Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Бишкектин мектептеринде экологиялык акция башталды


Архивден алынган сүрөт
Архивден алынган сүрөт

“Мектеп айланасын жашылдандыруу-2016” деп аталган апталык акция 22-октябрда башталды. Бир апта ичинде борбор калаадагы 27 мектептин айланасына 14 миңден ашуун көчөт тигилет. Бак-дарактарды жогорку класстардын окуучулары отургузуп, аларга кам көрүүнү кенже класстардын окуучуларына тапшырат. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, бул иш-чара балдарды айлана-чөйрөгө этияттык менен мамиле жасоого, бактар, мектеп жана жаратылыш үчүн жоопкерчилик алууга үйрөтөт.

Акция учурунда адистер бактарды туура отургузуу жана аларга туура кам көрүү боюнча кеңештери менен бөлүшүүдө.

Мектеп айланасын жашылдандыруу аракети өткөн жылы жазында башталган. Быйыл жыл аягына чейин 81 мектептин айланасына бак тигилет.

Эко-акция “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук уюмунун эко-долбоору алкагында, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин колдоосу менен уюштурулуп жатат. (ZKo)

Окуучулар эко-акцияга катышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

XS
SM
MD
LG