Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Ош: Көп кабаттуу үйлөргө көчүүгө көңүл жок


Ошто тополоңдон жабыркагандар мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Абдыганы Эркебаевге арыз-армандарын айтышууда
Ошто тополоңдон жабыркагандар мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Абдыганы Эркебаевге арыз-армандарын айтышууда

Ош шаарынын жаңы генпланы бүткөрүлдү. Ал Өкмөт тарабынан каралып, бекитилүүсү күтүлүүдө. Бул документке ылайык шаар кыйла кеңейтилип, көбүнчө көп кабаттуу батирлер курулмакчы. Жаңы турак жайлар июндагы жаңжалда үй-жайынан ажырагандарга берилмекчи. Бирок жабыркагандардын көпчүлүгү эски конушунда калууну каалашууда.

Ош шаарынын жаңы генпланы бүткөрүлүп, калаа депутаттары тарабынан жактырылып, Өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Бул туурасында түштүк башкалаасынын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабиров “Азаттыкка” билдирди.

Ошто тополондо көп үйлөр өрттөлүп, жашоого жараксыз болуп калды
Биринчи вице-мэр аталган документке ылайык Кара-Суу районунун аймагындагы айрым айылдарды түштүк башкалаасынын карамагына өткөрүп, ошолордун эсебинен шаарды кыйла кеңейтүү маселеси чечилүү алдында тургандыгын белгиледи.

Таалайбек Сабиров өз сөзүндө шаар жетекчилиги мындан ары көп кабатуу үйлөрдү курууга ыктай тургандыгын, жакында бүткөрүлчү көп кабаттуу он турак жайдын 500-600 чакты батири июндагы жаңжалда үй-жайынан ажырагандарга ыйгарылаарын ачыктады.

Калаа бийлигинин өкүлү ошондой эле тополоңдон жапа чеккендердин баарын кышка дейре турак жай менен камсыздоо мүмкүн эместигин, ошондуктан башпаанексиз калгандарды азырынча санаторийлерге жана эс алуу жайларына жайгаштыруу маселеси чечилип жаткандыгын да айтты.

Ошто тополоңдо үй-жайынан айрылгандардын бир тобу чатырларда жашоодо
Этникалык кагылышуу убагында үй-жайы өрттөлүп же талкаланган оштуктардын басымдуу бөлүгү чатырларда, айрымдары тууган-уруктарыныкында же балдар лагерлеринде жансакташууда. Алардын көбү эски журтун таштап, жаңы конуштарга барчудай түрү жок.

Анын үстүнө президент Роза Отунбаева Ошко жасаган сапарында жабыркагандар менен жолугуп, эч ким аларды мажбурлап көчүрүүгө акысы жоктугун, курулуштарга каражат ажыраткан эл аралык донорлор дагы ушундай шарт коюшкандыгын айткан эле.





Ош: Азаптуу жана армандуу күндөр


Ош: азаптуу жана армандуу күндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00

XS
SM
MD
LG