Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

УКМК: Кан тополоңду Бакиевдер жалдаган баш кесерлер жасаган


Оштогу тополоң окуялар

Оштогу тополоң окуялар

Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу булоон Бакиевчилер менен эл аралык террордук күчтөрдүн биргелешкен кыянат аракеттеринин натыйжасы болуп саналат. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бүгүн ушундай бүтүмүн жарыя кылды.

Алгачкы иликтөөлөр бул өлкөнү бийлеген мурдагы режимдин төбөлдөрү Ислам жихады уюму, Талибан, Өзбекстандын Ислам кыймылы жана Бириккен тажик оппозициясы менен биргелешип, террорчуларды 30 миллион долларга тымызын жалдап, Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык кагылышуу уюштурганын көрсөттү.
Максим Бакиев


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев билдирген маалыматтарга караганда, экс-президент К. Бакиевдин уулу Максим Бакиев өзү демилгечи болуп, 2010-жылдын апрель айында Араб Эмиратында Өзбекстандын Ислам Кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушкан.

Май айынын башында Бакиевдин үй-бүлөсүнүн эки өкүлү Ооганстанда Талибан, Өзбекстандын Ислам кыймылы жана Бириккен тажик оппозициясы менен чогуу бир жыйынга катышып, Өзбекстандын Ислам кыймылынан Кыргызстандагы абалды бузуп-жаруу үчүн жардам алуу тууралуу макулдашкан экен.

Өздөрүнүн максатын ишке ашыруу үчүн бакиевчилер эл аралык террорчуларга 30 миллион доллар сыйлык акча убада кылышкан. Кеңешбек Дүйшөбаев бул маалыматтар боюнча далилдер жетиштүү экендигин билдирди.

-Мына чалгындоонун, оперативдик маалыматтардан алынган кабарлар жана Максим менен Жаныш Бакиевдин сүйлөшүүлөрү ким уюштуруучу болгонун, каржылар кайдан келгенин толугу менен айгинелеп турат,-деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

2010-жылдын май айында Ислам жихады союзунун мүчөлөрү өзбек улутундагы 15 тажрыйбалуу согушкерди Пакистан аркылуу жашыруун түрдө Кыргызстанга алып киришкен. Алардын ичинде жардыруу иштерине машыккан адистер жана көзгө атарлар болгон. Бул диверсиялык топту "Ильхом" атыккан улуту өзбек Кокон шаарынын тургуну жетектеген. Аларга "Абдулла" атыккан, улуту өзбек, түбү ташкендик адам жол көрсөтүп, Пакистан-Ооганстан-Тажикстан аркылуу ээрчитип келген. Согушкерлерге документтер Кыргызстандын ичинде Сузак районундагы аты-жөнү аныкталган адам аркылуу жасалып берилген.

Кандуу калабада колдонулган куралдар
Согушкерлер Кыргызстандын түштүгүнө июндагы окуялардын алдында Бадахшан тоолору аркылуу Тажикстандын Хорог жана Мургат аймагы аркылуу тымызын жылып киришкен. Алардын Кыргызстанга киришине Жаныш Бакиев менен байланышта болгон
тажик оппозициясынын талаа командири жана ири наркобарон түздөн түз колдоо көрсөткөн.

Кыргызстандагы кырдаалды бузуп-жарып кан тополоң салуу үчүн Ислам жихады уюму аркылуу Кыргызстанга Тажикстан аркылуу 250 миң доллар алып киришкен.

Ош жана Жалал-Абаддагы кан тополоңго айланып кеткен улут аралык кагылышууда диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн абдан машыккан көзгө атарлар активдүү катышкан. Алар Жалал-Абад, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда ок атууларды уюштуруп, диверсиялык аракеттерди жасап коюп, жашынып калып, утур-утур башка жерлерге орун которуп турушкан. Айрыкча, өзбек улутундагы адамдар жыш жашаган жерлерде кечки убактарда ыйык согуш ураанын чакырып, элди кагылышка түртүшкөн.

Кан тополоңдо колдонулган куралдар
Террористтердин аракеттерин колдоого алуу максатында Бакиевдер өздөрүнүн жактоочуларына ар кандай көрсөтмөлөрдү берип турушкан. Трагедиялуу окуялардын учурунда Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү мурдагы министрлер, атка минерлер активдүү аракеттерге өтүшкөн. Азыркы убакта алардын аткарган ролун аныктоо боюнча тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

-Мисалы, мурунку министр Камчыбек Ташиев, эсептөө палатасынын башчысы Искендер Гаипкулов жана башкалар. Алардын тегерегинде биз оперативдик текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алардын ролу канча экендигин тактап туруп, андан кийин тиешелүү мыйзамдуу түрдө чараларды көрөбүз,-деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

Камчыбек Ташиев
Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев өз кезегинде анын дарегине айтылган айыптоолордун негизсиз деп белгилеп, түштүк жергесинде болгон окуяларга оң жагынан гана катышы болгонун билдирди:

- Элдин кандайдыр бир деңгээлде өмүрлөрүн сактап калуу, тынчтыгын сактап калуу боюнча. Азыр мына Жалал-Абадга келсеңиз элдин бүт баары айтып берет. Мындан артык кандай далил керек.

Коопсуздук кызматынын чалгындоо маалыматтарына караганда, өлкөдөгү улуттук-маданий борборлордун айрым лидерлери өздөрүнүн саясий мүдөө-максаттарын ишке ашыруу үчүн террорчулар менен талапташ болуп калышкан. Мындай улуттук маданий борборлордун лидерлеринин бирөөсүнүн тополоң уюштурууга 100 миң АКШ долларын жумшагандыгы жөнүндө күбөлөрдүн далилдүү көрсөтмөлөрү бар.

УКМКнын соңку маалыматтарына караганда, 11-июнда Ош шаарында дүрт этип, андан соң Ош жана Жалал-Абад облустарынын бир топ аймагына жайылган кандуу тополоңдун учурунда 214 адам каза болду. 2137 адам ар кандай жаракат алышып, миңге жакыны ооруканага жатты. 453 үй-жай, 166 соода жайлары, алты базар жана алты мекеме-уюмдун имараттары, ошондой эле миңден ашык тамактануу жайлары, ар кандай курулуштар кыйроого учурады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кан тополоң окуялар боюнча сегиз кылмыш ишин козгоп, иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүп жатат. 24 адам шектүү делип кармалып, суракка алынууда. Кан тополоң окуялардын 19 активдүү катышуучусу камакка алынган.

Мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакын чөйрөсү Кыргызстандагы тополоң окуяларга катышы жок экенин билдирип, өздөрүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагышууда. Бир күн мурда К. Бакиев Минскиде маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларга анын өзүнүн жана жакындарынын эч тиешеси жок экендигин билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG