Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Чоочундар баштаган ойрондун кесепети


Талкаланган Ош
Талкаланган Ош

Көл жээгиндеги «Улуттар аралык диалог: ынтымак жана сабырдуулук» эларалык конференция катышуучулары Ош шаарынын ардагерлери Токтобай Жоробаев менен Умуралы Бекмуратов «Азаттыктын» көчмө талкуусунун бүгүнкү меймандары. Талкуу конференция өтүп жаткан маалда Көл жээгинде жазылды.

“Кара кийимчендердин” карааны

- Токтобай аке, Ош жаңжалынан кийин мунасага келүү, бүлүнгөндөрдү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Сиз дагы кандай иштер жасалышы керек, деп ойлойсуз?

Токтобай Жоробаев: - Кудайга шүгүр, талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Менимче, кичи ишканалар, коммерциялык объекттер бар. Ошолорду тикелеп ийсек жакшы болор эле. Менин нан чыгара турган цехим бар, отуздай кыргыз-өзбек иштейт. Лицейлерге нан берем. 20 – 30 жерим бар нан ташып жеткирчү. Баш-аягы элүүдөй адам ушул нандын аркасы менен иш кылып аттык эле, ушул азыр токтоп калды. Азыр көңүлдүн баары үйлөрдү курууга жумшалып атыр. Эми коммерциялык иштерге жол ачса баары жайына келип калат эле. Ушуга жардам берсе жакшы болмок.

- Умуралы аке, эки элди ынтымакка келтириш үчүн дагы кандай иштер жасалышы керек деп ойлойсуз?

Умуралы Бекмуратов: - Эл тополоңдон кийин деле ынтымактуу эле жашап келе жатат. Жана ошондой жашаш үчүн өкмөт ишканаларды ачып, үйлөргө жардам берип, акчаны момундай референдум, шайлоолорго жумшабай, элге берсе абал тез эле оңолуп кетмек. Кечээки көйгөй, муну башка бир топ кылды. Муну эл да, өкмөт да билип турат. Мунун эки элге эч кереги жок. Кылымдар бир жашап келген түрк элдери дагы эле ошондой болуп жашай беришет. Өкмөт жардам берип, үйлөр тикеленсе, ишканалар кайра ачылса бардыгы мурдагыдай болуп жашап кете беришет. Бизде мыйзам жок, ошону катуулатыш керек.

- Токтобай аке, күнөө эки элде эмес, «үчүнчү күч» муну уюштурду деп атышат. Ошол «үчүнчү күч» кандай күч?

Токтобай Жоробаев: - Эми «үчүнчү күч» дегенде, катуу, эч кимди укпаган бир топ келди. Мен мечитке барып турам. Ошол жерде кыргыздан да, өзбектен да эч ким киришкен жок. Ошол эч кимге кулак салбаган топ келгенден кийин баарыбыз качып чыгып кеттик. Өрттөө, жок кылуу ошондон кийин башталды. Биз качып кетип өз көзүбүз менн көргөнүбүз жок.

- Ошо белгисиз деген кишилер кандай кишилер эле?

Токтобай Жоробаев: - Башкача кийинген, бейтааныш, биз жакын бара албадык, атып турушту. Үйлөрдү жаап качкандан башка бизде ылаажы калган жок.

- Умуралы аке, ошол «үчүнчү күч» деген барбы же бул ойлонуп табылган нерсеби?

Умуралы Бекмуратов: - Бар. «Имам Бухары» деген мечиттин артында бажынын кеңсеси бар. Ошол жерде бир өзбек киши сүйлөдү. «Мен бул жерде 20 жылдан бери кароолчу болуп иштейм. 11-июнга караган түнү бул жерде жашабаган, мен көрбөгөн 20 – 30 бала, костюмчан, өзбекке да, кыргызга да окшобогон балдар ушундан чыгып, бөлүнүп-бөлүнүп кетти», дейт. «Каякка барат деп карап турдум», дейт. «Бешөө бул көчөгө, бешөө тигил көчөгө кирип кетишти», деди. Анан мен өзүм эртең менен мечиттен чыгып карасам да ошондой балдар турган экен. Кыргыз балдарга барып: «Кайткыла!» дедим. Алар «сиздин сөзүңүздү алып кайталы, бирок тигилерди кайтарың», дешти. Өзбек топко барсам мен тааныган-тааныбаган балдар бар экен. Ошол тааныбаган балдар айтып жатат. «Өй, биз минеден коркобуз, биздин артыбызда өзбек халкы турат, коркпойбуз» дешти. Ошерде Мусажан да турган. Облооруканага чейин барып «кайткыла» деп жүрдүм. «Аксакалдар чыксын» десем, аксакалдар жок, жалаң жаштар. Мен тааныбаган балдар «биз кайтпайбыз, артыбызда өзбек улуту турат», дешти. Биз 5 киши элек. Кайтып келип кыргыз балдарга айтсак, алар «колуңардан не келди, кайтара албадыңар го, эми кирип отургула» дешти. Кандайдыр бир күч буларды күүлөгөн экен.

Баарын комиссия чечет, баарын комиссия билет

- Токтобай аке, ушул жаңжалды калыс иликтөө зарылдыгы айтылып келатат. Эларалык иликтөө болсун, деп атышат. Сиз өзүбүздүн эле мамлекеттик комиссиянын иликтөөсү жетишет деп ойлойсузбу?


Токтобай Жоробаев: - Урушта биз бирге болдук. Бизди кыргыздар, кыргыздарды биз колдон келишинче бири-бирибизди коргоп турдук. Мечиттин жанында ошентип бири-бирибизди коргоп, азырга чейин бири-бирибиз менен кадыр-сыйданбыз. Бирге намаз окуйбуз. Бизде жаман иштер болгон жок. Ал эми комиссия жөнүндө айтсам, жакшы болуп жатат. Комиссия үй салыш жагынан жардам берип жатышат. Менин, уулумун үйү өрттөлүп кеткен. Дубалы урулуп, азыр үстү жабылууда. Комиссиянын келгени жакшы болуп жатат, дегеним азыр дүкөнгө түшсөк, мурдагыдай аскер кийимчен балдар биздин документтерибизди текшере беришмейи токтолуп калды.

- Умуралы аке, сиздин комиссиялар боюнча пикириңиз кандай?

Умуралы Бекмуратов: - Комиссия керек. Бул ишти түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар. Билип-билбей мынабул Интернетке, дүйнөлүк кабарларга болбогур сөздөрдү жайылткандар бар. Мен өзүм көп журналисттердин суроолоруна жооп бердим. Болгон ишти так аныктап чыксын.

- Токтобай аке, 90-жылдардагы ушундай калабага баа берилбей калган дешет. Бул ирет да ошондой болуп калышы мүмкүнбү?

Токтобай Жоробаев: - Эгер баа берилбесе жакындары өлгөн адамдар бар, ошолор нааразы болуп калышат. Ылаажы болсо күнөөлүүлөрдү таап, жазасын беришет. Ага Кыргызстаныбыздын күчү жетет. Бийлик да катуу турушу керек. Минтип бош кое берип өлкөгө да элге да кыйын болуп калды. Андан карапайым, мээнеткеч элге эле жакшы болот. Антпесе биз кыйналып калат экенбиз.

- Умуралы аке, сиздин пикириңиз кандай?

Умуралы Бекмуратов: - Туура, баа берилип, аныкталып чыгышы керек. Кайсы бир топтордун сөзүн гана тутуп албай, так аныкталышы керек. Тарых акыры муну аныктайт. Ар бир адам мындан сабак алышы керек.

XS
SM
MD
LG