Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Кара-Кулжа районуна караштуу төрт айыл өкмөтү жайгашкан Алайкуу өрөөнүндө он жети миңге чукул киши жашайт. Тургундардын ырасташынча, эки айдан бери аймак энергетикалык, азык-түлүк жана маалымат блокадасына кабылды.

Ушундай кырдаалдан улам ички миграция күчөдү. Ага улай чек ара айылдары ачык калары күтүлүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү аталган өрөөндүн көйгөйү көңүл борборунда экендигин айтышууда.

Турмуш оор, шарт начар
Алайкуу өрөөнүндө элдин эсебинде он жети миң, Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалыматына караганда жыйырма миң киши жашайт. Жаратылышы катаал аймакта төрт айыл өкмөтү жайгашкан.

Эмгек ардагери Мурат Абдыкадыровдун айтымында, кышта үч ай, жайда эки айга чукул жол жабылып, өрөөндүн эли тышкы дүйнө менен байланышсыз калды:

Көпүрө оңдолуп жатат
- Төрт айдан бери пособие жок. Пенсияны да кечеңдетип таратуу адатка айланды. Жашообуз эшектин турмушунан да кыйындады. Сооронбай Жээнбеков губернатор деп угабыз. Дегеле дайынсыз. Алайкуулуктар эмне болуп атат, чагымда, алардын ойлондурбайт өңдөнөт.

Жаш адис Гүлүйпа Осмонова жаздагы жер көчкү жана жайдагы суу ташкын маалында телефон түйүндөрү толук кыйрагандыгын белгилеп, жердештери маалымат каатчылыгына кабылгандыгын ачыктады:

Кароосуз калган үйлөр көп
- Бул жерде байланыш, телевизор түгүл гезит-журнал жок. Эч нерсе укпай калдык. Анча-мынча Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү жаңылыктарды Оштон-төштөн келгендерден угуп жатабыз.

Көгарт айылынын тургуну Бакалбай Тойчуевдин баамында, азык-түлүк тартыштыгы эмитен эле кендирди кесип жаткан чагы.

- Ачыгын айтыш керек, ачкачылык босогобузду аттады. Мал-келди базарга алып барып саталы десек жол көбүнчө жабык. Аны шылтоолоп жол кире да кымбаттады. Ошого карабастан өлкө башчысы Роза Отунбаева, бийликтеги Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров элди каратып туруп алдап атышпайбы. Акаевдин тушунда да, Бакиевдин доорунда да оокат-ашты бизге окшогон алыскы аймактарга биринчи кезекте жеткирип турушчу. Азырчы? Тил эмизгенден башкага жарабай жатышат.

Бакалбай Тойчуев бийлик азыртадан кыштын камын көрбөсө, суук күчүнө киргенде алайкуулуктар жутка кабыларын эскертти.

Кыйла жыл агартуу тармагында эмгектенген Сатыбалды Кыдырмышевдин кебине караганда, акыркы мезгилдеги кыйынчылыктан улам өрөөндүн элинин, айрыкча өңчөй жаштардын тыш жактарга көбүрөк орун которуп жатышы каңырыкты түтөтпөй койбойт.

- Айыл жери, мына көрүп турасыңар, Улуу Ата мекендик согуштан кийинки акыбалды элестетет. Акыркы мезгилде ички миграция күчөдү. Дээрлик элүү жаштан ылдыйкылар, айрыкча жаштар шаарды карай тынбай көчүп атышат. Кыштактардагы үй-жайлар кароосуз жана бош калгандыктан, чалдыбарга айланып, кудум согуштан кийинкидей абалда. Анан мына бул чек ара жерин эл байырлап турбаса Кытай менен чек араны ким коргойт? Ушуну ойлогон чоңдор жок. Калк туруктуу жашабаса, ээн калган аймакка ар ким көз артып, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө бүлүк салбайбы.

Сатыбалды Кыдырмышевдин пикиринче, өкмөт чек ара айылдарында жашагандарга өзгөчө камкордук жасабаса Кыргызстандын келечегине балта чабылары шексиз.

«Ошэлектро» ишканасынын жетекчиси Асылбек Артыковду аталган аймакка караштуу Көңдүк кыштагынын чатынан жолуктурдук. Ал алайкуулуктар 28-июлдан тарта электр энергиясы менен толук камсыз этилерин билдирди:

Тар дарыясы
- Өзүңүз көрүп тургандай, Тар дарыясы ээ-жаа бербей ташкындагандыктан, Ой-Талдын көпүрөсүнөн тартып 124-таянычтан 135-электр таянычына чейин толук кыйрап калды. Азыр Алайкууда төрт-беш бригадабыз күнү-түнү иштеп атат. Жолдон көргөндүрсүз, линияларды тартып бүтөлү деп калдык. Акыркы эки күнкү жамгыр да колубузду тушады. Болбосо, жумушту дүйшөмбү же шейшемби бүтөт элек. Өзү план боюнча калыбына келтирүү иштерин аяктоо 10-августка белгиленген, бирок биз элеттиктердин талабын көңүлгө түйүп, 28-июлда өрөөндө электр жарыгын толук жандырабыз деп ишенчиликтүү айта алам.

Таң атат, кеч кирет. Маселе качан чечилет?
Мындан тышкары борбордук бийлик Алайкуу өрөөнүнүн көйгөйү көңүл борборунда экендигин айтууда. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Бакир Жолчиев буларды айтты:

- Бул багытта Убактылуу өкмөттүн буйругун чыгардык. Өзгөчө кырдаал министрлиги аркылуу Энергетика министрлигин беш жарым миллион сом менен каржылап, электр энергиясы маселесин чечтик. Жол бөгөлгөндүктөн, жумуш кичине кечеңдеп калды. Ал эми учурда элди күнүмдүк жол менен тейлеп атабыз. Мындан ары аймакта негизги тосмолорду курсакпы деген чечимге келдик.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG