Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Роза Отунбаева Нарындагы элдин арыз-арманын укту


Президент Р. Отунбаеванын Нарын облусундагы иш сапары, 1-сентябрь 2010-жыл.
Президент Р. Отунбаеванын Нарын облусундагы иш сапары, 1-сентябрь 2010-жыл.

Бүгүн президент Роза Отунбаева Нарын облусуна иш сапары менен барып, Чкалов атындагы мектепте, Нарын мамлекеттик университетинде, Борбор Азия университетинде болду. Президент апрель окуяларына катышкан адамдар жана күч кызматкерлери менен да жолугушту.



Президент өзү окуган мектепке кайрылып келди

Нарын облусуна президент болуп шайлангандан кийин биринчи жолу келген Р.Отунбаева алгач шаардын борбордук көчөсүндөгү жолду оңдоо, асфальт төшөө жумуштары менен таанышты. Андан соң өзү 1-класстан 6-класска чейин окуп тарбияланган Чкалов атындагы орто мектебинде болду.

Р. Отунбаева аталган мектептин босогосун биринчи жолу биринчи класска барган 1956-жылы аттагандыгын, алгачкы билим жана тарбияны ушул мектептен алгандыгын, тоо койнундагы ушул алдыңкы мектептен орус тилин үйрөнгөнүн баса белгилеп, бул жактагы мугалимдерге таазим кылды.

Андан соң Нарын мамлекеттик университетинде болуп, студенттер менен жолугушту. Р.Отунбаева иш сапарынын кийинки бөлүгүн Нарын шаарынын Төш-Булак аймагында орун алган Агахан корунун Борбор Азия университетинин кампусунун курулушунун макети менен таанышты.

Тоолуктар жана алардын арыз-арманы

Президент менен жолугушуу андан соң облустук музыкалуу театрында уланды. Ал жерге чогулган Нарын облусунун активинин алдында сүйлөгөн сөзүндө Роза Отунбаева апрель окуясынын катализатору болгон Нарындагы февраль айында башталган алгачкы митингдерге токтолду.

Бийлик элдин ишеничин аткарбай келгендиги жөнүндө Роза Отунбаева мындай деди:

- Мурунку президенттерди деле элге иштеп бергиле деп эл сонун каалоосун айтып атса деле, тилекке каршы чоңдор, баарыбыз сиздин үмүтүңөрдү актай албай жүрөбүз ушул күнгө чейин.

Ошол жолугушууда сөз сүйлөгөндөр мектеп маселеси, түштүк окуясы, билим берүүдөгү реформа, шайлоону таза өткөрүү, айыл чарба проблемалары боюнча сөз кылышты.

Андан кийин облустук мамлекеттик администрациясынын тартип сакчылары менен жабык эшик артында жолугушту. Нарын облустук ички иштер башкармасы Нарынбек Молдоисаевдин «Азаттыкка» билдиргени маалыматы боюнча, ал жолугушууда президент алдыдагы шайлоодо тартип сакчыларын бир дагы партияны колдобой тартипти сактап берүүнү, шайлоону таза өткөрүүгө бардык аракеттерди жумшоого чакырды.

Роза Отунбаева өзүнүн иш сапарынын аягында апрель ыңкылапчылары жана таланып кеткен «Тянь-Шань» асыл тукум заводунун жумушчулары менен жолугушуп, алардын арыз-муңун укту. Ошондон кийин Р.Отунбаева Кеңеш айылындагы аба майданынан Бишкекке учуп кетти.

Бул жолку жолугушууда президентке мурдагыдай мактоолор айтылган жок, же болбосо чепкен, калпак кийгизүү аракети такыр болгон жок. Бирок ошол эле учурда карапайым элге сөз аз берилгенине нааразы болушту, анткени жарыш сөздөргө убакыттын тардыгына байланыштуу көп адам чыга алган жок.

XS
SM
MD
LG