Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Сирия армиясы Алеппонун чыгышындагы урушту убактылуу токтотту


Алеппо.
Алеппо.

Сирия армиясы Алеппонун чыгышындагы согушту убактылуу токтотту. Мындай маалыматты Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 8-декабрда ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Гамбургдагы жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, Алепподон сегиз миңге жакын жай тургун чыгарылууда.

Лавров муну Сирияда кагылышуулар башталгандан берки эң чоң гуманитардык операция деп атады. Ал АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен акыркы эки жолугушууда Алепподо кырдаалды жөнгө салуу үчүн аскерий эксперттер менен дипломаттардын жыйынын өткөрүүнү макулдашканын кошумчалады. Буга чейин Алеппонун чыгышындагы козголоңчулар акыркы 26 күндөгү урушта 800дөн ашуун адам курман болуп, дагы үч миңге жакыны ар кандай жаракат алганын маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG