Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Ошто болду


«Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын президенти Жеффри Гедмин

«Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын президенти Жеффри Гедмин

7-сентябрда «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын президенти Жеффри Гедмин Ош шаарына жасаган сапары учурунда вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп, түштүктөгү бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен баарлашты.

Кездешүү маалында Жеффри Гедмин чыныгы кырдаалды билүүгө жергиликтүү коомдук ишмерлер өзгөчө жардамдашкандыгын белгилеп, Вашингтонго барганда тиешелүү кишилерге бейтарап маалымат жеткиргенге аракет кыларын билдирди.

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Жеффри Гедмин Ошко жасаган иш сапарынын алкагында вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Оштун вице-мэри Абдырахман Жолдошалиев менен жолугушту. Андан соң Ош жергесиндеги бир катар бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен кездешти. Өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндө араздашкан тараптарды элдештирүүнүн жана али тынчый элек кырдаалды турукташтыруунун жол-жоболору туурасында кеп болду.

«Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин төрагасы Мырзабек Акматов эки элди элдештирүү далалаты үзүрүн бербей жаткандыгын ачыктады:

- Июнь трагедиясынын алдын алууга Убактылуу өкмөттүн толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Тескерисинче, элди укпай жана кенебей коюшпадыбы. Убагында чара көрүлгөндө мынчалык кыргын болбойт эле. Мамлекет башында отургандар бул жерде коркоктук кылышты. Өзүңөр көрдүңөр, ушул тапта өзбек-кыргыз мамыр-жумур эле жашап жатышат. Бирок жанагындай кан төгүүдөн кийин канеткен күндө да «жаңжал кайра тутанабы?» деген коркунуч дале өкүм сүрүүдө.

Ал эми «Мусулмандар биримдиги» коомунун түштүктөгү лидери Юруслан Истанов чыр-чатакты басуунун төмөнкүдөй жолун сунуш этти:

- Биз убагында өкмөткө айтканбыз. Ал тургай президентке кирип, маселени кабыргасынан койгонбуз. Касташууну басаңдатуунун бир аргасы – этникалык кагылышууну уюштургандар баарына белгилүү. Ошолорду каяктан болсо да таап кармап, коомчулук алдында катаал жазалашабыз абзел. Мындан тышкары түштүк борборуна көп кабаттуу үйлөрдү көбүрөөк куруп, ага өзбек-кыргыздарды аралаштырып жайланыштырган оң. Ошондо гана жанагинтип араздашуу тыйылат. Ансыз кырдаал турукташты деген сөз куру кыял бойдон калары шексиз.

Ноокат районундагы «Мыйзамдуулукту коргоо» фондунун өкүлү Набижан Каримбердиев чагымчыл күчтөрдүн аягы тыйыла электигин, ага массалык маалымат каражаттары ачык көмөктөшүп жаткандыгын белгиледи:

- Жергиликтүү эркин гезиттер «Өзбек туугандар качан Кыргызстанды таштап чыгып кетишет?» деп жазышыптыр. Ага удаа «Ноокатта кыргыз-өзбек урушу качан башталат?» деген макаланы да басышты. Ошондой эле «Өзбектер уул-кыздарын Ноокаттын тоолорунда машыктырып атышат. Кыргыздарга кайрадан кол салышат экен. Ошон үчүн бала-чакасын Анжиян жана Фергана шаарларына калтырышыптыр» деген кабарды таратышты. Менин ишенимимде, кыргыздардын да, өзбектердин да колунда курал-жарак жок. Ошентсе да чагымчыл күчтөр эки элди кайраштыруу максатында ушинтип ортого от жагып жатышат. Ошондуктан өкмөт барбы, ушундай жалган маалыматтарды жайылтып, тынч жаткан калкты дүрбөткөндөрдү чакырып, жазгандарынын чын-бышыгын текшертип, гезит ээлерине жана авторлоруна чара көрүшпөйбү.

«Антикризис» борборунун жетекчиси Эркин Абдыразаков 1990-жылкы жана 2010-жылкы Ош окуяларынын себептерин улуттук комиссия тарабынан иликтенишинин кечеңдетилиши касташууну күчөтүүдө деп эсептейт.

- Ош коогалаңын ким баштады? Аягы эмне менен бүттү? Мунун баарын аныктоочу улуттук комиссия уюшулган. Эми анын курамына кимдер киргендиги бизди кызыктырбайт. Бирок алар корутундусун ушунчалык создуктурбастан, эрте жарыялашканы оң. Бул жерде Америка ачыштын кереги жок. Менимче, муну парламенттик шайлоонун алдындагы дагы бир шайтан технологияга айландырып атышат.

Бирок BCNET ассоциациясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бахтияр Мамажанов мындай ойго кошулбайт. Анын пикиринче, Кыргызстан июндагы жаңжалга баа берерден мурда Өзбекстан менен мамилени эске алуу зарыл:

- Жалпыга малым, Кыргызстандын түндүк жагына таратылчу электр энергиясы Ташкенден башкарылат. Ал эми өлкөнүн түштүгүнө электр тогу Ферганадагы Асаке шаарынан бөлүштүрүлөт. Менин баамымда, өзбек-кыргыз азыркындай араздашуусун токтотпосо, кимиңер кепилдик бере аласыңар азыр же эртең Өзбекстан жарыгыңарды өчүрбөйт деп. Мындайда башка да нерселер болуп кетиши ыктымал. Биз ушул жагын көңүлгө бек түйүшүбүз абзел.

Кезигүү учурунда «Азаттык» үналгысынын дарегине да сунуштар жолдонду. Маселен, аймактык кабарчылардын коопсуздугун камсыздоо маселеси козголду. Мындан тышкары маалымат айдыңында бейтараптуулукту бекем кармануу, оош-кыйыш кезеңде окуяларды бурмалабай калыс жайылтуу зарылдыгы айтылды.

Жеффри Гедмин бейөкмөт уюмдар менен жолугушуунун соңунда кыргызстандык коомдук ишмерлердин сын-сунуштары иш маалында сөзсүз эске тутуларын маалымдады.

- Баарыңыздар кыйын кырдаалда, психологиялык бекем кысым астында иштеп жатасыздар. Ошого карабастан убакыт таап, ой-пикирлериңиздерди аянбай бөлүшкөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул жердеги чыныгы кырдаал жана элдин турмуш-акыбалы кандай экендигин түшүнүүгө абдан жардамдаштыңыздар. Сиздердин башка маалыматтарыңыздар дагы көп жагдайларды акыйкат кароого көмөктөшөрүнө ишенем. Мен, буюрса, он күндөн кийин Вашингтонго барам. Ал жерде далай кишилер менен жолугам. Ошондо Оштогу акыбал туурасында чынчыл маалыматтарды таратууга аракет кылмакчымын.

XS
SM
MD
LG