Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Эркин Мамбеталиевдин доо-арызы боюнча сот 9-декабрда башталат


Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев.
Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев.

Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Турдукуловдун үстүнөн быйыл ноябрдын этегинде сотко кайрылган. Ал "Фейсбуктагы" билдирүүлөр "аброюма шек келтирди" деген негизде арыз жазып, моралдык зыян катары 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Адил Турдукулов Мамбеталиев тууралуу посттору далилдерди, шилтемелерди келтирүү менен жазылганын айтууда:

- Муну саясий куугунтук десе болот. Анткени, мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин интернеттеги пост үчүн депутат Дастан Бекешев жарандык активист Мавлян Аскарбековду сотко берген. Азыр менин бардык постторумду топтоп чыгышыптыр. Мен Эркин Мамбеталиевди "киши өлтүргүч, бир нече адамды өлтүргөн" деп атагам. 2010-жылы Атамбаевдин кийлигишүүсү менен мыйзамсыз бошотулган деп 2014-15-жылдары жазган болчумун. Анткени соттун чечими бар. Ошолорду шилтеме кылгам. Бул жылы жазган эмесмин. Бирок, эмнегедир Мамбеталиев азыр сотко кайрылып жатат.

Эркин Мамбеталиев буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. 2005-жылы, андан кийин 2010-жылы эки ирет абактан бошоп чыккан. Анын Турдукулов боюнча доо-арызын Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт.

Мамбеталиевдин аты былтыр “Вечерний Бишкек” гезитине байланыштуу ызы-чууда айтылган. Басылманын ошол кездеги жамааты рейдерлик басып алуу болуп жатканын жана анын артында тургандардын арасында Мамбеталиев да бар экенин жарыялаган. Эркин Мамбеталиев “Вечерний Бишкек” басылмасын сотко берип, кадыр-баркыма шек келтирди деп 50 миллион сом талап кылган.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин Мамбеталиев менен байланышы бар деген маалыматтарды четке каккан. (NT)

XS
SM
MD
LG