Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Өлкөнүн түштүгүндө кырдаал аз-аздан турукташа баштады. Анткен менен бул окуя кайрадан кайталанып кетпеши үчүн иш-чараларды көрүү башкы маселе болууда. Кырдаалды жөнгө салып, жаатташкан тараптарды элдештирүүгө сунуштар айтылууда.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору жаатташкан тараптарды элдештирүүдө ислам ресурстарын колдонуу сунушу менен чыкты. Аталган борбордун жетекчиси, диний эксперт Кадыр Маликов Ош жана Жалал-Абаддагы окуяларды динди жамынган радикалдык, экстремисттик күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн деген ойдо. Ал Кыргызстандагы соңку окуяларга ошондой күчтөрдүн катыштыгы бар болушу мүмкүн деген пикирлерди четке какпайт.

- Бизде бул окуяларды эл арлык радикалдык, экстремисттик күчтөр, топтор пайдаланып кетет деген кооптонуулар бар. Эмне болгондо да улуттар аралык жаңжал болуп атат. Андан сырткары маалыматты бурмалап, же бир тарап берген, аша чапкан учурлар кездешүүдө. Ошондуктан булардын бардыгы диндин урааны менен террористтик ишмердүүлүккө айланып кетиши ыктымал.

Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов болсо Ош жана Жалал-Абаддагы тополоңдон кийин 50 чакты даватчы ислам негиздерин түшндүрүү үчүн түштүккө баргандыгын, алар бир канча топтошкон элди таратууга жардам бергенин белгиледи. Ошондой эле ал деги эле исламдын ресурстары деген эмне жана ал кандай колдонулуп жатканы тууралуу буларды билдирди:

- Ислам дини эч качан кан төккөндүккө, бирөөнү ургандыкка, уурулкка, зинага, арамга чакырган нерсе эмес. Ислам дайым биримдикке, ыймандуулукка, мекенди сүйүүгө чакырган нерсе. Исламдын русурсу негизи ошо. Аны туура эмес пайдаланган кайда болушу мүмкүн? Мисалы, мен кичинекей кезимде албарсты келет экен деп коркуткан сөздү укчу элем. Бирок мен албарстыны көргөн эмесмин. Азыр айрым жерлерде “ай, молдокелер келет экен, ай, тигиндей болот экен” деп коркута бербестен исламдын баалулуктарын көрсөтүш керек.

Ошондой эле айрым чыгармачыл инттелигенциянын өкүлдөрү сырттан күч алып кирүүгө каршы ойлорун билдиришүүдө. Алар мындай демилге көтөрүүнү өзүнө ишенбөөчүлүк деп баалап жатышат. Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадралиев кагылышкан эки элди элдештирүүгө интеллигенциянын салым кошоор кези келди деген пикирде.

- Суур менен кашкулактай болбой кыргыздын интеллигенциясынын чыга турган кези келди. Себеби суур менен кашкулак жылына бир жолу чыгат, ал эми биздин интеллигенттер 18 жылдан бери чыкпай койду. Мен ушуну интеллигент катары айтаар элем. Элдин уулу, элдин балдарымын десе илим, билим, чыгармачыл интеллигенттер чыга турган сааты келди. Болбосо уят.

10-июндун кечинде башталган Оштогу, андан эки күндөн кийин башталган Жалал-Абаддагы кандуу окуялар мындан туура жыйырма жыл мурдагы Ош окуясынын кайсы бир деңгээлде кайталанышы экенин тарыхчылар белгилешүүдө. Коомдук ишмер Абдыжапар Тагаевдин айтымында, эки окуя тең чагымчылардын аракетинен улам курчуган.

- Союз тарап атканда ошону тараткысы келбей, ошонун арасында кандайдыр бир пайда көрүш үчүн от чыгарышкан. Азыр деле мен көптөрү менен сүйлөштүм эки элдин бири-бирине эч кандай каршылыгы болгон эмес.

А.Тагаевдин айтымында, кырдаалды жөнгө салууга колдо бар бардык ресурстарды колдонуу керек.

- Айрымдар өлкөнүн түштүгүндөгү окуяга акыл айтып, жол көрсөткөнсүп атат. Бирок маселе андан чечилбейт. Менимче, ошол жердеги кайсы калк болбосун жергиликтүү атуулдар менен тыгыз иштеп, ошолорго болуп жаткан иштерди көрсөтүш керек. 1990-жылы деле аттуу-баштуу кишилер жакындаганда мамыр-жумур болуп оңолуп кеткен. Күч менен же бир жак күчтүү, бир жагы күчсүз дегенде абал оңолбойт. Эл арасында көбүрөөк мамиле болгондо тез оңолуп кетет эле.

Диний эксперттер элдин диний сабатсыздыгын жоюп, ислам негиздери жөнүндө маалымат таратуу зарылдыгын белгилешти. Деген менен Кыргызстандын булуң-бурчунан чагымчылдыкка алдырбай, сабырдуулукка чакырыктар арбын айтылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG