Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Өлкөдөгү акыркы окуялардан кийин кыргыз-өзбек чек ара бекеттери жабылып, Кара-Суу базарына коңшу өлкөдөн кардарлар келбей калган.

Мунун айынан базардагы айрым соодагерлер Кытайдан алып келген товарларын сата алышпай, жумушсуздук кулачын жайды. Ошол эле мезгилде коңшу өлкөдөн жашылча-жемиштер келбей, шаарда азык-түлүк кымбаттады.

"Соодагерлер калааасы"

“Соодагерлердин калаасы” аталган Кара-Суунун шаар макамын алганына элүү жыл толду. Ошондон бери чакан шаарчанын калкы 23 миңге өстү. Калктын негизги бөлүгүн кыргыз-өзбек тектүүлөр түзсө, андан башка 10дон ашуун улуттун өкүлдөрү бул жерди байырлайт.

Негизинен шаардыктардын турмушун базарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Мында жашаган ар бир киши өмүрүндө бир жолу сөзсүз базарга чыгып иштеп көргөн деп айтууга болот. Дегеле азыркы учурда да шаар тургундарынын дээрлик жарымынан көбү базар менен тиричилигин өткөрөт. Айрымдары алып-сатарлык менен алек болсо, кээ бирлери нан, самса жаап күн көрөт.

Өлкөдөгү акыркы окуялар көп улуттуу Кара-Суу шаарчасына олуттуу зыян тийгизди. Июндагы коогалаңдан кийин коңшу өлкөлөр чек арасын жаап коюп, миңдеген тургундарды баккан базар кардарсыз калды. Кара-Суу базарына сатып алуучулар негизинен Өзбекстан, Тажикстанда келчү. Натыйжада соодагерлер Кытайдан алып келген ири көлөмдөгү товарларын, коңшу мамлекеттерге экспортун токтотту. Мунун айынан шаардын бюджетине миллиондогон киреше түшпөй калды.

Соода жок, киреше азайды

Коогалаңдын базардын турмушуна тийгизген кесепети тууралуу шаар башчысы Ахматжан Рахимов буларды айтат:

Ахматжан Рахимов
- Өзбекстандын чек арасы жабык, биздин базарда товар айлануу жакшы эмес. Базардагы контейнерлердин болгону 20 пайызы иштеп жатат. Мурда шаардын казынасына ар бир айда базардан эле 1 млн. 200 миң сом түшүп жатса, июнь-июль айларынан кийин 200 миң сом араң түшүп жатат. Ошентип ушу күнгө чейин биздин шаардык бюджет 3.5-4 млн. сом киреше албай калды.

Борбор Азияда эң ири деп саналган Кара-Суу базарында кардарлардын азайышы шаарда жумушсуздардын санын кескин көбөйттү. Жашоочулардын айтымында, банктардан насыя алып иштеген жүздөгөн соодагер ишсиз калышууда. Кара-Суу шаарынын тургуну Даргүл Култуева “Азаттыкка” буларды айтты:

- Кара-Суу базарында иштегендердин 80-90 пайызы банктардан насыя алып, иштетип жатышкан болчу. Июндагы тополоңдон кийин соода жүрбөй, ошону төлөй албай ыйлап жүргөндөр толтура. Ошонун айынан жумушсуздар көбөйүп, бүт сыртка чыгып кетип жатышат. Таптакыр соода жок, контейнерин жаап салгандар четтен чыгат. Кыскасы, коогалаңдан кийин миңдеген киши бул жактан кетип жатат.

Үмүт өчпөйт

Кара-Суу Өзбекстан менен чектеш жайгашкандыктан шаардын көп эле маселелери коңшу өлкө менен байланышуу. Күнүмдүк турмушка керектүү азык-түлүк, жашылча-жемиштер да ошол жактан ташылып келинет. Бирок дагы эле ошол чек аранын жабылуусунан улам шаарда азык-түлүк, жашылча эки эсе кымбаттап кеткен. Шаар тургуну Сабыржан Рахимжанов:

- Бажыны жаап салганынын натыйжасында бизде кымбатчылык күч алды. Маселен Өзбекстанда кулпунай бышкан кезде, өздөрүндө аябай арзан болот. Бизге келгенде эле кымбат болуп жатат. Быйыл 100 сомго чыгып кетти. Бадыраң, помидор, картошка, баклажан – баары кымбат. Айрыкча жаш балдарга витамин боло турган жүзүмдүн баасы 100 сом. Былтыр 50 сомдон ашкан эмес. Касапка барсаң мал кымбат дейт, базарга барсаң эт кымбат дейт. Мындай кымбат этти бардык эле үй-бүлө алып жей албайт да...

Деген менен чек ара маселесинде жергиликтүү бийлик алсыз экендигин айтып, муну мамлекеттик деңгээлде чечүү керектигин билдирүүдө. Карасуулуктар жаңы келген парламент, өкмөт түзүп, өлкөдө толук стабилдүүлүк орнотсо, чек ара ачылып турмуш мурдагыдай уланат деп үмүттөнүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG