Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Кыргыз тилинин касиетин качырбай, кантип сактап калуу керек?


Ош аймагында кыргыз тили өзбектешип баратат деген көз караштар көптөн бери эле айтылып келатат

Ош аймагында кыргыз тили өзбектешип баратат деген көз караштар көптөн бери эле айтылып келатат

Ош жергесиндеги бир катар тилчи илимпоздор жана серепчилер акыркы жылдары кыргыз тили бузулуп, башка тилдерге сиңишип, а түгүл жоголуу жолуна түштү деп коңгуроо кагууда.

Жергиликтүү окумуштуулардын баамында, акыркы жыйырма жыл аралыгында кыргыз улутуна окшоп тили да кыйынчылыкка кептелди. Натыйжада көпчүлүк этносторго түшүнүксүз мамилелешүү каражаттары пайда болду. Бул туурасында Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору, белгилүү илимпоз Каныбек Исаков буларга токтолду.

- Тилдин жашоо формасында коне деген бар. Бир тил экинчисине аралашып, сүйлөө речи, дикциясы, интонациясы жана жалпы жонунан лексикасы ошол тилге окшошо түшөт. Буга Кара-Суу, Ош базарларында тиричилик кылган кытайлар менен кыргыздардын мамилелешүүсүн мисал тартсак жетиштүү. Мында коне тили эки элдин өкүлдөрүнүн турмуштук зарылчылыкка байланыштуу карым-катышынан улам жаралып олтурат. Ушул сыяктуу жасалма тилдер учурда бири-бирин түшүнүшүү каражаты катары калыптанууда.

Каныбек Исаковдун пикиринде акыбал ушул тейде уланса, айрым эл аралык иликтөөчүлөр болжолдогондой, кыргыз тилинин элүү жыл аралыгында жоголушу кеп эмес.

Анткени менен жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов мамлекеттик кыргыз тилинин кризиске кабылышына ириде массалык маалымат каражаттарынын айыбы чоң деп эсептейт:

- Мамлекеттик тил жөнүндө өзүнчө мыйзам бар. Бирок өзбек жана башка тилдүү жергиликтүү телеканалдар, гезиттер жана радиокомпаниялар аны таптакыр аткарышпайт. Ошол эле учурда Ош жергесинде Өзбекстандын беш-алты телеканалы үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турат.

Абай Эшмаматов Кыргыз Өкмөтү маалымат коопсуздугунун камын ойлобосо, Өзбекстан телеканалдары жакынкы жылдары түштүк жергесинде биротоло үстөмдүк кылып калышы күтүлүүдө деп коңгуроо какты.

Мындай ойду улаган Оштогу МезонТВ телекомпаниясынын директору Жавлон Мирзаходжаев кенебестик кыргыз тилинин түбүнө жетиши толук ыктымалдыгын эскертти:

- Алыс барбай, Казакстанды алалычы. Менчиктин түрүнө карабастан бардык телекомпанияларга мамлекеттик тилди өнүктүүрүү максатында грант бөлүнүп турат. Бизде КТРга жыл сайын 250 миллион сом ажыратылат. А ошол эле учурда менчик телеканалдарга сокур тыйын жок. Мамлекет муну жолго койбосо, кыргыз тили коркунучка гана кабылбастан, орус жана башка тилдерге сиңишип кетиши да толук ыктымал/

Жавлон Мирзаходжаев түштүк жергесин байырлаган өзбектердин ОшТВ, МезонТВ телекомпанияларынан башка маалымат булагы жоктугун белгилеп, аларды мамлекеттик тилге мажбурлап көчүрүү үзүрүн бербей тургандыгын билдирди.

Ошол эле учурда окумуштуу Каныбек Исаков мамлекеттик тилдин өзбектешип баратканына салым кошуп жаткан өкмөтчүл телеканалдарды катуу сындады:

- Өзбектер менен канчалаган жылдар бою карым-катыштабыз. Көпчүлүк сөздөрүбүз да сиңишип кеткен. Айрым телеканалдарда ушул аралашкан тил калыптанып баратат. А түгүл мен мамлекеттик же эркин телевидениенин дикторлорунда орфоэпия жок деп айтаар элем.

Ош мамлекеттик университетинин доценти Асылбек Айтманбетов болсо жоголуу жолоюна түшкөн кыргыз тилин сактап калуунунун төмөнкүдөй аргасын сунуш этти:

- Биз башка улуттарга мажбурлоо аркылуу эмес муктаждык жаратуу менен кыргыз тилинин кадырын көтөрүүгө тийишпиз. Муну жүзөгө ашыруунун жападан жалгыз жолу бар. Жарандарды чоң-кичине кызматтарга дайындоодон мурда мамлекеттик тилди билүүсүн, адабий формасында сүйлөй жана жаза алуусун негизги талап катары кийирүүбүз зарыл . Мындан тышкары Баш мыйзамдагы расмий тил макамын жоюубуз абзел.

Ош облустук бийлиги тилчилердин жана серепчилердин кооптонуусун четке кагууда. Губернатордун орун басары Гүлайым Машрапова тынчсызданууга негиз жоктугун белгиледи.
XS
SM
MD
LG