Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Оштогу мектептерде 344 миң китеп жетишсиз экендиги айтылууда. Айрыкча окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер окуу куралдары менен 40% гана камсыз болгон. Ошол себептүү алар Орусия, Өзбекстандан келген окуу китептери менен сабак өтүшүүдө.

Айрым серепчилер бул көрүнүш өлкөнүн идеологиясына чоң зыян тийгизерин эскертишсе, башкалары китеп жетишпесе кыргыз тилинен башка тилде окутулган мектептерди жоюуну сунуш кылышууда.

Жыргалбек окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн Оштогу №7 Нариман орто мектебинде 9-класста окуйт. Ал бул мектепте тырышып билим алганы менен, китептердин жетишсиздигинен көп убактарда кыйынчылыктарга кабылат. Анын классында окугандар айрым сабактар боюнча такыр эле китеп албай калышат:

- Биздин мектепте көп китеп жетишпейт. Мисалы, кыргыз адабияты, физика жана математика сабактары боюнча китептер дээрлик жокко эсе. Сабактарда төрт-бешөө бир китеп окуйт. Кээ бир окуучулар үч-төрттөн гана китеп алат. Ал китептердин да көпчүлүгү абдан эски. Китеп жоктугунан менин досторум сабактарда жетише албай калышат. Анан китеп жоктугунан окубай, башка жаман жолдорго да түшүп кетишет.

Эки өлкө үчүн бир китеп

Жыргалбек окуган Нариман орто мектебинде учурда 1924 окуучу билим алат. Мектеп жетекчилеринин айтымында, алар китеп менен 41% гана камсыз болгон. Айрыкча кыргыз тили жана тарых сабактары боюнча китептер 30 пайызды гана түзөт. Башка сабактардын да дээрлик бардыгы Орусиядан келген китептер менен окутулат. “Ал китептер Орусиянын билим берүү программасына ылайык жазылганы менен, биздин окуучулар үчүн оорчулук деле жаратпайт” дейт аталган мектептин орус тил мугалими Валентина Караваева:

- Орусиядан келген китептердин негизинде биз окуучуларды ошолордун стандартында окутабыз. Алардын китептерин окууда окуучуларга кыйынчылык деле жаралбайт. Сапаты да бизди канааттандырат. Маселен, менин классым кыргыз тили жана Кыргызстан тарыхы сабактары боюнча гана Кыргызстандын китептерин окушат. Калган сабактардан бүт Орусиянын китептери колдонулат. Ошол себептүү азыр да бизге Орусиядан китептер келип жатат.

Адис белгилегендей, бир эле Нариман мектебинде эмес, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн Оштогу бардык мектептер Орусиядан келген китептерди пайдаланышат. Жыл сайын аларга 30 миңден ашык китеп жардам катары Орусиядан берилет. Ошондо да орус мектептердин китеп фонду араң гана 35 пайызга толот.

Китептердин жетишсиздиги шаардагы өзбек тилдүү мектептерде да бар. Алар да жаңы окуу жылын 40% көрсөткүчтүү китеп фонду менен тосуп алышты. Буга чейин окутулуп келген Өзбекстандын китептери моралдык жана материалдык жактан эскирди деп иштетилүүдөн алынып салынгандан бери өзбек мектептери да китеп кризисине тушуккан.

Мугалим тажады, окуучу чарчады

Көпчүлүк өзбек балдары окуган Салижан Шарипов атындагы орто мектеби мурун 90% китеп менен камсыз болсо, азыр 30 пайызды түзүүдө. Мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары Халида Камилова буларга токтолду:

- Мурун бизде 90% китеп бар болчу. Сентябрдан бери бир топ китептер эскирди деп, иштен чыгарылганда биздин Өзбекстандан келген китептер дагы иштетилүүдөн калды. Эми азыр Кыргызстандын китептери жетишпей жатат. Балдар китеби жок окушат. Айрым сабактар боюнча бир эле китеп бар. Мугалим доскага жазып берет. Окуучулар аны кечке көчүрүп жазып, бир топ убара тартып жатабыз.

Ошентип айрым сабактардан мугалимде гана китеп болгондуктан, окуучуларга материалдарды ксерокөчүрмөдөн көбөйтүп окууга да туура келет. 11-класстын окуучусу Камила Ахматуллаева “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Биздин мектепте экология китептери таптакыр жок. Анан алгебра, жаңы чыккан экономика, орус адабияты, кыргыз адабияты, кыргыз тили, өзбек тили боюнча китептер жетишпейт. Химия китеби болсо мектеп боюнча бирөө да жок. Мугалим берген тапшырманы окуучулар аткара албай калышат. Кээде эле ксерокөчүрмөдөн өткөрүп пайдаланып калабыз. Мен, мисалга, ар бир сабактан китептерди кармап ксерокөчүрмөгө чуркап калам.

Коңгуроо

Деген менен аймактагы серепчилер, мындан ары да китеп тартыш бойдон кала берерин, ошондуктан окуучуларды кыйнабай, зарыл болсо өзбек тилиндеги мектептерди жабуу боюнча сунуштарын айтышууда. Серепчи Набиджан Керимбердиев мектептерде өзбек тилинде окуган окуучулар жогорку окуу жайларга тапшырууда кыйынчылыктарга кабыла тургандыгын билдирүүдө. «Ошол себептүү өзбек мектептерин кыскартуу керек» дейт ал.

- Биздин өзбек мектептеринде эски, мурунку өзбек тарыхын окуп келе жатышат. Негизинен биз Кыргызстандын жараны болгондуктан кыргыз тилинде окуп, Кыргызстан тарыхын үйрөнүшүбүз керек. Балдарыбыз өзбекче окуп, өзбекче сүйлөгөн менен Өзбекстанга барса окууга албайт. Кыргызстанда ЖОЖго окууга тапшырганда абдан кыйналышат. Ошондуктан биздин балдарды өзбекче окутушубуз керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо өзбек мектептерин кыскартып, жалаң кыргыз мектептерин ачыш керек.

Бул аралыкта адистер чет элдик китептер менен окутулуп жаткан мектептердин окуучулары ошол өлкөлөрдүн идеологиясына сугарылып жатканын эскертишүүдө. Учурда Ош шаарында өзбек тилиндеги 20 мектеп, орус тилиндеги 10 мектеп жана кыргыз-орус тилинде 15 мектеп балдарга билим берсе, окутуу жалаң кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 15 мектеп иш алпарат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Ош шаарындагы мектептерде жалпысынан 300 миңден ашуун китеп болсо, дагы 344 миң китеп жетишсиз бойдон калууда. Бул түштүк борбор калаадагы окуучулардын дээрлик жарымынан көбү китепсиз отурат дегенди түшүндүрөт. Шаардык билим берүү мекемеси бул көйгөйдү жабуу үчүн 27 млн. сом керектигин айтууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG