Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Өлкөдө кесибин таштап чет өлкөгө жумуш издеп кеткендердин көпчүлүгүн мугалимдер түзөт. Талдоочулар эми азык-түлүк каатчылыгынан улам окутуучу адистигинен айныгандар дагы көбөйөт деп кабатырланышууда.

Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде үч жылдан бери окутуучу болуп иштеп жаткан Тилек окууну бирге аяктап, азыр Орусияда иштеп жаткан досторунун тапкан кирешесин өзүнүн маянасы менен салыштырып, ойго батууда:

- Айына миң доллар айлык алышат экен. Жөн гана операторлор. Ал эми биз бул жерде окууну мыкты аяктагандар деп ишке калганбыз.

Тилек университетти кызыл диплом менен аяктаган. Деканаттын өтүнүчү менен окутуучу болуп иштеп калган экен. Үй-бүлө кургандан кийин өп-чап маянасы эч нерсеге жетпей, кошумча иш издөөгө мажбур болгон:

- Кечээ чыккан айлыгым үч миң эки жүз сом болду. Батир акысын төлөйсүң. Аның эки миң сом. Анын свети бар, газы бар, суусу бар. Анысы миң сом болуп калат. Бул айлык менен жашоо мүмкүн эмес. Фирмада кошумча иштейм. Ошону менен үй-бүлөмдү багып жатам.

Бир убакта ардактуу деп аздектелген окутуучулук кесиптин кадыр-баркы соңку жылдары оголе төмөндөп кеткени айтыла жүрөт. Мисалы, биология адистигин аяктап жаткан Нуржигит Касымов окуу жайга мугалим болуп калууну такыр эле каалабайт:

- Акча көбүрөөк жакка иштейбиз да. Бул жерде калуу тууралуу оюм да жок.

Оштогу орто жана жогорку окуу жайларда бир канча окуу предметтери боюнча адистер жетишпейт. Университеттерде да мугалимдик кесип аз тандалат.

Оштук серепчи Керимбек Калыкулов бул кесиптин беделенинин түшүшүнө билим берүү тармагындагы паракорчулук да шыкак экенин белгилейт:

- Айлыгынын аздыгы, анан мугалимдердин сапатынын төмөндөп кетиши да себеп болууда. Пара алып эл арасында жаманатты да болушат.

Оштогу мамлекеттик университеттин физика-математикалык факультетинин кафедра жетекчиси Абдыкалы Кыбыраев мыкты кадрларды университетке алып калуу аракети бир канча жолу ишке ашпай, далай өкүттө калган. Мындай абалга өкмөт чукул арада көңүл бөлүп, дурус шарт жаратууга аракеттенүүсү зарыл, деп белгилейт кафедра башчы:

- Жаш кадрларга эми миңдин тегерегинде айлык каралган. Бул аз. Экинчиден мугалимдик кесип жаштар арасында престиждүү эмес. Мугалимдерге анча кам көрүлбөйт.

Кыргыз өкмөтү мектептердеги мугалимдер таңсыктыгын жоюу үчүн “Жаш мугалимдин депозити” деген пргорамманы киргизген. Бирок билим берүү министрлиги бул программа өзүн-өзү актабай калганын моюнга алган. Ал эми жогорку окуу жайларды жаш адисттер менен толуктоо маселеси тууралуу кеп кезеги келгенде айтыла жүргөнү менен ырааттуу камылга жок, дешет серепчилер.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG