Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Равшан Азизов хизбутчубу же укук коргоочубу?


Ош шаарында милиция Акыйкат сот- чындык» укук коргоо уюмунун өкүлү Равшан Азизовдун үйүнөн "Хизб-ут-тахрир" партиясынын баракчалары жана ок атууучу курал табылгандыгын билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Алмаз Кадыровдун айтымында, ошол эле күнү милиция кызматкерлери прокурордун уруксаты боюнча шектелүүчү Равшан Азизовдун үйүнө текшерүү жүргүзүшкөн.

- Равшан Азизов жашаган үйдөн "Хизб-ут-тахрир" партиясына таандык баракчалар, ошондой эле бир даана ок атуучу курал табылды. Тийиштүү экспертизаны дайындап, корутундуларын алдык. Жанагы жарагы өзгөртүүгө дуушарланыптыр. Анын мурун-соң атылганын такташтырмакчыбыз, - дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Алмаз Кадыров. - Учурда алдын ала текшерүү амалдары жүргүзүлүүдө. Ошолордун бардыгы биротоло бышыкталгандан кийин шектелип жаткан кишиге айыбын угузуу маселеси каралат.

Тергөөчү Алмаз Кадыров кармалган Равшан Азизов "Хизб-ут-тахрир" экстремисттик партиясынын мүчөсү экендиги аныкталгандыгын, а түгүл мурда да диний араздашуу фактысы боюнча соттолгондугун белгиледи.

Бирок Равшан Азизов милициянын билдирүүсүн четке кагып, анын аракетин карасанатайлык катары баалады:

-Сегиз-он чакты милиция куралчан кирип, үйүмө тинтүү жүргүзүшүп, далил зат тапкан жок. Анан малканабыздын чатырчасынан өздөрү катып койгон мылтык, баракча жана дискилерди алып чыгып кетишти. Чындыгында, алардын мага эч кандай тиешеси жок эле.

Өзүн укук коргоочу катары эсептеген 39 жаштагы Равшан Азизов соңу учурда бийликтин дарегине жүйөөлүү сын айтып келгендигин, анын күч органдары тарабынан кармалышы ошого жооп жана эскертүү болгондугун билдирди.

Ош шаарындагы бир катар бейөкмөт уюмдар жергиликтүү укук коргоочу Равшан Азизовго карата кылмыш ишин козгоо аракетин катуу айыпташууда. Маселен, «Акыйкат сот- чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров Равшан Азизов ал жетектеген борбордун активдүү өкүлү экендигин, анын үйүнө Хизб-ут-тахрирдин баракчасы жана курал-жарак атайылап катылгандыгын ачыктады.

- Равшан Азизов укук коргоочу болуп саналат. Мылтык, баракчалар жана дискилер түздөн-түз ага таандыктыгын тастыктоочу айныгыс далилдер жок. Айтмакчы, милиция кызматкерлери кармалган жигит «Акыйкат сот - чындык» бейөкмөт уюмунун мүчөсү экендигин да жакшы билишет. Мындайча айтканда, бул «Бирикпегиле?! Чогулуп жарандардын укугун талашууну улантсаңар, ушундай күндөн башыңар арылбайт» деп коркутмай жана ачык кысымчылык!.

Равшан Гапиров жергиликтүү укук коргоочулар тилектештик кылып чогуу аракеттенишпесе, башка кесиптештеринин көбүн Азизовдукундай тагдыр күтүп тургандыгын эскертти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Алмаз Кадыровдун айтышынча, Равшан Азизовго карата кылмыш ишин козгоо же өндүрүштөн кыскартуу маселеси жакынкы күндөрдө чечилмекчи, ошентсе да бейөкмөт уюмдардын кабатырлануусуна негиз жок.

- Равшан Азизов коомдук уюмда иштегени жөнүндө бизде маалымат болгон эмес. Эч ким анын ишмердүүүлүгүнө же саясатка байланыштырып куугунтуктаган жери жок. Азырынча факты боюнча гана суралууда. Камаган жокпуз, - деди тергөөчү Алмаз Кадыров.

Оштук укук коргоочулардын туюмунда, саясий жана диний көз карашы үчүн, же болбосо бийликтин айрым чечимдерин сындагандагы үчүн бейөкмөт уюмдардын активдүү өкүлдөрүн куугунтуктоо өлкө демократия нугунан тайып бараткандыгын айгинелейт. Албетте, мындай жышаан жарандык институтту алсыратып, ошол эле учурда Кыргызстандын дүйнөлүк аброюн ылдыйлаткандан башкага жарабайт.

XS
SM
MD
LG