Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Өлкөнүн мурдагы башчысы Курманбек Бакиевдин беш жүзгө жакын тарапкерлери бүгүн нааразылык акциясын өткөрүшүп, Оштун мурдагы губернатору Мамасадык Бакиров баштаган топ облустук администрацияны ээлеп алышты.

Акциянын катышуучулары жергиликтүү бийликтин азыркы жетекчилерин токтоосуз кызматтан кетишин, Курманбек Бакиевди тез арада алып келүүнү талап кылышууда.

Акция маалында Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакировду кайрадан кызматка дайындоо демилгеси көтөрүлдү. Шаар мэри Мелис Мырзакматов митингчилерди сабырдуулукка чакырды.

Борбордук аянтта облустун азыркы губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен мурунку губернатор Мамасадык Бакиров баштаган топтор сүйлөшүп жатышат.

Мамасадык Бакиров “Азаттыкка” аны эл дайындаганын, ошол себептен кызматын улантаарын айтты. Жергиликтүү тартип коргоо органдары шаарда баш аламандыкка жол берилберин билдиришүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов Оштогу кырдаал боюнча “Азаттыкка” буларды айтты:

-Мурдагы губернатор Мамасадык Бакировдун тарапкерлери азыркы иштеп жаткан губернатор Сооронбай Жээнбеков кетсин деген талап менен чыгышкан. Чогулган 1000 ге чукул адамдардын арасында Бакировдун да, Жээнбековдун дагы тарапкерлери бар. Учурда мурдагы губернатор Бакировдун жактоочулары азыркы иштеп жаткан губернатордун ордуна отуруп алды. Азыр эшиктин алдында губернатор Жээнбеков элдер менен сүйлөшүп атат, эч кандай тартип бузуулар, сынып же талкакланган буюмдар болгон жок. Коомдук тартипти Ош шаардык ички иштер башкармасынын кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Бакыт Сейитов ошондой эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы эки тарап менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, кандайдыр бир тартип бузуулар боло турган болсо мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн кошумчалады.

Облустук акимчиликти ээлеп алгандардын саны кечке жуук миңге чукулдаганы айтылды. Алар облус башчылыгына мурдагы губернатор Мамасадык Бакировду шайлап алышты.

Убактылуу өкмөт дайындаган губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, анын биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев болсо борбордук аянттагы элдин алдында турушту.

Бул арада Ош шаарынын булуң-бурчунан жана жакынкы райондордон Убактылуу өкмөттү колдогон адамдар чогула баштады. Алар Ош кыргыз драма театрынын алдына чогулуп, кечинде бул жерге эки миңден ашуун топтолду.

Акимчиликтин тегерегинде, ичинде дагы милиция кызматкерлери турушат. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Курсант Асановдун айтымында, алар эки тараптан тең үч нерсени - тартип сакталуусун, улуттар аралык араздашууга жол берилбесин, эч ким кагылышпасын талап кылып жатышат.

Ушул эле күнү кечке жуук коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков Ошко барды. Азырынча кырдаал жөнгө салына элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG