Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Кооптонгон окуучулар, бош турган мектептер


Оштогу мектептерде окуучулардын сабакка катышуусу былтыркыга салыштырмалуу 8 пайызга төмөндөгөн. 2009-2010-окуу жылы шаардагы мектептерге жалпы 50 миңге чукул окуучу келген болсо, сентябрдан баштап 41 миң гана окуучу сабакка катышууда. Мектеп жетекчилери мунун себебин июнь айындагы коогалаңдан кийин кооптонгон ата-энелер балдарын башка жактарга которуп жибергендиги менен түшүндүрүшүүдө.

6-класстын окуучусу Анара мектепте активдүү болгондуктан сабактарды такыр калтырбайт. Анын үйү да өзү окуп жаткан №18 гимназия-мектебине жакын жайгашкандыктан, мектепке келүүдөн кооптонбой эле турат:

- Мен мектепке келгенден кооптонбой эле турам. Ата-энем мектепке классташ кыздарың менен чогуу барып, чогуу кел деп жатат. Азыр июнь айындагы коогалаңга байланыштуу эртең менен саат сегизде сабак башталып жатат. Мурдагыга караганда жарыкта келип, жарыкта кетип жатабыз.

Ушул эле гимназия мектебинин 8-классынын окуучусу Арстан сабакка келүүдөн чочулап жаткандыгын айтып берди. Аны учурда мектепке ата-энеси алып келүүдө. Мындан да Арстанды классынын жоюлуп кеткени көп капа кылууда. Анткени анын достору да кооптонуп сабакка келбей койгон:

- Быйыл мектепке окуучулар абдан аз келди. Ошого байланыштуу биздин класс жоюлуп кетти. Мурда 30 окуучу болсок, азыр 10 эле окуучу калдык. Досторумдун көпчүлүгү коркуп, башка айылдардагы мектептерге которулуп кетишти. Кечээ алтынчы күнү 8 эле окуучу келди. Кээде мени деле ата-энем сабакка жөнөтпөй коюп жатат.

Арстан белгилегендей, шаардын чок ортосунда жайгашкан мектептерге келүүдөн көпчүлүк окуучулар кооптонушууда. Мунун айынан аталган мектепте окуучулардын саны жылдагыдан 300гө азайган. «Алардын ата-энелери башка айылдардагы мектептерге которуп кетип жатышат» дейт директор Турдайым Карамырзаева:

- 930 окуучу менен биз былтыркы окуу жылын аяктасак, мына июнь айындагы коогалаңдан кийин быйыл сентябрды 664 окуучу менен баштадык. Биздин мектепке көбүнчөсүн шаарга жакын жайгашкан Мады, Фуркат, Кыргыз-Чек айылдарынан окуучулар келишчү эле. Ошол жактагы ата-энелердин көпчүлүгү кооптонуп, шаардын сыртындагы, же башка айылдардагы мектептерге которуп кетип калышты.

Ошондой эле директор коомчулукта чыгып жаткан ар түрдүү ушактар окуучулар менен ата-энелерди бушайманга салып жатканын билдирди. Анткени коогалаңдан психологиялык жактан жабыркап калган окуучулар кичине эле сөз чыкса чурулдап калышууда:

-Чындыгында азыр окуучуларга психологиялык жардамдарды беришибиз керек. Буларда билинбеген коркуу сезими пайда болуп калды. Буга байланыштуу атайын тарбиялык сабактарды өтүп жатабыз. Бирок баары бир окуучулардын арасында, ата-энелердин арасында ар кандай ушактар чыгып, кооптонуулар боло берет экен. Ага карабай окуучуларды коркуу сезиминен арылтуу үчүн түшүндүрүү иштерин уюштурганыбыз жыйынтыгын берип, окуучулар мурункуга караганда аз болсо да, чочулоо сезиминен арылып калышты,-деди №18 гимназия мектебинин директору Турдайым Карамырзаева.

Анткен менен ата-энелер окуучулардын коопсуздугун кароого бийлик өкүлдөрү жакшы көңүл бурбай жаткандыгын айтышууда. Ош шаарына караган Кыргыз-Чек айылынын тургуну Салия Осмонова балдарды ташуучу атайын автобустар алар жакка каттабай жатканына кейүүдө:

- Неберемди "мектепке өзүң барып кел" десем болбойт, "сиз барбасаңыз мектепке барбайм" деп барбай коет. Анан күнүгө иштен калып өзүм алып келип, кайра кечинде сабак бүткөндө алып кетип жатам. Балдарды мектепке ташып алып келет деп, атайын маршруттарды уюштуруп жатабыз дешкен эле, бирок биз жакка окуу жылы башталгандан бери атайын окуучулар үчүн каттамдар боло элек.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү окуучуларды ташуу үчүн Ош шаарында 10 маршрут боюнча атайын автобустар иштеп жатканын билдирүүдө. Ошол эле учурда шаардык билим берүү мекемелеринде ыктыярдуу 120 студент жана 30 укук коргоо кызматкери күзөтчүлүк кылышууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Ош шаарында окуучулардын сабакка катышуусу былтыркыга салыштырмалуу 92 пайызды түзүүдө. Июнь айындагы коогалаңда түштүк борбор калаада бир мектеп жана Кара-Суу районунда бир мектеп өрттөнүп кеткен болчу.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG