Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Ош: Базар жабылды, жаштар тарады


Базарларда иштегендердин басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт.
Базарларда иштегендердин басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт.

Июндагы коогалаң Оштогу борбордук базардын биротоло жабылышын шарттады. Мунун айынан жумушсуздардын саны кескин көбөйүп, базарда эмгектенген жүздөгөн жаштар чет өлкөгө карай агылууда. Ошол эле учурда шаар жетекчилиги жакын арада жаңы базарлар ишке киришсе улан-кыздар жумуш менен камсыз болот деп үмүттөндүрүүдө.

20 жаштагы Элзарбек Мурадил уулу Ош шаардык бийлиги тарабынан жабылган борбордук базарда дале соодасын улантууда. Анын айтымында, базардын жабылышы көп соодагерлерге зыянын тийгизди. “Тополондон кийин мен курактуу жүздөгөн жаштар жумушсуз калды” дейт Элзарбек:

- Мурун базарда эл көп, соодабыз жакшы эле. Азыр такыр эл кирбей жатат. Соодагерлердин да баары иштебейт. Менин досторум да базарда иштешчү. Бирок алардын товарларын тоноп, контейнерлерин талкалап салышкан. Же акчасынан жок, же товарынан жок отурушат. Базардын жабылып калганынан иши жок жаткан жаштар көп. Менин билишимче алардын көбү Орусияга кетип жатат.

Элзарбек белгилегендей, Ош окуясынан кийин базарда иштеп, жан баккан жаштардын чет өлкөлөргө агылуусу кескин күчөдү. Алардын басымдуулугу алган насыяларын кайтаруу үчүн сырт жактан акча таап келгени кетип жатышат.

Контейнери өрттөнүп кеткен Жылдыз Хамидова да уулун аргасыздан чет өлкөгө жиберип жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Баарыбыз ушул базарда иштеп, тирилигибизди өткөрчүбүз. Баары жакшы эле. Эми базар жабылып көчөдө отурабыз. Кредиттерибизди төлөшүбүз керек. Эми айласыз мага жардам берип иштеген уулумду Алматыга жөнөтүп жатам.

Ош шаардык миграция, жумуштуулук жана ишке орноштуруу башкармалыгынын башчысы Эрмек Раимкулов да тополоңдон кийин жумуш издеп кайрылган жарандардын саны көп болуп жатканын айтат. “Бирок биз аларга жумуш таап берүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшап жатабыз” дейт ал:

- Тополоң болгондон кийин көп жумуш орундары жоюлуп кетти. Базар, тейлөө тармактары иштебей калды. Ошол себептүү жумуш сурап кайрылгандардын саны өтө көп болууда. Алардын көпчүлүгү жаштар. Келгендерди эсепке алып, мурдатан бизде бар бош орундарга орноштуруп жатабыз. Кайрылгандардын 250гө жакынын ишке жайгаштырдык.


Жумушсуздук кылмышка түртөт

Ал эми жергиликтүү серепчи Асылбек Турганбаев учурда шаар бийлиги башка ишти коюп, жаңы базарды тезирек ишке киргизүүсү керек деп эсептейт. Анткени миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылып жаткан базар бир топ убакытка иштебей туруп калса жумушсуздук мындан да күчөп кетет. Айрыкча жумушсуз жаштардын көбөйүшү кылмыштуулуктун өркүндөшүнө алып келет, деп белгилейт Асылбек Турганбаев:

- Шаарды багып турган борбордук базар болчу. Базарда болжол менен шаардын 30-40% тургуну иштесе керек. Анын 10-15 пайызы жаштар. Демек учурда ошончо адам жумушсуз турат. Ошондуктан шаар бийлиги башка ишин кое туруп, жаңы базарды тезирээк бүтүрүп ишке бериши шарт. Антпесе жумушсуз калган жаштар ар кандай жаман иштерге аралаша баштайт.

Июнь айындагы коогалаңдан кийин шаардык бийлик борбордук базарды жаап, аны шаар чекесиндеги Кулатов (мурдагы Батыш) кичи районуна которуу боюнча чечим кабыл алган. Базар толук курулуп, 1-августтан тарта ишке кирмек. Ага жетпей эле минтип иши жок калган жаштардын массалык түрдө өлкө сыртына чыгып кетүүсү күчөп баратат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG