Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Ош: бейтаптарга улутуна карап мамиле жасалабы?


Оштук дарыгерлер тополоңдо ок тийген жарадарды карап жатышат, 20-июнь.
Оштук дарыгерлер тополоңдо ок тийген жарадарды карап жатышат, 20-июнь.

Ош, Жалал-Абад аймактарындагы коогалаңдуу абал тынчыган сайын адистер бүгүн бул жердеги эл биринчи кезекте психологиялык колдоого муктаж экендигин айтышууда.

Бирок азырынча мындай колдоо чектелүү болуп, өзбек улутундагы бейтаптар жергиликтүү дарыгерлерге баргандан коркуп жатышкан учурлар бар. Бул тууралуу түштүктө эки айга чукул мезгилден бери ар кыл медициналык жардам көрсөтүп келаткан Чек арасыз дарыгерлер эл аралык уюмунун соңку билдирүүсүндө айтылат.

Жоголгон ишеним

66 жаштагы Салиман Убайдуллаева (аты өзгөртүлүп берилди - ред.) Ош шаарында көчөдө белгисиз бирөөлөрдөн токмок жеп, бирок дарыланганы Оштон бир сааттык аралыктагы Он-Адыр айлындагы бейтапканага көрүнгөн. Ал жерден Убайдуллаева Оштун шаардык ооруканасына жолдомо алган. Онадырлык дарыгерлер ага рентгенге түшүп, ички органдарына кандай залака келгенин текшерүү үчүн Ош шаарындагы ооруканага барууга кеңеш беришкен, бирок Чек арасыз дарыгерлер деп аталган эл аралык медициналык жардам агенттигинин өкүлүнө ал Ошто көчөгө чыккандан коркуп жатканын, көңүл тындыруучу дары беришсе, үйдө эле отура берээрин билдирген.
Чек арасыз дарыгерлер уюмунун унаасы, Ош, 20-июль.

Чек арасыз дарыгерлер - Ош, Жалал-Абатта июндагы тополоңдон кийин калкка медициналык жардам көрсөтүп келаткан чет элдик саналуу уюмдардын бири. Бирок бул уюмдун «өзбектердин арасында кыргыз дарыгерлерине ишенич болбой жатат, алар үчүн өз алдынча оорукана керек» деген сыяктуу билдирүүлөрү кыргыз дарыгерлеринин намысына тийип, коомчулукта башка да нааразылыкты пайда кылды.

Акыркы билдирүүсүндө (9-август) аталган уюм жергиликтүү дарыгерлер ооруларды улутуна карап бөлбөстөн дарылап жаткандыгын белгилеп, бирок июндагы кагылыштардан коркуп калган айрым ооруларды жогорку баскычтагы медициналык мекемелерге барууга көндүрүү кыйын болуп жаткандыгын белгиледи.

Чек арасыз дарыгерлер уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми Бишкектеги өкүлчүлүгү биздин кабарчыга маалымат каражаттарынын кайрылуусуна жооп бере албай тургандыгын билдирди.

Жапа чеккендер психологиялык жардамга муктаж

Врачтар улутуна карап дарылабай койгон учурлар тууралуу укук коргоочу Равшан Гапиров да айтып келет. Бирок «жарадарларга врачтар түздөн түз ыдык көрсөткөнбү?» деген суроого келгенде Гапиров алардын мындай кылмыштарды карап турган учурлар болгон деп ырастады:

Гапиров: - Барганда карашпаган, урушкан экен, соткаларын тартып алышкан, өлүшүң керек деп айтышкан.

"Азаттык:" - Врачтар өздөрүбү?

Гапиров: - Врачтар карап турушкан.

"Азаттык:" -
Конкреттүү мисал келтире аласызбы?
Укук коргоочу Равшан Гапиров

Гапиров: - Мындай нерселер шаардык, областык ооруканада болду, мен асмандан алып айткан жокмун. Мындай көрүнүштөр (көбүнесе) тополоң-тоз болгон күндөрү болуп кетти, менде видео-тасмаларда бар. Бирок азыркы күнгө чейин өзбектер жакшы таанышы болсо көп акча төлөп барат, болбосо ооруканага бара албай калышкан.

Оштогу тополондо укук коргоочу Равшан Гапировдун да үйү өрттөлүп, кеңсеси талкаланган.

Жүздөгөн адам өлүп, миңдеген үйлөр талкаланып, турмуш ыргагы бузулган коомдо өз ара ишеним калыбына келгенге чейин бир далай убакыт өтөөрү бышык.

Рахима Кашакбаева Ош областтык ооруканасынын Экинчи хирургия бөлүмүн жетектейт. Анын айтымында, июнь окуяларынан бери анын кесиптештери жүздөгөн ооруларды кыргыз-өзбек дебестен, тикесинен туруп дарылашты:

- Оорулар көп келген жок. Жараат алгандар келди, желкесине, колуна, курсагына ок тийгендер келди. Алардын абалы оор болду. Коменданттык саат киргенден бир жума өткөндөн кийин дароо келе башташты. Үйүндө жатып, жаралары ириңдеп кеткендер келип атышты. Өзүм мааледе жашайм, урук-туугандарыма, тааныштарыма келгиле, дарылангыла деп айтам. Биздин ооруканада улут деген жок, оорулуу ким болсо болсун, милдетибиз - аны дарылаш.

Рахима Кашакбаева Ош областык ооруканасында 37 жылдан бери хирург болуп иштейт, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасын алган. Кезегинде 1990-жылдагы Ош окуяларында ал кооганын чордону болгон Өзгөн шаарында жарадарларды дарылаган адистин айтымында, азыркы күндө калк арасында ишенбөөчүлүк, коркуу сезимдери күчтүү бойдон кала берип жаткандыктан улам, дарыгерлерге сөз тийип жаткан болушу мүмкүн:

"Азаттык:" - Өзбектер кыргыз врачтардан дарылангандардан коркот, дарыланса да, кайра чет элдик врачтарга барып, «карап бергилечи, мени жакшылап дарыладыбы, жакшылап жарамды таңып бердиби?» деп кайрылган учурлар болгон экен. Мындай сөз кайдан чыгып атат?

Кашакбаева: - Имиш-имиш боло берет да, бири-бирине ишенбегенден чыгып жатат. Мен башкарган бөлүмдө болгон кайсы да оорулуудан сурагыла, болгонун болгондой айтып берем. Мен биздин ооруканага толук ишенем.
Оштун бир конушундагы талкаланган үйлөр

Адыл Мукрамов да (аты өзгөртүлдү) түштүктөгү окуялардан үйү өрттөнүп кеткен, азыр эшик-терезеси аңырайып, төрт дубалы эле калган үйүн кайтарып калган. Түнкүсүн уйку жок, көзү илинсе да кайра чочуп ойгонот. Мурдагыдай тынч уктап, күндүз ишке барып, кечинде бала-чака менен болгон тынч жашоону эңсеген бул тургун сыңарында психологиялык жактан жапа тарткандар бүгүн түштүктө көп. Бирок Кыргызстанда психологиялык жардам, айрыкча адамдын өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайларды башынан өткөргөн адамдар менен иштешүүдө кемчилик көп.

Ош областтык ооруканасынын башкы врачы Шайырбек Сулаймановдун айтымында, бүгүн мына ушул кемтикти жоюга айрым аракеттер жасалып жатат:

- Тополоң башталгандан билдик, бизде медицина өнүкпөй калган экен, адистер аз экен. Элдер табыптарга кайрылышчу. Биз эл аралык уюмдарга да кайрылып жатабыз. Тегерек үстөл, кеңешмелерди уюштуруп, бизге түшүндүрүп беришсе.

Сулайманов бүгүн калк арасындагы чочулоо менен күрөштө жана эки элди элдештирүүдө психологдор менен катар, ар кыл адистер, маалымат каражаттары жана биринчи кезекте өкмөт багыттуу иш алып барышы керек деп эсептейт:

- Өз алдынча оорукана курганга эч кандай зарылчылык жок, дарыгерлер керек болсо үйүнө чейин барып атат. Өзбек улутундагы дарыгерлер биздин ооруканда, кадимкидей эле иштеп жатабыз. Бизде динине, сайясатка көңүл бурган жокпуз. Он-Адырда медициналык пункт түзүлгөн, бир да арыз түшкөн жок, медиктер карабай жатат деген.

XS
SM
MD
LG