыртууну сунуш кылып келатышат. Кыргыз бийлиги эл аралык комиссия келип, улуттук комиссия менен катар аралашып иштешине макул экенин билдирген.

Ошко кантип бейпилдик орнотобуз? (2-бөлүк)

x
XS
SM
MD
LG