Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Ж. Жекшеев: Июндагы окуялар боюнча кеңири маалымат топтолду


Ош, Жалал-Абад облустарындагы июнь айындагы кандуу окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев “Азаттыктын” таңкы берүүсүндө маек курду.

- Оштогу июнь айындагы коогалаңда жабыр тарткан жана окуяга күбө болгондор Улуттук комиссия аймактын бардык булуң-бурчун түгөл кыдырып, калыс корутунду чыгаруусун талап кылышууда. Алардын мындай талаптары канчалык негиздүү?

Жыпар Жекшеев: Азыр комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгара элек, себеби иликтөө иштери жүрүп жатат. Биз 28-июлдан 5-августка чейин Ошто иштеп, ал жерде бардык бийлик структуралары, күч органдарынын жетекчилери, калк менен жолугуп, кырдаалды ордунан көрүп, кечээ Жалал-Абадга келдик. Келерибиз менен Жалал-Абад шаарын кыдырып, ошол жерде өрттөлүп, зыянга учуруган көчөлөрүн кыдырып чыктык. Ошондой эле Бакиевдин, Кадыржан Батыровдун өрттөлгөн үйлөрүн көрүп, ал жерден да эл менен жолугуп сүйлөштүк.

5-августта кечке чейин Ош облусунун, Жалал-Абад шаарынын жетекчилери менен, милиция кызматынын, СНБнын жетекчилери менен, тиешеси бар тармактардын баары менен сүйлөшүп, алардан керектүү маалыматтарды топтоп, азыр Жалал-Абаддагы райондорду кыдырып кетип баратабыз.

- Оштогу окуя боюна Алай, Кара-Кулжадагы жабыр тарткандарга, ошол окуяга күбө болгондорго барып жолуктуңарбы?

Жыпар Жекшеев: Жок, биз Алай менен Кара-Кулжага баралган жокпуз. Бирок бизге керектүү так маалыматтардын баарын алууга аракет кылдык. Бул жерден туура түшүнгүлө, биз укук коргоо органдарынын милдетин кайталабашыбыз керек. Ал боюнча өзүнчө иликтөө иштери жүрүп атат. Көп жерде кылмыш иштери козголгон.

Биздин негизги максат – кандуу окуянын себебин аныктап жана ошого кандай чара көрүш керек деген өз сунушубузду беришибиз керек. Ошондуктан бизге албетте колдон келсе бардык жерге барып, эл менен жолугуп сүйлөшөйүн дейсиң. Бирок мындай кыска мөөнөттүн ичинде ал чындыгында мүмкүн эмес. Бардык жерде болгон окуялар боюнча кеңири маалыматтарды топтодук десем жаңылышпайм.

- Азыр Ош, Жалал-Абадда комиссиянын бардык мүчөлөрү иштеп атабы, же айрым эле мүчөлөрү барбы?

Жыпар Жекшеев: Жок, 36 кишиден турган комиссиянын курамы толугу менен бул жакта жүргөн жери жок, көпчүлүгү Бишкекте иш жүргүзүп атышат. Ош жерине келгенибизде комиссиянын мүчөсү болуп өзбек улутундагы да, кыргыз улутундагы да тургундар катышып атат. Жалал-Абадга келгенде, ал жактык тургундар комиссиянын мүчөсү болуп Указга бекилгендер катышып атат. Баш-аягы 12-13 адамдан кем эмес комиссиянын мүчөсү туруктуу, чогуу иш алып барып атабыз бул жакта.

- Алдын ала маалыматтар боюнча Оштогу окуяны улуттук комиссия так, калыс, адилет иликтеп чыкты десек болобу?

Жыпар Жекшеев: Албетте. Себеби бул жерде бир эле мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү эмес, бул жерде өкмөттүк эмес уюмдардын, укук коргоочулардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ар кандай адистер, эксперттер, мурдатан бери коопсуздук кызматында эмгектенип келген офицер, генералдарга чейин бар. Демек бул жерде көп кырдуу иликтөө иштери, анан калыстык менен баарыбыз бир бүтүмгө келебиз деген менде толук ишеним бар.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG