Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Ош коогалаңына кырк күн


Ошто коогалаңда курман болгондордун кыркылыгын белгилешүүдө. Буга улай жергиликтүү тургундар башаламандыктан жабыркагандарга социалдык жактан көмөк көрсөтүүнү жана кыш түшкүчө аларга үй куруп берүүнү бийликтен сурап жатышат.

Ошол эле учурда элди кайрадан дүрбөлөңгө салган кептерди тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөрү айтылууда.

Мындан туура кырк күн мурда башталган коогалаңдын эртесин Ош шаарына караштуу Черемушки кичи районунун тургуну Адинахан Досматова төмөнкүчө эскерди:

- Качанга дейре ушундай кылышат? 11-июнда таңга маал беткап кийген мылтыкчан кишилер үйгө капысынан кирип келишти. Анан баарыбызды катарынан тепкилеп, уруп-согуп киришти. Айрыкча балдарымды жаман сабашты, башы-көзүн жарып ташташты. Андан соң куралчандар туш тарапты карай аткылап изин суутушту.

Адинахан Досматова белгисиз кишилер короодон чыгып баратып, ичти карай бөтөлкөлөрдү ыргытканын, андан от тутанып, үй бир паста өрткө чулганып калгандыгын, мындайды душманына да каалабасын билдирди.

Кандуу калаба учурунда уулу Жаныбектен ажыраган жана үч-төрт тууганы башкалкасыз калган ардагер Гүлсара Курманалиева этностор аралык кагылышууну болтурбай коюуга мүмкүн болгонун, жаңы бийлик маанилүү маалыматтарга кол шилтеп койгонун айтат:

- Ош окуясында биздин балдарыбыз кан кечип, ондон көп эрдиктерди көрсөтүп, баатырларча курман болду. Ошон үчүн биздин балдарга баатыр деген наам берсин. Ошондой эле социалдык жактан камкордуктарды да көрсүн.

Гүлсара Курманалиеванын айтымында, жердештери кыш түшкүчө алардын кыйраган үйлөрүн кайра тикелеп берүүнү бийликтен талап кылып жатышат.

Өзгөчө кырдаал министрлиги Ош жана Жалал-Абад аймактарында тополоң маалында 1975 турак жай өрттөлүп-талкалангандыгын белгилесе, убактылуу өкмөт булардын бардыгы кышка жетпей үй менен камсыз болорун убада кылууда.

Бул аралыкта Ош облусунда жана шаарында дайынсыз жоголгондордун саны 84кө жетти. Мунун ичинен элүү төртү Оштун тургундары. Ош шаарынын прокурору Латип Жумабаев буларды айтат:

- Дайынсыз жоголгон адамдардын он төртүнүн денеси табылды, ал эми жетөө тирүү табылды. Калган иштер боюнча активдүү иш-чараларды жүргүзүп атабыз, бул боюнча атайын топтор түзүлгөн.

Ошол эле учурда “кыркылыгынан кийин тоолуктар шаарды карай ылдыйлап, жаңжал уюштурат экен” деген кептер калк арасына жайылууда. Ош облус губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Таалайбек Зикиров буларга токтолду:

- Элдин бүйүрүн кызыткан, ошондой жолдорго түрткөн күчтөр, уюштуруучулар бар экен. Лидерлери менен сүйлөшүп, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анча-мынчаларынын аты-жөнү бизге белгилүү. Тиешелүү кызматтарга бергенбиз, алар менен сүйлөшүп, туура жолго салууга аракеттер болуп жатат.

Таалайбек Зикиров ушак-айың таратып, элди дүрбөлөңгө салгандарга карата катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.

Ал эми Ош аймактык комендантынын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахматулло Ахмедов июндагы Ош окуясы дагы кайталанат деп чочулоого негиз жоктугун, өзгөчө кырдаал жарыяланган район-шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, июндагы этностор аралык кагылышуу убагында Ош жергесинде 247 адам каза тапкан, мындан тышкары бир миң алты жүздөн ашуун киши ок жеген жана зордук-зомбулукка кабылган. Жабыркагандардын басымдуулугу жыйырмадан кырк төрт жашка чейинкилер.
XS
SM
MD
LG