Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Кыргызстандын түштүгүндө кырдаал кандай өнүгөт?


Өткөн аптада Бириккен Улуттар уюмунун адистер тобу Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал, кышка чейин жагдай кандай өнүгүшү мүмкүн экенин талдап, ал боюнча сунушун жарыялашты. Документке ылайык, Ош менен Жалал-Абадда ушу тапта 37500 кишинин жашаарга үйү жок, алачыкта, же ар кайсы жерде баш калкалап жүрүшөт.

Дагы 35 миңдей адам өз үйүнө кайтып бара элек. Ошто 3 мектеп талкаланып-өрттөнүп, дагы он чактысын шашылыш оңдоп куруу зарыл. Жергиликтүү эл, айрыкча өзбектер коопсуздугунан чочулап, көчөгө чыга албай отурганын айтышат. Улуттар Уюмунун чукул даярдалган документи "Азаттыктын" Прагадагы студиясында уюшулган тегерек үстөлдө талкууга алынды.

Талкууга катышкандар:


Чолпон Жакупова, “Адилет” укуктук клиникасынын директору. (Бишкек)

Жантөрө Сатыбалдиев, Кыргызстандын вице-премьер-министри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору. (Ош)

Арабай Ахмадалиев, жапа чеккендерге жардам көрсөтүү коомунун жетекчиси. (Ош)

Алишер Сыдыков, Азаттык/Эркин Европа радиосунун өзбек кызматынын директору. (Прага)

Венера Жуматаева, "Азаттык" үналгысынын кызматкери. ( Прага)

Брюс Панниер, Азаттык/Эркин Европа радиосунун талдоочусу. (Прага)


Венера Джуматаева:
БУУнун эксперттеринин берген баасы боюнча Ош жана Жалал-Абад областтарында 400 миң чамал адам жардамга жана коргоого муктаж. 37500 адамдын жашай турган жери жок, 75 миң адамга кыш түшкөнгө чейин жардам бериш керек. БУУнун атайын тобу түштүктө кырдаал бара-бара оңолорун, бирок улут аралык мамилелер али морт экенин жазыптыр. Документке караганда, милиция жана коопсуздук органдары менен бейформал куралчан топтордун ортосунда майда-барат, чаржайыт кагылышуулар болушу ыктымал. Чоң саясий же башка кризис болбойт, бирок бардык жарандарды зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө сырттан жардам керек болуп жатат. Бул окуялар оң багытта өнүгүп кеткен учурдагысы.

Жаман сценарий катарында БУУнун адистери түштүктө башка райондордо дагы этникалык топтордун ортосундагы жаңы кагылыштар болушу ыктымалдыгын белгилейт. Коркутуп-үркүтүүлөр, кармап-камоолор, мүлктөрдү тартып алуу зордук-зомбулуктун жаңы толкунун жаратып, кылмыштуу топтор, диний-экстремисттик топтор учурдан пайдаланып, кайрадан кан төгүүлөрдү уюштуруп, бул аймактан көп сандаган калктын көчө качышына алпарышы мүмкүн. БУУнун адистери мына ушундай эки башка сценарийди карап жатышат. Аталган документте айтылган сөз көп, биз анын маани-мазмунун кыскача гана айтып кеттик. Биз бүгүнкү талкуунун жүрүшүндө жакынкы аралыкта кырдаал кандай өнүгө тургандыгын болжоп карап көрмөкчүбүз. Мына бат эле жай бүтүп, күз келет, ошондо Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал эмне болот? БУУнун документинде айтылган коркунучтардын алдын алып, кырдаалды оңдоп кеткенге Кыргызстандын чама-чаркы жетеби? Жантөрө Жолдошевич, Кыргызстан коогалаңдын отун өчүрүп, кырдаалды колго алып кете алабы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Бул үчүн Кыргызстандын бүт калкы жана мамлекеттик уюмдар, бейөкмөт уюмдар, бардык саясий партиялар, бүт бардык патриоттор кырдаалды жакшыртууга жана кас душмандарга каршы турганга, Кыргызстандын түштүгүндөгү коркунучтардын жайылып күчөп кетишине жол бербегенге жапырт умтулушу керек. Менин оюмча, кырдаалды оңдоп алганга өткөөл өкмөттүн күчү жетет. Бирок калайык калктын, эл аралык коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын колдоосу керек.

Венера Жуматаева: БУУнун адистери эскертип жаткан коркунучтуу сценарийге жол бербеш үчүн өкмөт азыр эмне чараларды көрүп жатат?

Жантөрө Сатыбалдиев: Жергиликтүү бийлик органдары жапа чеккен райондордо элдин ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Биздин дирекция Базар-Коргон районунда калыбына келтирүү иштерин баштады, жакынкы убакта Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу райондорунда ушундай эле иштерге киришебиз. Кышка чейин биздин жарандарды үй-жай менен камсыз кылууга мүмкүн болгон бардык аракетти жасайбыз.

Алишер Сыдыков: Ушуга байланыштуу бизде мындай суроо бар. БУУнун өкүлдөрү калыбына келтирүү иштери өзбек калкынын эсебинен жүргүзүлбөшү керектигин эскертип жатышат. Башкача айтканда, Ош шаарында жашаган калкты аралаштыруу сыяктуу сунуштар айтылган эле, бирок БУУнун пикиринде бул нааразылыкты кайра ого бетер күчөтүшү мүмкүн. Мына ушул жагынан алып караганда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү сиз кандай көрөсүз?

Жантөрө Сатыбалдиев: Урматтуу Алишер, биздин өкмөт, анын ичинде биздин дирекция ар бир адамдын улутуна карабастан менчик укуктарынын, жарандык башка укуктарынын сакталышына кепилдик беребиз.

Венера Жуматаева: Арабай Акбаралиевич, азыр Жантөрө Жолдошевич Кыргыз өкмөт жүргүзүп жаткан иштерди айтып берди. Сиз кандай дейсиз, Кыргызстандын өкмөтү кырдаалды оңдош үчүн жетиштүү аракет кылып жатабы?

Арабай Ахмадалиев: Кыргызстандын өкмөтү өздөрүнүн пландуу иш чараларын мүмкүнчүлүгүнө карап жүргүзүп жатат, бирок бул аракеттер жетишсиз, дагы күчөтүү керек.

Биринчи кезекте жапа чеккен адамдарга ишенимди кайтарып алып келиш керек. Азыр бюрократиялык тоскоолдуктар чыгып жатат, адамдар документтерин таба алышпай машакат чегип жатышат. Анткени бир документти алыш үчүн экинчи документ керек, экинчи документи күйүп кеткен. Үчүнчүсүн табайын десе анысы да жок. Мына ушинтип, кайда барсаң мамайдын көрү болуп, адамдар укуктук документтерин калыбына келтире алышпай кыйналып жатышат.
Турак-жайдын документтеринен тартып жарандык документтерине чейин.

Өкмөт кышка чейин үй куруп киргизип коет дегенге ишенген адам аз. Биз конкреттүү сунуштар менен кайрылганбыз, бирок эл аралык уюмдардан жооп болгон жок. Мен биздин алты сунушту кыскача айтып кетейин.

Биринчиден, волонтерлорду ар бир участкада жапа чеккендердин өздөрүнүн ичинен алган туура болмок. Экинчи-тополоңдо жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча эл аралык уюмдардын юристтер тобун түзүү керек.

Үчүнчүдөн, гуманитардык жардамды таркатууну даректүү жолго салыш керек. Биз гумжардам биринчи кезекте жабыркагандарга жетсин үчүн бүт даректерди тактап бердик.

Төртүнчүдөн, республикадан кетүүнү каалагандар үчүн эл аралык байланыштар бөлүмүн уюштуруу зарыл. Анткени 30 миң чамал жаштар сыртка, Россияга кетти. Алардын коопсуздугун ойлоо керек, анткени бөтөн жерде аларга кыйын эле болот.

Бешинчиден, адвокаттардын мобилдүү топторун түзүү кажет, анткени мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамсыз кармап камоолорго жол берилбеши керек.

Венера Жуматаева: Эгерде кышка чейин бардык проблемаларды кыргыз өкмөтү чеч албаса, абал кандай болот деп ойлойсуз?

Арабай Ахмадалиев: Биздин Ош шаарында жашаган калк 100 пайыз бири-бирине тууган. Бир дагы адам көчөдө калбайт, туугандары каралашат, алып кетет. Бул жагынан ызы-чуу чыгарып кереги жок. Азыркы убакта эң башкы маселе канча курулуш жана аларды кандай куруу жөнүндө маселени туура чечип алыш керек.

Үч ай мөөнөт коюп жатышат. Кечирип койгула, үч айда сарай куруп да бүтө албайбыз. Көп убада кыла берсек, сапатсыз курулуштар болот. Мүшөктөрдү көңдөй жаңгак менен толтура бербейли. Турмушка реалдуу карап туруп, үч жыл чыдайбыз дагы шаарды талаптагыдай кылып калыбына келтиребиз деп айтышыбыз керек.

Ал эми кышында үй-жайсыз калган адамдарды туугандары алып кетет, мен мисалы 30-40 пайыз адамга жардам бере алам. Эптеп кыштап чыгышат, эчтеке эмес. Мурда адамдар эки бөлмөлүү үйлөрдө үчтөн үйбүлө жашачу. Азыр бир жылда эчтеке өзгөрүп кетпейт, чыдай туруш керек. Менин сунушум ушундай.

Венера Жуматаева: Мен Бишкек студиясында отурган Чолпон Жакупова айымга кайрылгым келет. БУУнун адистери мектепке даярдык көрүү сыяктуу чоң маселеге көңүл буруп жатышат. Үч мектеп толугу менен өрттөнүп кетиптир, ондон ашык мектепте чоң кыйроолор бар. Мугалимдердин арасында моралдык жактан басынуу көрүнүштөрү күчтүү, көпчүлүгү мектепке барып иштебей турганын айтып жатышат. Сиздин оюңузча мындай кырдаалды кантип оңдосо болот?

Чолпон Жакупова:
Мен шаар курулуштары боюнча адис болбогондон кийин калыбына келтирүү жумуштары жөнүндө айтпай эле коеюн. Бирок бул проблемалар балдардын билим берүү укуктарына чоң кедергисин тийгизип жатат. Жергиликтүү администрациялар бул проблемаларды чечет деп ойлойм, балдар коңшу айылдарга барып окушу мүмкүн. Бирок азыр элди ойлоноткон проблема бул эмес.

Менин байкашымда биздин талкуубуз негизинен адамдарды үй-жай менен камсыз кылуу жөнүндө кетип баратат. Мен Ош жана Жалал-Абад областтарына эки жолуп барып көрүп, адамдардын өмүрүнүн коопсуздугу эң биринчи турган маселе экенин билдим. Азыр Арабай айтып кеткендей, алар эки жыл чыдаганга макул, биздин адамдар чыдамкай эмеспи. Бирок адамдар күн сайын коркунучтун кучагында жашап жатат. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда чечилбеген толтура маселе бар. Бул БУУнун адистери даярдаган документте да айтылат, донорлордун алдында сүйлөгөн сөзүндө президент дагы муну ырастап кетти.

Венера Жуматаева: Айтыңызчы, адамдар өздөрүн коопсуз сезиш үчүн, аларды психологиялык жактан сакайтуу үчүн өкмөт биринчи кезекте кандай чараларды көрүшү керек?

Чолпон Жакупова: Бул үчүн өкмөт психологиялык жактан дарылашы керек эмес, өкмөт жөн гана мыйзамды сактап, так жана таза иштеши керек. Бирок өкмөт күн сайын мыйзамсыз декреттерди чыгарып жатса, мындай кандай үлгү алса болот. Эгер бизде эки баштуу өкмөт болуп жатса, жер-жерлерде адамдар кимге баш ийиши керек. Бизди укуктук жагынан баары астын-үстүн болуп жатпайбы. Проблема мына ушундай болуп жатат.

Венера Жуматаева: Бейөкмөт уюмдар өз кезегинде адамдарга жардам бериш үчүн эмне кылып жатат?

Чолпон Жакупова: Бейөкмөт уюмдар колдон келген бардык жардамын берип жатышат. Анын ичинде укуктук жагынан да жардам көрсөтүп жатышат. Тилекке каршы, менин көп кесиптештерим кысымга алынып жатат. Төлөйкан Исмаилованын мисалы мунун айкын көрүнүшү. Бакиевдин, Акаевдин режимине чыдаган адам убактылуу өкмөттүн бийлигинин тушунда өлкөдөн кетүүгө мажбур болду. Бул эмне дегендик? Бул мыйзамдуулук менен укуктун кандай сакталып жаткандыгынын айкын мисалы.

Алишер Сыдыков: Брюс бул талкууга чейин биз сиз менен сүйлөштүк элек. Сиз Оштон бир илгери үмүттөр менен кайтып келдиңиз эле. Сиз Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалдын жакынкы убактагы өнүгүшүн кандай көрөсүз?

Брюс Панниер: Албетте, көп мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок азыркы убакта өзбек маалелеринде болуп жаткан нерселер мени кооптондурат, жумшартып айтканда бул жакта жакын арада кырдаал жакшы болуп кетпейт. Менин оюмча биринчи маселе, Ош шаарын калыбына келтирүү керек, элдин ишенимин кайтарып келүү керек. Азыр элдин мамлекетке ишеними жок. Анткени алар мамлекеттен эчтеке алган жокпуз, эчтеке көргөн жокпуз деп айтып жатышат. Алар эл аралык уюмдардан жардам күтүп жатышат. Алар үйлөрүнөн чыккандан коркуп жатышат. Көчөнүн аягында “Мажүрүм тал” деген базарга да барбай калышты.

Өзбектердин арасында ишенимди күчөтүү зарыл, мамлекет кыргыздарга да, өзбектерге да бирдей калыс, акыйкат мамиле кыла турганына ишендириш керек. Өзбек маалелеринде текшерүү, тазалоо операциялары жүргүзүлүп жатканда милиция кызматкерлери, аскер адамдары тарабынан айрым учурда адамдар сабалган учурлар болуп жатат. Ошто мындан ары мындай кеткенге мүмкүн эмес. Эгер жакын аралыкта кышка чейин өзгөрүүлөр болбосо, мындан да жаман болот абал.

Кыргызстанда октябрда шайлоолор болгон жатат. Азыркы кырдаалда Кыргызстандын бүт калкы катышкан адилет шайлоолорду өткөрүү мүмкүн эмес. Өзбектер дээрлик сыртта калып жатат. Ошондуктан мен айткандай, биринчи маселе өзбектердин арасында ишенимди кайтарып келүү керек, өлкөдө кыргыздар менен өзбектердин баарына акыйкат бирдей мамиле бар экенин көрсөтүү керек. Алар үйлөрүн кайра куруп, турмуштарын оңдоп алганга мүмкүнчүлүк алышы керек.

Венера Жуматаева: Өзбек калкынын ичине ишенимди кайтарып келүү үчүн Кыргызстандын бийлиги кандай зарыл чараларды көрүшү керек?

Жантөрө Сатыбалдиев: Эң оболу мен биздин талкуунун катышуучуларына айтарым, Оштон чыккан маектештер өздөрүнүн сунуштары менен мага келишсин. Мага али эч ким келе элек. Сыртта туруп баа берип айткан оңой. Мен аларды Ленин көчөсү 318 дареги боюнча мэриядагы офисте күтөм.

Эл аралык эксперт Ошто көчөгө чыккандан коркуп жатышат деп айтып кетпедиби. Бул чындыкка жатпайт. Бүгүн шаарда баарысы сүйлөшүп катташып калышты. Бирок коркунуч сезими кете элек, болгону эки ай өттү. Жүрөктөгү жараатты айыктыруу абдан кыйын иш. Ошондуктан бир тараптуу эле кырдаалды курчута бергенден алыс болуш керек. Бардык эл аралык уюмдар эки тарапты карап, элди ынтымакка алып келүүгө иштеши керек.

Арабай Ахмадалиев: Мен Жантөрө Сатыбалдиевич менен макулмун. Мына, ММКлар бир тараптуу көрсөтүп жатышат. Биз өлгөн жана дайынсыз жоголгон 107 адам жөнүндө маалымат берген элек комендатура аркылуу укук коргоо органдарына. Бирок ММК болгону эки адамды көрсөттү. Мен өзүм барып ЭлТРге эки ай мурун жээним жөнүндө маалымат берген элем. Бирок аны бир да жолу көрсөтүшкөн жок. Ушундай бир тараптуу көрсөтүүлөрдү токтотуу керек. Ошондо гана элдин ичинде ишеним пайда болот.

Чолпон Джакупова: Мен дагы бир жолу айтып коеюн, бул жерде элди ынтымакка алып келиш үчүн жаңы методика ойлоп табыштын кереги жок. Ынтымактын өзөгүндө акыйкат болуш керек, ал эми акыйкат түшүнүгү мыйзамдарга жазылган. Эгер бардык укук коргоо органдары, прокуратура, спецназ, баарысы мыйзамды сактап, өздөрүнүн милдетин таза жана акыйкат аткарса, адамдар өздөрүн коопсуз сезгенге ушул эле жетиштүү.

Брюс Панниер: Эгер жергиликтүү чиновниктер жана Бишкектегилер эл менен, ошол эле өзбектер менен көп-көп жолугушуп турса, абдан жакшы болот эле. Менин баамымда алар узак жылдар бою чогуу-чаран жашап келген кыргыздар менен кайрадан ынтымак мамилеге курганга даяр. Жергиликтүү бийликтин жардамысыз алар өздөрүн жалгыз сезип атышат.

Венера Жуматаева: Анда эмесе сөзүбүздү аяктап жатып, бүгүнкү талкууга катышкандардын баарына ырахмат айтабыз.
XS
SM
MD
LG