Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

2005-жылы март айында Ош шаарында Элдик кыймылдын штабын баштаган Мырзабек Акматов төрт жыл мурдагы ыңкылап күндөрүн эскерет.

- Мындан 4 жыл мурда 18-мартта Акаевдин бийлигине нааразы болгон эл Ош облустук администрациясын басып алган эле. Ошондо облустун бийлиги милиция кызматы каршылык көргөздү беле. Ошол учур жөнүндө учкай кеп салып кетсеңиз?

- Ош облусунда, жалпы эле Кыргызстан боюнча ыңкылап жөндөн-жөн чыккан эмес. Себеби 15 жыл ичинде Аскар Акаев өзүнүн үй-бүлөлүк бийлиги менен башкарып, элдин кыжырына тийип, эл барган сайын жакырланып, ошонун негизинде нааразылык акциясы менен митингге чыгышкан.

-18-мартта облустук администрацияны алганда кагылышуу болгон жок беле?

- 9-мартта Кара-Кулжадан эл келип, облустук администрациянын маңдайындагы аянтта турганбыз. Ошондо мен ойлойм Акаевге милициянын ичинде да нааразылык болуп калган экен. Эл келгенде каршылык көрсөтмөй турсун, кайра кийинки мезгилдерде кадимки өзүбүз менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп турган убактар болгон.

Себеби алар эми өзүбүздүн балдар эмеспи, айтып-десек, бул бийлик ирип-чирип калганына алардын деле көзү жетип калган экен. Ошон үчүн бизге көп деле каршылык болгон эмес. Бул жерде бийликтин күчү менен кичине кармалып турган. Ошондуктан бизге көп каршылык болбой Ак үйгө кирип кеткенбиз.

- Ошол март мезгили менен азыркы кырдаал окшошуп келатат деген пикирге кандай карайсыз?

- Биз Курманбек Салиевичтен үмүтүбүз аябай чоң эле. Бирок март ыңкылабынын максаттары ишке ашпай калды. Элдин баштагы 4 жыл мурункуга караганда азыркы психология такыр башка болуп калды. Ошол убакта Бакиевдин авторитети, рейтинги аябай жогору эле. Азыр болсо элдин арасында дагы авторитети түшүп кетти. Акаувдин жолун улап кетип атат, ошого кетип атабы деген ой дагы келип атат мага.

- Азыркы бийликтин келишине сиздин салымыңыз зор экени айтылып келатат. Сизге кандай кызмат беришти ыңкылаптан кийин?

- Азыр өзүңүз көрүп атпайсызбы, башын сайып чыккан раволюционерлер азыр кызматта жок. Курманбек Бакиев барганда эле бизде кадрлар жок деген шылтоо менен, баягы эле Акаевдин адамдары бүт келип, бийликти ээлеп, кайра система өзгөртпөй эле, ошол система менен кетип атпайбы. Ошондуктан мен кызматка да барган жокмун, өзүбүз менен өзүбүз тиричилик кылып жүрөбүз.

- Сизге кийинки кездери куугунтуктар болгон жокпу. “Ата мекен” партиясы менен байланышыңыз болуп атабы?

- Мен өзүм “Ата мекен” партиясынын мүчөсүмүн. Баардык органдын адамдары, бийликтегилер биздин заслуганы билишет. Биз мыйзамдан сырткары эч нерсе жасабай эле турабыз. Ошон үчүн бизге кысым болгон жок. Бирок партиянын шайлоосу болгон убакта кысым болгон. Себеби ошол убакта мен Ош облусундагы штабдын жетекчиси элем.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG