Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Нооруз күнү Ошто элдик бийлик орногон


Ыңкылапчылар жаңы бийлик үчүн добуш берүүдө. 21-март 2005-жыл
Ыңкылапчылар жаңы бийлик үчүн добуш берүүдө. 21-март 2005-жыл

Ош облусунун райондорунан көтөрүлгөн ыңкылапчылар 2005-жылдын 21-мартында, Нооруз күнү, Ош облустук акимчилигин экинчи ирет басып алып, аймакта элдик бийлик орногондугун жарыя кылышкан. Ыңкылаптын жолбашчылары ырасташынча, эл эңсеген максат жүзөгө ашты, бирок бул пикирге баары эле макул эмес.

Ыңкылаптын жолбашчылары ырасташынча, эл эңсеген максат жүзөгө ашты, бирок, кайчы пикирдегилердин оюнча, тилекке каршы, ошондо коюлган талаптардын бири дагы ушу күнгө чейин аткарылган жок.

Окуя күбөлөрү эскеришинче, 2005-жылдын 21-мартында эртең менен Ош облустук жана шаардык бийлигинин жетекчилеринин катышуусунда Нооруз майрамы борбордук аянтта адаттагыдай белгиленип жаткан.

- Жаз жадырап босогобузду аттады. Аны менен кошо Нооруз жергебизге баш бакты, - деди диктор музыканын коштоосунда.

Түштүк башкалаасындагы Алишер Навои сейил багынан чубаган жана аларга жолдон кошулган 10 миңге чукул кишинин алды саат 11.00 ченде борбордук аянтка жетип, салтанатты таңыркаган элди тарап кетүүгө чакырык таштаган. Дал ошол маалда, ыңкылапчылардын жолбашчыларынын баамында, ошо кездеги губернатор Кубанычек Жолдошев жана мэр Сатыбалды Чырмашев байкатпай качканга үлгүрүшкөн.

- Акаев кетсин!
- Акаев кетсин!
- Акаев кетсин
! – дешти нааразылык акциясынын катышуучулары бир ооздон.

Ошо кездеги “Агым” гезтинин түштүк аймагы боюнча кабарчысы Алишер Токсонбаев элдик курултайдын алдында бийлик элге каршы күч колдонууга ниеттенип жаткандыгын жарыялоодо.
Ушинтип жаалданган миңдеген жарандар ойлонбостон туруп облустук акимчиликти карай чабуул жасаганда, имаратты курчаган куралчан жоокерлер, ошондой эле милиция кызматкерлери өз бетинче качып изин суутушкан. Мурда макулдашылгандай, аларды ыңкылапчылар сая кууп, кармаганга аракеттенген эмес.

Аз убакыт өтпөй ыңкылап жол башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Чотонов Ош облустук ички иштер башкармалыгы алар тарапка өткөндүгүн жар салган:

- Ош облустук ички иштер башкармалыгы биз тарапка өттүк деп ачык айтышты. Шаардык милиция дагы ушул кадамды кайталап, элге баш ийсин. Жетекчилерин кууп чыгышсын. Жергиликтүү телеканалдан «Биз бийликтин саясий тапшырмаларын аткарбайбыз. Карапайым калкка каршы ок атпайбыз! Эч кимисин камабайбыз!» деп айтып, бирок анысын иш жүзүндө далилдешсин, ошондо гана аларга тийбейбиз.

Ыңкылапчылар борбордук аянтта, 21-март, 2005-жыл
Дагы бир нече мүнөттөн кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ошо кездеги бөлүм башчысы, полковник Эрмек Көчөров борбордук аянтка орнотулган трибунага көтөрүлүп, экинчи борбордун тартип сакчылары элдин жеңишин колдой тургандыгын ачыктаган:

- Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы кесиптештердин атынан сиздерге жеткирүүнү ылайык таптым. Биз ар дайым эл менен биргебиз. Кечээ Жалал-Абатка жөнөтүлгөн биздин балдар бириңиздерге да кол тийгизген жок, а түгүл каршы ок атпады.

Ошентип, 21-март күнү түшкө маал Ош облусундагы жана шаарындагы бардык бийлик ыңкылапчылардын колуна толук бойдон өткөн. Анвар Артыков Элдик Кеңештин төрагасы-губернатор, Кушбак Тезекбаев, Мирадил Бакашев орунбасарлык милдеттерин аркалоого киришкен. Ош шаарынын мэри вазийпасын аткаруу Ош облусунун азыркы губернатору Мамасадык Бакировго жүктөлгөн.

Баса белгилей турган жагдай: аймак эли ошо күндөн 2005-жылдын 24-мартына чейин президенти жок эле жаңы бийлик менен жашаган. Оштогу ыңкылаптын штабын жетектеген Мырзабек Акматов Кыргызстандын түштүк борборунда жана Ош облусунда Бишкектегидей башаламандыкка жол коюшпагандыгын жылуу эскерди:

- Ош аймагында бир дагы адамдын мурда канаган эмес, бир дагы дүкөн тонолгон жок!

Ал эми ыңкылаптын активисттеринин бири, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеев санаалаштарынын мээнети кайтпай калгандыгына кыйла тызылдады:

- Ыңкылапты кошоматка кой сойгондор гана пайдаланышты. Дагы эле баягы Аскар Акаедин убагында ичип-жегендер жыргап атышат. Төңкөрүш жүзөгө ашты, бирок талаптарынын бири дагы аткарылган жок.

Бул аралыкта Аскар Акаевдин реформаларын колдогондордун бири, Оштогу «Элим үчүн - элим менен!» коомдук фондунун директору Аманбай Сатыбаев биринчи президенттин тактан куулушун кечирилгис катачылык катары сыпаттады:

- Курманбек Бакиев кыска мөөнөттө бийлигин бир канча жолу узурпациялады. Өзү демократиялык мамлекетте мындай адамды президент шайлоо өтө опурталдуу. Мен, мисалы, Аскар Акаевди өтө интелектуалдуу адам катары эсептеймин. Президентке чейинкисин айталычы. Бакиевдин командасынын, жеке өзүнүн 2005-жылдын мартында Жалал-Абаттагы банкты тоноого катышкандыгы абдан өкүнүчтүү.

Ошентсе да, президент Курманбек Бакиев былтыр Ош жергесине жасаган сапарында 2005-жылдагы март ыңкылабынын акыбети кайткандыгын, беш жыл ичинде өлкөдө стабилдүүлүк толук орногондугун, социалдык-экономикалык багытта чоң жылыштар байкалып жаткандыгын белгилеген.

- 2005-жылдан берки эң чоң жетишкендик, жумуриятта стабилдүүлүк орноду. Жогорку Кеңеш ыраттуу жана жаратман мекемеге айланды. Тышкы саясатта биз өлкөбүздүн жана элибиздин таламын талаша алаарыбызды далилдедик, - деген эле президент Курманбек Бакиев.

XS
SM
MD
LG