Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

“Кара баш аман болсун...”


Июнь айында болгон коогалаңда Ош шаардык жана областтар аралык бириккен клиникалык ооруканаларга жалпысынан 612 адам жабыр тартып кайрылып, алардын 419у жаткырылган. Жаракат алгандардын бардыгы акысыз медициналык дарылануудан өтүшүп чыгып кетишкен.

Учурда шаардык ооруканада бир адам жана областтар аралык бириккен клиникалык ооруканада 11 адам дарыланууда.

Кара-Суу районунун тургуну Жакып Нурбаевге коогалаң күндөрү уулун куткарам деп жүргөн жерде ок тийип калган. Учурда Ош шаардык ооруканасынын хирургиялык бөлүмүндө дарыланып жаткан убагы. Анын абалын сурап кепке тарттык.

- Сизге кайсы жерде жүргөндө ок тийип калды?

Жакып Нурбаев: Мага областтык ГАИнин жанында жүргөндө ок тийди. Ошол жактагы жатаканада жашаган уулумду куткарайын деп бардым эле. Кайтып келе жатканда атып жиберишти.

- Кайсы күнү эле, сизди ким ооруканага жеткирди?

Жакып Нурбаев: 12-июнь болчу. Ок тийгенден кийин өзүм туруп, облустук ГАИнин жанына чейин бардым. Ошол жерден тааныштар чыга калып, мени унаага салып ооруканага алып келишти.

- Эсиңизди жоготуп койбодуңузбу, азыр кантип калдыңыз?

Жакып Нурбаев: Эс учумду жоготконум жок. Бирок бир топ кыйналып калыпмын. Азыр жакшы болуп калдым. Дарыгерлер жакшы эле карап жатышат.

Анткен менен Нурбаевдин денесинде калган окту алуу үчүн эми дагы эки жолу операция болот. Ал үчүн дагы алты ай убакыт керек экенин айтат оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Саит Сатыбалдиев.

- Нурбаев тополоңдо балдарын издеп чыгыптыр. Ошол мезгилде ок тийип жамбашынан кирип, жоон ичегинин чыга бериш жерин айрып, ичинен чыгып кетиптир. Биз азыр ичегисин чыгарып койдук. Келгенде беш жолу наркоз берип, оор операция болгон. Эми дагы эки жолу операция болот. Бирок кийинки операция алты айдан кийин болушу керек.

Шаардык ооруканага коогалаң күндөрү жалпысынан 150 киши жаткырылган болсо, алардын 103нө амбулаториялык жардам көрсөтүлгөн. Келгендердин элүү төртүнө оор операциялар жасалып, он экисинин өмүрүн ак халатчандар сактай албай калышкан.

Ал эми Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 359 жабыр тарткан адам кайрылып, алардын 269у жаткырылган. Учурда он бири дарыланышууда. Алардын бири Нематов Хабибулла да кагылышууда төртүнчү кабаттан секирип кетип, эки бутун сындырып алган. «Азыр операциядан чыгып, аз болсо да өзүмө келе баштадым»,-дейт, Хабибулла биз менен болгон маегинде:

- Мен Ош кичирайонунда жашайт элем. 10-июнда биздин үйгө балдар кирип келишкен. Коркконубуздан төртүнчү кабаттан секирип кеттик. Менин эки бутум тең сыныптыр. Анан балдар ооруканасында жаттым. Кечээ операция болдум. Азыр абалым жакшы болуп калды.

Бейтаптын айтымында, тополоң учурунда дарыгерлердин арасында улутка бөлүү деген болгон эмес. Мындай пикирди Ош шаардык ооруканасынын директору Абдижалил Муратов да тастыктоодо:

- Бизде дарт баянында улуту деген пункт жок. Биз улутуна караган жокпуз. Бир палатада орусу деле, өзбеги деле, кыргызы деле аралашып жатышты. Мисалы, тополоңдо жаракат алып бизге түшкөндөрдүн 151 кыргыз, 102си өзбек улутунда болушту.

Бирок Муратовдун айтымында, июндагы окуяда оорукананын кемчилиги даана байкалып калган. Жабыр тарткандар көп болгондуктан, алардын баарын кабыл алууга оорукананын мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. Ошол себептүү ал учурда шаарга жаңы оорукананы куруу демилгесин көтөрүүдө:

-Коогалаң учурунда жабыр тарткандар абдан көп болду. Ошондо бизде орун жетишпей айрымдарын жерге да жаткырдык. Абдан тартыштык болду. Ошон үчүн бизге шаардык аймакта жаңы оорукана куруу мезгили келгенине көзүбүз жетти. Биз бул боюнча өкмөткө да билдирүү бердик.

Ошондой эле башкы дарыгер шаардык ооруканада рентген аппаратуралары, операциялык үстөлдөр, ультраүндүк дарттапма ж.б. жабдыктардын жетишсиздиги оорулууларды кароодо өз зыянын тийгизип жатканын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG