Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Eurasianet интернет барагы Оштон учак менен күнүнө орто эсеп менен 400дөй киши Орусияга кетип жатканын, андан тышкары темир жол, автожол аркылуу кеткендер да аз эместигин жана алардын далайы өлкөдөн биротоло кетип жатканын жазып чыкты.

Кыргызстандын түштүгү далай жылдардан бери Орусияга он миңдеген эмгек мигранттарын жөнөтүп келатканы жалпыга белгилүү факт. Ал он миңдеген мигранттардын далайы буга чейин эле Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакта биротоло отурукташып да калышты.

Евразиянет интернет сайтында жарыяланган “Өзбектер Кыргызстандын түштүгүнөн массалык түрдө кетүүдө” аттуу макалада өткөн айда Кыргызстандын түштүгүндө тутанган этностор аралык араздашуунун айынан Орусияга ал жактан мигранттардын жаңы толкуну каптаганын жазат.

Кыргызстандын түштүгүнөн кетебиз дегендердин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Тил жана маданияты бир болгону менен, коңшу авторитардык Өзбекстанга барууну каалагандар жокко эсе. Өзбекстан менен Казакстанда эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын укуктары көп жагынан басмырланып келатат. Ошон үчүн мигранттар үчүн бирден бир ыңгайлуу өлкө - Орусия. Же ал жакта бир аз туруп, андан ары Батышка, же башка жакка кетели дегендер да бар.

Москвада убактылуу башкалканч тапкан оштук Тахмина «Азаттыктын» кабарчысына телефондон буларды билдирди.

- Биз сегиз кишибиз. Үч жаштан он үч жашка чейинки беш балабыз менен Кыргызстандан чыгып кетип, азыр Москвада убактылуу жашап жатабыз. Швецияда бир эжебиз бар, чакыруу жиберген. Ошол жакка кетип калалы дегенбиз, бирок эжебиз жиберген чакырууну Швециянын элчилиги “силер Кыргызстандан экенсинер” деп карабай жатат. Бизди ошол жакта калып калат деп коркуп жатышкан окшойт.

“Бейрасмий маалыматтарга ишенсек коогалаң башталгандан тарта Кыргызстандын түштүгүнөн 20 миңдей өзбек биротоло чыгып кетти. Башка булактар Кыргызстандын түштүгүнөн өзбектер гана эмес, орус, татар, атүгүл кыргыздар да тынчыраак жакка көчүп кетүү маанайында жашап жатканын, ушу тапта далайы кетип жатканын кабарлоодо. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана эл аралык Миграция уюмунун Бишкектеги кеңсеси азырынча мындай маалыматтарды тактоо мүмкүн эмес экенин, анткени аларга расмий түрдө кайрылгандардын саны тактала электигин айтышты” деп айтылат макалада.

Өз алдынча иликтөө жүргүзгөн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” курган маегинде түштүктө миграция толкуну күчөгөнүн ырастоого негиз бар деп белгиледи.

- Он сегиз миң адам чыгып кеткен болсо, ошонун он миң алты жүзү өзбек улутундагылар. Бул маалымат учак менен гана чыгып кеткендер. Унаа, темир жол аркылуу чыгып кеткендер да бардыр. Балким чек арадан мындай өтүп кетип жаткандар да бардыр. Чын эле болгон окуялардан кийин Кыргызстандан кеткендердин саны көбөйдү. Ошолордун басымдуу саны өзбек улутундагылар экендиги чын.

Оштогу туристтик фирмалар да эмигранттардын көбү Орусияга кетип жатканын тастыкташууда. Ошондой агенттиктин биринде иштеген Малика Евразиянеттин кабарчысына Москвага жана Орусиянын башка шаарларына июль жана август айларына билеттердин баары сатылып кеткенин билдирген. Талап өтө жогору болгондуктан билеттердин баасы эки эсе кымбаттаганын кошумчалаган.

Экономикалык кырдаал – Оштон өзбектер кетип жатканынын дагы бир себеби. Оштогу базар миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылып турчу эле. Азыр ал жабык. Көптөгөн үйлөр жана кичи ишканалар талкаланды

Евразиянет жергиликтүү массалык маалымат каражаттар окуяларды бир тараптуу чагылдырууда деп жазат. Айрым гезиттерде өзбектерди «Кыргызстандан кууп чыгарууга үндөгөн чакырыктар да жарыяланып кетти» деп жазат макаланын автору Алишер Хамидов.

Бирок "Кыргызстандан эч жакка кетпейбиз" деген өзбектер да аз эмес.

«Эгер биз кетип калсак, биздин укуктарыбызды ким коргойт? Биз өз укуктарыбыз үчүн күрөшүүбүз керек» дейт пенсиядагы инженер Тургунбай Абдраимов Евразиянеттин кабарчысы менен маегинде.

Айрым байкоочулар Кыргызстандан ушу тапта миңдеген орустар да кетип жатканына көңүл бурушат. Орусиянын Бишкектеги элчилиги чыгып кетип жаткан адамдардын так санын айталган жок. “Оштон Бишкекке же Казакстанга чыгып кетип жаткан кыргыздардын да саны арбын” деп жазат Евразиянет маалымат кызматы. Коопсуздуктан чочулаган элдин миграциялык агымы Кыргызстандагы демографиялык абалга кандай таасир этерин азырынча эч ким так айта албайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG